Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Медиа: АКШ–Иран сүйлөшүүлөрүндө уран байытууга мораторий талаш жаратты

Wall Street Journal жана New York Times гезиттери жазганына караганда, АКШ менен Ирандын Исламабаддагы сүйлөшүүлөрү уран байытууга салынган тыюунун мөөнөтүнө байланыштуу туңгуюкка такалды. Басылмалар америкалык расмий адамдарга шилтеме менен Вашингтон уран байытууга 20 жылдык мораторий киргизүүнү көздөйт деп маалымдашты. Бул үчүн АКШ Ислам жумуриятына салган санкциялар жумшартылмакчы.

New York Times Ирандын делегациясы 5 жылдык мораторий сунуш кылганын кошумчалайт.

Бул маалыматты эки тараптын расмий өкүлдөрү бышыктаган да, комментарий жасаган да жок.

13-апрелде Израилдин премьери Биньямин Нетаньяху билдиргендей, АКШнын делегациясын Пакистанга баштап барган вице-президент Жей Ди Вэнс Ирандын 60% байытылган уранды өткөрүп берүүсү Трамп үчүн “маанилүү маселе” деп айтты.

Нетаньяху Трамп “жакынкы жылдары, атүгүл он жылдыктарда Иран уранды байытпайт” деген кепилдик алууну көздөйт деп кошумчалады.

АКШ менен Израил Ислам жумурияты атомдук куралга умтулуп жатканын айтып, былтыр июнда ал өлкөнүн тиешелүү жайларына сокку урган. Быйыл 28-февралда башталган чабуулдун максаттарынын бири да Ирандын уран байытуу жана баллистикалык ракеталарды өндүрүү дараметин алсыратуу деп аталган.

Тегеран өзөктүк программасы жай турмуш максаттарын гана көздөрүн билдирип келет.

Уран байытуу курал жасоодо да, жарандык атомдук энергетикада да колдонулат.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus