Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Трамп Исламабадда тынчтык келишими түзүлүшү ыктымалдыгын айтты

Американын вице-президенти Жей Ди Вэнс башында турган америкалык делегация Пакистанга Ирандын өкүлдөрү менен сүйлөшүү үчүн Пакистанга жөнөп кетти. Бул тууралуу The New York Post басылмасына курган маегинде АКШ президенти Дональд Трамп айтты. Ал кошумчалагандай делегация "жакынкы сааттарда" Исламабадга конот.

Трамп FoxNews телеканалына курган маегинде бүгүн эле тынчтык келишими кабыл алынышы ыктымал экенин белгиледи.

Иран тарап болсо Исламбаддагы сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасына катышар-катышпасын дагы дале ырастай элек. Ирандын Ички иштер министрлигинин өкүлү Эсмаил Багаи 20-апрелдин таңында Тегерандын сүйлөшүүлөргө катышуу планы жок экенин билдирген.

22-апрелде Пакистандын ортомчулугу менен келишилген эки жумалык жарашуунун мөөнөтү аяктайт.

11-апрелде Исламабадда көп жылдардан бери алгачкы жолу Кошмо Штаттар менен Ирандын ортосунда түз сүйлөшүүлөр эки жумалык ок атышпоо жарыялангандан кийин болгон. Тараптар анда мунасага келе алган эмес, бирок акыркы күндөрү жаңы жолугушууга даярдык туралуу маалыматтар пайда болгон.

Быйыл 28-февралда Израил менен АКШ Иранга сокку уруп, Тегеран ага жооп кайтарып Перс булуңундагы америкалык базалар жайгашкан өлкөлөргө сокку ура баштаганда дүйнөлүк мунай жана газдын 20% ашууну ташылган Ормуз кысыгын жаап койгон. Бул дүйнөлүк рынокто мунайдын кымбатташын шарттады.

Тегеран 17-апрелде элдешүү маалында коммерциялык танкерлер үчүн Ормуз ачылганын маалымдап, кийинки күнү Ирандын портторун АКШнын курчоого алуусу уланып жаткандыктан, кысыкта аскердик көзөмөл калыбына келтирилгенин айткан.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus