"Жалал-Абад" эл аралык финансы борборун түзүү мыйзам долбоору парламентте колдоо тапкан жок
"Жалал-Абад" эркин экономикалык аймагынын ичинде "Жалал-Абад" финансы борборун куруу тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште артка кайтарылды. Парламенттин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү комитети 21-апрелде “Жалал-Абад эл аралык финансылык борбору” эркин экономикалык зонасын түзүү жөнүндө” мыйзам долбоорун кайра иштөөгө жиберди.
Документ комитеттин экинчи окуудан кароосуна киргизилген. Бирок комитет төрагасы Жаныбек Абиров долбоор биринчи окууда Министрлер кабинетинин каршы пикирин жаратып, кайра иштөөгө жиберилгенин белгилеп, азыркы редакциясын да четке кагууну сунуштады.
"Иштеп чыккандан кийинки редакциясын да Министрлер кабинети жактырган жок, ошондуктан, бул редакциясында да кароодон алынсын. Иштеп чыгуууга жиберилсин", - деди Абиров.
Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү сунушту колдоду.
Мыйзам долбоорун 2024-жылы Жогорку Кеңештин мурунку чакырылышындагы депутаттар демилгеленген. Авторлор мыйзам аймакты өнүктүрүүнү тездетерин, эркин экономикалык аймакта финансы, камсыздандыруу, брокерлик жана башка кызматтарды көрсөткөн компаниялар иштөөсүнө мүмкүнчүлүк түзүлөрүн белгилешкен.
Долбоордо "Жалал-Абад" финансы борбору шаар чегинде жайгашып, өзүнүн аймагы, бюджети жана башкаруу органы болору жазылган. Аталган борбор аймактын экономикасын өнүктүрүүгө, инвестиция тартууга, экспортту көбөйтүүгө, Манас шаарын ишкерлик борбору катары өнүктүрүүгө, иш орундарын түзүүгө жана башка эл аралык стандарттарга жана тажрыйбаларга негизделген финансы жана адистик кызматтарды көрсөтүп, эл аралык финансы борбору катары калыптанууга милдеттендирери белгиленген.
Жалал-Абад шаарынын аталышы 2025-жылы сентябрь айында Манас шаары болуп өзгөртүлгөн.(ZKo)