Мы в Telegram
Добавить новость

92-летний красногорец стал участником марафона скандинавской ходьбы

АКРА подтвердило наивысший кредитный рейтинг Москвы

Российско-китайские деловые встречи прошли в Доме Нижегородской области в столице

Экскурсия на ретротрамвае пройдет в столице 31 мая



World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Мадумаровдун камалышы: "Бүтүн Кыргызстан" комиссия түзүүнү сунуштайт

Мадумаровдун камалышы:

Жогорку Кеңештеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясы лидери Адахан Мадумаровдун камалышынын мыйзамдуулугун териштирүү үчүн депутаттык комиссия түзүүнү сунуштайт. Бул тууралуу аталган фракциянын депутаты Эмил Токтошев 6-сентябрда маалымат жыйында билдирди. Анда Мадумаровдун камоо мыйзам бузуу менен коштолгонун айтты.

Ушул жылдын июнь айында парламент "Бүтүн Кыргызстандын" лидерин "кызмат абалынан кыянат пайдалануу" беренеси менен жоопко тартууга макулдук берген.

Парламенттин жалпы жыйынында Адахан Мадумаровдун камалышына байланыштуу анын фракциялашы, депутат Гуля Кожокулова билдирүү жасады. Ал камоо бир катар мыйзам бузуулар менен коштолгонун айтып, парламент Мадумаровду жоопко тартууга макулдук берген маалдагы берене өзгөрүп кеткенин сынга алды:

"2022-жылы мартта Башкы прокуратура "мамлекетке чыккынчылык" деген берене менен Мадумаровду жоопко тартуу тууралуу сунуш киргизгенде, биз андан баш тартканбыз. Парламент Мадумаровду жоопко тартууга макулдук берген эмес. Жарым жылдан кийин эле жаңы сунуш киргизилген. Ал жерде таптакыр башка берене болгон. Аны депутаттык комиссия караган. Парламент аны "кызмат абалынан кыянат пайдалануу" беренеси менен жоопко тартууга макул болгон. Ал жерде "мамлекетке чыккынчылык" тууралуу маселе болгон эмес. Депутатка башкы прокурор гана айып коё алат. Ал болсо өзүнүн орун басарына дайындап коюптур. Таптакыр башка айып тагылды. Мадумаровдун ордунда ар бириңер болуп калышыңар мүмкүн. Башкы прокурор алгач башка берене менен жоопко тартуу тууралуу сунуш менен келип, кийин кааласа "коррупция", "адам өлтүрүү" деген беренелерди деле кошуп коё алат экен да".

Кожокулова Мадумаровду жашы жете элек баласын жетелеп жүргөн жеринен күч менен кармап кеткен жагдайга токтолду. Тергөө органдары менен кызматташууга даяр болгонун, бул ишке чекит коюлушун күтүп жүргөнүн белгиледи:

"Укук коргоо органдары уюшкан кылмыш топторунун мүчөлөрүн кармаганда деле алардын балдарына, аялына тийбейт, кармабайт. Мадумаров жашы жете элек баласын жетелеп жүргөн маалда атайын бөлүктүн кызматкерлери кармап кеткенин кандай түшүнсө болот? Баланы колго түшкөн адам катары Тергөө кызматында үч саат кармагандын өзү бул нормалдуубу? Менимче, бул төбө чачты тик тургузган факт. Мадумаров эмгек өргүүсүндө жүргөндө бир дагы жолу суракка чакырылган эмес. Бир дагы жолу телефондон чакыруу болгон эмес. Эки айдан бери Мадумаров Бишкектен эч кайда чыккан эмес. Ал тергөөчүлөрдү күтүп, иштин башталышын күтүп отурган. Ал ушул жерден дагы бир канча жолу бул ишке чекит коюлушу керектигин айтып келген. Ал тергөө органы менен кызматташууга даяр болчу. Ал жоопкерчиликтен качкан эмес".

Гуля Кожокулова парламенттин жыйынынан кийин журналисттер үчүн маалымат жыйын өткөрүп, "Бүтүн Кыргызстан" оппозициялык фракция бойдон кала берерин дагы бир жолу белгиледи. Өз пикирин билдирип чыккандарга куугунтук токтотулушу керектигин айтты. Мадумаров менен азыр адвокаты гана жолугуп жатканын, анын саламаттыгына байланыштуу маселе бар экенин белгиледи. Жактоочусу Мадумаровдун бөгөт чарасын өзгөртүүгө байланыштуу шаардык сотко кайрылганын маалымдады.

"Бүтүн Кыргызстан" фракциянын дагы бир депутаты Эмил Токтошев Жогорку Кеңештин 7-сентябрдагы жыйынында Мадумаровдун камалышынын мыйзамдуулугун териштирүү үчүн депутаттык комиссия түзүү сунушталарын билдирди. Аталган фракциянын жыйынына күч органдарынын өкүлдөрү чакырылып, маалымат алынарын кошумчалады:

"Демократиялуу өлкөбүз дегенден кийин ар бир жаран сын айтууга, пикирин билдирүүгө укугу бар. Биздин лидерибизди камоодогу мыйзам бузуулардын тергелишин талап кылабыз. Адахан Мадумаов - жөнөкөй саясатчы эмес, ал оппозициянын лидери. Ошондуктан ага карата козголгон кылмыш ишин саясий иш деп эсептейбиз. Биз мыйзамдуулукту талап кыларыбызды бир канча жолу билдирип жатабыз. Анын кармалышы, ишинин тергелиши мыйзамдуу болушун талап кылабыз".

Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Шакиев Мадумаровдун камалышы тууралуу укук коргоо органдарынын жетекчилери менен сүйлөшкөнүн, иштин мыйзам чегинде териштирилишин талап кыларын билдирди.

Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары Мадумаров тууралуу комментарий берүүдөн баш тартышты. Сүйлөп берүүгө көнгөн депутат Акбөкөн Таштанбеков иш сотко жеткенде көп нерсе анык болот деген оюн айтты:

"Бул иши акыры сотко барат да. Сотко баргандан кийин баары ачыкка чыгат. Сот жабык өткөндө деле Мадумаров, анын адвокатына дайын болот. Ошондо Мадумаровго каршы күбө болгондорду дагы билесиңер. Азыр бир нерсе деп айтыш өтө кыйын. Бирок, менимче, азыр жөндөн-жөн жерден бирөөнү камоо өтө кыйын. Демек, кимдир бирөөлөрдүн көрсөтмөлөрү, кагаздар бар. Эмне дегенде протоколду баарыбыз эле билебиз. Бирок протоколго эмне себептен кол койгон деген сөз болуп жатат да".

Мадумаровду Бишкекте 2-сентябрда ал жашы жете элек уулун жетелеп жүргөн жеринен милициянын атайын даярдыктагы бөлүгүнүн кызматкерлери кармап кеткен. Биринчи Май райондук соту ошол күнү бөгөт чарасын карап, аны 24-октябрга чейин атайын кызматтын тергөө абагында калтырган.

Жогорку Кеңеш июнда Башкы прокуратуранын Мадумаровду 2009-жылы ал Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турганда кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго кол койгону үчүн жоопко тартуу боюнча сунушуна макулдук берген. Анда “кызматтык укугунан аша чабуу” деген берене менен айып коюлган.

"Бүтүн Кыргызстандын" лидерин Кемпир-Абад маселесинен улам жоопко тартуу сунушу четке кагылган.

Мадумаров чек ара протоколуна байланыштуу коюлган айып-дооматты четке кагып келет. Ал мындан 14 жыл мурда Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турганда Ош - Баткен - Исфана жолун оңдоого жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы беш гектар жерди тажик тараптан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча протоколго кол койгонун билдирген. Бул документ юридикалык күчкө ээ эмес экенин белгилеген.

Мадумаров сөз болгон протоколго байланыштуу былтыр жыл башынан тартып күбө катары сурак берип жүргөн.

Президент Садыр Жапаров былтыр жыл башында “Вечерний Бишкек” басылмасына курган маегинде 2009-жылы Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча кол коюлган протоколду “чыккынчылык” деп атаган.

Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев Мадумаров кармалган маалда Фейсбуктагы баракчасына "мамлекетке чыккынчылык кылгандарга аёо болбойт" деп билдирүү жазган.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Юные туляки стали лучшими на первенстве России по карате спорта глухих

В плюсе. Доходы Тверской области выросли, а госдолг стал меньше

Опять "Садовод": афганец, напавший с ножом на девушку, работал на рынке

Юрист не исключил ответственности для водителя авто за ДТП с самокатом в Москве

Музыкальные новости

Замгубернатора Томской области по экономике Потемкин высказался о гибели президента Ирана

Куклы Ульгэра учат детей и подростков ПДД: Россия, Культура, Театр и Дети

Белоусов собирает новую команду в Минобороны: Ждать ли возвращения Суровикина?

Россия, Культура, Театр и Дети - о ПДД детям показали артисты постановку в театре кукол Ульгэр в Бурятии

Новости России

Опять "Садовод": афганец, напавший с ножом на девушку, работал на рынке

Ефимов: шестиполосный тоннель под МКАД готов на 80%

Блинкен заявил, что народ Ирана выиграл от гибели президента Раиси

Юные туляки стали лучшими на первенстве России по карате спорта глухих

Экология в России и мире

Мистический Тибет: путеводитель по местам силы от Кажетты Ахметжановой

Азербайджанцев оправдали за убийство спортсмена Евгения Кушнира в Самарской области. Делом заинтересовался глава Следкома РФ А. Бастрыкин

Лукашенко лоббирует интересы Алиева по изоляции Армении

Вкусно и безопасно: гастроэнтеролог Садыков назвал 5 продуктов, снижающих холестерин

Спорт в России и мире

Теннисист Медведев потеряет место в рейтинге ATP

Российский теннисист Медведев опустится на строчку в рейтинге ATP

Рыбакина узнала свое место в новом мировом рейтинге

Потапова проиграла на старте турнира WTA-500 в Страсбурге

Moscow.media

Чесменская церковь.Санкт-Петербург

Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)

АО «ДиМ» демонтировало 40% старого путепровода над железнодорожными путями

ТСД SAOTRON RT-T50: высокопроизводительный терминал сбора данных промышленного класса











Топ новостей на этот час

Rss.plus






В плюсе. Доходы Тверской области выросли, а госдолг стал меньше

Паралимпиец из Звенигорода примет участие в международных соревнованиях

Ефимов: шестиполосный тоннель под МКАД готов на 80%

Путин назвал президента Раиси надежным партнером России