Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Маматалиев Германиядан мигранттар үчүн көбүрөөк квота берүүнү сурады

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Германиянын бийлигинен Кыргызстандын жарандарына окууга жана иштөөгө көбүрөөк орун берилүүсүн сурады.

Төрага бул маселени Берлиндеги иш сапары учурунда Саксониянын Германиядагы туруктуу өкүлү Маркус Франке менен жолугушкан учурда көтөрдү. Жолугушууга ошондой эле Германиянын мамлекеттик катчысы, Бундесраттын аппарат жетекчиси Уте Реттлер, Түндүк Саксония округунун башчысы Кай Эмануэл жана башка расмий өкүлдөр катышты.

Марлен Маматалиев Кыргызстан Германиянын федералдык аймактары менен кызматташууга өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи. Аймактагы Дрезден, Лейпциг, Хемниц университеттери жана Фрайберг тоо академиясы сыяктуу жогорку окуу жайларында кыргызстандык жаштардын билим алуусуна жана ошондой эле жогорку технологиялык ишканаларында жарандардын иштөөсүнө мүмкүнчүлүк берүүнү сурады.

“Кыргызстандык 100 окуучуну окутууну, 100 мугалимдин квалификациясын жогорулатууну, Саксониянын жогорку технологиялык ишканаларында иштөө үчүн 100 орунга чейин квота бөлүүнү, ошондой эле аталган университеттерде магистратура үчүн 100 орун берүүнү сунуштады”, - деп жазылган парламенттин маалыматында.

Маматалиев мындан тышкары Кыргызстанда инвестициялык климатты жакшыртуу жана чет элдик инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча ырааттуу чаралар көрүлүп жатканын белгилеп, Саксониянын бизнес коомчулугун Кыргызстанга инвестиция салууга чакырды.

Төрага ошондой эле эки жыл мурун Кыргызстандын Ысык-Көл облусу менен Саксония округунун ортосунда кызматташуу меморандумуна кол коюлганын эске салып, аны ишке ашыруу зарылдыгын сунуштады.

Саксония федералдык аймагынын өкүлү Маркус Франке Кыргызстан менен кызматташуу артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин билдирди. Ишкердик, маданий кызматташтык эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык жана гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн маанилүү кадам болорун айтты. Кыргызстан менен Германиянын шаарларынын ортосунда боордоштук байланышты алдыга жылдырууга даяр экенин билдирди.

Орусиядагы мигранттарга мамиле катаалдашкандан бери кыргызстандык мигранттар Европа өлкөлөрүнө иштегени көбүрөөк агыла баштаган. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий маалыматы боюнча 608 миңден ашуун кыргызстандык жаран чет өлкөлөрдө миграцияда жүрөт, анын ичинен 376 миңи Орусияда миграциялык каттоого алынган. (ZKo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus