Италия Израил менен коргоо тармагындагы кызматташтык келишимин жаңылабайт
Италиянын өкмөтү Израил менен коргоо тармагындагы кызматташтык тууралуу келишимди автоматтык түрдө жаңылоону убактылуу токтотту. Италиянын өкмөт башчысы Жоржа Мелони бул тууралуу шейшембиде билдирди жана себеп катары Жакынкы Чыгыштагы жаңжалды атады.
Премьердин оңчул өкмөтү Тел-Авивдин Европадагы эң жакын өнөктөштөрүнүн бири болчу. Бирок акыркы жумаларда Израилдин Ливанга каршы чабуулдарын сындап келди. Апрелдин башында БУУнун Бейпилдик күчтөрүнүн курамында кызмат өтөп жаткан италиялык аскерлердин базасы соккуга учураган.
Мелони “азыркы абалда өкмөт келишимдин автоматтык түрдө жаңыланышын токтото турууну чечкенин” билдирди.
Италиянын Коргоо министрлигиндеги булактардын бири муну менен эки өлкөнүн аскердик даярдык жаатындагы кызматташтыгы токтоорун айтты.
Италиянын маалымат каражаттары жазгандай, коргоо министри Гвидо Крозетто келишимди жаңылануунун токтотулушу тууралуу катты Израилдин коргоо министрине жөнөттү.
Израилдин Тышкы иштер министрлиги Рейтер агенттигинин комментарий берүү өтүнүчүнө жооп кайтара элек.
АКШ менен Израил 28-февралда Иранга абадан сокку ура баштаганда, Тегеранга ыктаган ливандык «Хезболла» согушкер тобу Израилди ракета менен аткылап баштаган. Андан бери израилдк армия (ЦАХАЛ) дээрлик күн сайын Ливанды бомбалап келатат.
Ливандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, ЦАХАЛдын соккуларынан каза болгондордун саны 2050дөн ашты. Алардын арасында 165 бала жана 80ден көп медицина кызматкери бар.
Тел-Авив менен Вашингтон Тегеран менен жетишилген ок атышпоо макулдашуусуна Ливан камтылбаганын айтса, Иран муну четке кагууда.