Президент Жапаров Зулушевди рейдерликке айыптаган жарандын дооматын иликтөөнү тапшырды
Президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) экс-депутат, экс-баш прокурор Курманкул Зулушевди рейдерликке айыптаган жарандын дооматын текшерүүнү тапшырды.
Мамлекет башчы Ош облусуна сапарынын алкагында 14-апрель күнү Өзгөн районунда эл менен жолугушуп, арыз-дооматтарын уккан. Жолугушуу учурунда райондун Дөң-Булак айылынын тургуну, өзүн "Бал-Көчөт" акционердик коомунун жетекчиси Аттокур Бусурманкулов деп тааныштырган жаран "1991-жылы түзүлгөн акционердик коомуна караштуу жерди жана мүлктөрдү Курманкул Зулушев командасы менен чогуу тартып алганын" айткан.
"2021-жылга чейин иштедик. 2021-жылы сиздин айланаңыздагы - бийликтеги Курманкул Зулушев баш болгон команда рейдерлик жол менен басып алган. 40 гектар көп жылдык бак, курулуштар жана башка мүлктөрүбүздү", - деди Бусурманкулов.
Президент Садыр Жапаров ошол эле жерден УКМК төрагасынын орун басары Алишер Эрбаевге маалыматты текшерүүнү тапшырды.
Зулушев өзү жана жакындары бул боюнча комментарий бере элек.
Курманкул Зулушев 2020-жылдан 2024-жылга чейин башкы прокурор болуп иштеген. 2025-жылы парламенттик шайлоодо Өзгөн шайлоо округунан утуп келип, Жогорку Кеңеште депутат, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетин жетектеп турган. 13-мартта мандатын өз арызы менен тапшырганы кабарланган.
Зулушев коомчулуктун калың катмарына 2013-жылы Бишкек шаардык сотунун судьясы болуп турганда таанылган. Ошол жылы ал төрагалык кылган, үч судьядан турган коллегия ошол кездеги “Ата Журт” фракциясынын үч депутаты - Садыр Жапаровду, Камчыбек Ташиевди жана Талант Мамытовду оор беренелер менен козголгон кылмыш ишинде актаган. Андан кийин кызматтан алынган.
Президент Садыр Жапаров 2026-жылы 10-февралда Камыбек Ташиевди УКМК төрагалыгынан бошоткон. Коомчулукта буга президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү тууралуу 75 адамдын колу коюлган кайрылуусу негиз бергени айтылган. Көп өтпөй кайрылуу боюнча беш киши кармалып, камакка алынган.
Жогорку Кеңештин ондон ашык депутаты мандаттарын тапшырган. (ZKo)