Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Бишкек–Ош аба каттамынын кымбаттыгы тууралуу маселе парламентте да көтөрүлдү

Бишкек–Ош багытындагы аба каттамынын белет баасы кымбаттыгына нааразылык көп айтылып жатканы боюнча маселени Жогорку Кеңештин депутаты Уланбек Жаанбаев айтып чыкты.

Депутат 21-апрелде Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү комитетинин отурумунда Монополияга каршы тескөө кызматынын өкүлүнө кайрылып, белет баасын көзөмөлдөөнү талап кылды.

"Каттамды бир-эки компания ээлеп алып, монополия кылып жатышат. Башка авиакомпанияларды киргизбейт экен. Ош-Бишкек каттамындагы самолеттун белет баасы 8,5-9 миң сомго чыгып жатат. Күн сайын 5-6 каттам болсо да белет кымбат. Башка аймактарга баа бекитилип берилген. Эмне үчүн Ошко андай баа коюлган жок? Эмне себептен?" - деген суроо койду депутат.

Монополияга каршы тескөө кызматынын өкүлү депутатка жооп кылып, учурда Бишкек–Ош каттамында беш авиа компания кызмат көрсөтүп жатканын билдирди. Белет баасы 3,5 миң сомдон 6 миң сомго чейин сатылып жатканын айтты:

"Беш авиа компания: "Асман эйр", "Авиа траффик", "Тез жет", "Номад" жана "Скай фул" деген компаниялар Ошко учат. Белет баалары болсо - "Авиа траффик" 4400 сомдон 5500 сомго чейин, "Тез жет" 3700-7550 сом, "Асман эйр" 4500-5500, "Номад" 3500 сом, ал эми "Скай фул" 6100 сомдон учуп жатыптыр. Биз азыр иликтеп баштадык, эртең баалар боюнча алар менен сүйлөшөбүз".

Монополияга каршы тескөө кызматынын өкүлү авиа тармагында баалар эркин болгондуктан мамлекет баа саясатына кийлигише албасын кошумчалады. Анын сөзүнө караганда, аба компаниялардын ишин Жарандык авиация агенттиги жана Транспорт министрлиги көзөмөлдөйт.

Жаңы жылдын алдында президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Аскат Алагөзов 2026-жылдан тартып көпчүлүк аймактарга ички аба каттамдардын билет баасы арзан жана туруктуу болорун жарыялаган. Алагөзов бул президенттин жеке колдоосу жана кубаттоосу менен өлкөнүн Турукташтыруу фондунун дотацияларынын алкагында ишке ашарын билдирген.

Мамлекеттик авиакомпаниянын ишке кириши менен билет арзандай турганы айтылганы менен баага байланыштуу жарандардын нааразылыгы улам көтөрүлүп келет. (ZKo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus