Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Вашингтондо АКШ - Кыргызстан кызматташуусун өнүктүрүү талкууланды

АКШ менен Кыргызстан саясий, экономикалык жана коопсуздук тармактарында кызматташууну өнүктүрүүнү улантууну макулдашты. Мындай билдирүү АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча жардамчысы Пол Капур менен Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакировдун жолугушуусунан кийин Мамдепартаменттин сайтында жарыяланды.

Маалыматка караганда, Вашингтондо АКШ–Кыргызстан ортосундагы эки тараптуу кеңешүүнүн кезектеги айлампасы ийгиликтүү жыйынтыкталды.

Эки тарап ошондой эле C5+1 дипломатиялык платформасынын алкагында аймактык кызматташууну күчөтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Кошмо Штаттар Кыргызстанды Бириккен Улуттар Уюму жана Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму алкагындагы реформаларды колдоого чакырды.

Андан тышкары Вашингтон эки өлкөнүн ортосундагы соода байланыштарынын өсүп жатканын кубаттап, расмий Бишкекти кошумча экономикалык реформаларды ишке ашырууга үндөдү.

Делегациялар ошондой эле миграцияны көзөмөлдөө боюнча кызматташууну кеңейтүү жана коопсуздук жаатындагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүү жолдорун талкуулашты.

АКШ Кыргызстандын эгемендүүлүгүн, көз карандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн колдоорун ырастап, быйыл өз ара өнүгүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачыларына үмүт артарын билдирди.

АКШ Кыргызстандын эгемендигин биринчилерден болуп тааныган мамлекет. Стратегиялык кызматташтык келишимине 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган.

2015-жылдын 21-июлунда кыргыз бийлиги стратегиялык келишимден бир тараптуу чыгып кеткен.

Азырынча Вашингтон менен Бишкек жаңы келишимди даярдоо процесси уланып жатканын гана белгилеп келет.

Былтыр 6-ноябрда Вашингтондо АКШ президенти Дональд Трамп С5+1 форматындагы саммит өткөргөн. Ага Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын президенттери катышкан.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus