Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Сот аткаруу кызматы Ак-Ордодогу мыйзамсыз делген үйлөрдү бузуу боюнча маалымат берди

Башкы прокуратуранын Сот аткаруучулар кызматы Бишкектин четиндеги Ак-Ордо конушунда үйү буздурула турган жарандардын нааразылыгына байланыштуу маалымат берди. Мекеме билдиргендей, 21-апрелде кызматкерлер ал жерге мажбурлап аткаруу (бузуу) тууралуу соттук акт мыйзамдуу күчүнө киргендигине байланыштуу барышкан жана тиешелүү эскертүү тургундарга үч күн мурда берилген.

Маалыматта айтылгандай, Бишкектин Ленин райондук соту мыйзамсыз курулуштарды бузуу тууралуу чечим чыгарган, 4-мартта К. уулу Н. жана И. Р. аттуу эки тургунга ал чечимди аткаруу сунушу берилген, бирок алар аны аткарган эмес.

Мажбурлап буздуруу тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмү, Саламаттыкты сактоо министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) жана Сокулук райондук электр тармактары кабардар кылынганы айтылды.

Мекеме ишин "Сот аткаруучулардын макамы жана аткаруу өндүрүшү жөнүндө" мыйзамдын 100-беренесине ылайык жүргүзөрүн, жогоруда аталган дарекке атайын техника тартылганын, медициналык жардам көрсөтүү үчүн тез жардам кызматы, ал эми коомдук тартипти сактоо үчүн Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери иштеп жатканын кошумчалады.

Ошону менен катар бүгүнкү күндө мыйзамсыз курулуштарды сүрдүрүү тууралуу көп жылдан бери аткарылбай келаткан жалпысынан 129 иш бар экенин, анын баары көзөмөлгө алынганын, эгер соттун чечимин аткарууга каршылык көрсөтүлө турган болсо материалдар кылмыш ишин козгоого ички иштер органдарына өткөрүлүп берилерин эскертти.

Бишкектин Ак-Ордо-3 конушунун жашоочусу үйүн бузууга келген сот аткаруучулардын көзүнчө өз өмүрүнө кол салганы тууралуу видео 21-апрелде тараган. Бул тууралуу Бишкектин тегерек-четиндеги конуштарда салынган үйлөрдү документтештирүү иштерине аралашкан активист Мирбек Осмонов Фейсбук баракчасына жазган.

Анын "Азаттыкка" ырасташынча, бүгүн, 21-апрелде сот аткаруучулар айыл чарба багытындагы жерлерге салынып калган деген төрт үйдүн жашоочуларын чыгарууга аракет кылууда.

Осмонов Ак-Ордо-3 конушунун №498 контурундагы төрт үйгө байланыштуу иш учурда административдик сотто каралып жатканын, ошол себептүү бузуу иштерин токтотуп турууну өтүнүшкөнүн билдирген.

Бишкектин Ак-Ордо конушунун айрым тургундары былтыр октябрда мыйзамсыз курулган деген негизде турак жайларын бузууга эскертүү берилгенине даттанып чыгышкан. Ал тапта Бишкек мэриясы мыйзамсыз курулуштарды бузууну убактылуу токтоткондугун жарыялаган. Буга чейин Чүй облусунда, Бишкек менен Ош шаарларында “кызыл сызыкка” чыгып кеткен, мыйзамсыз салынган делген курулуштар бузулуп, нааразылык чыккан учурлар катталган. (RK)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus