Пакистандын түндүк-батышында жанкечти уюштурган жардыруу үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна "Ислам мамлекети" радикал тобу алды. Бул тууралуу уюм Телеграм аркылуу 31-июлда билдирди.
Ооганстан менен чектешкен Хайбер-Пахтунхва провинциясындагы Бажур районунда 30-июлда болгон жардыруу 50 кишинин өмүрүн алды, жүздөн ашуун адам жаракат алды. Айрым булактар 54 киши мерт кеткенин жазып жатышат.
Бийликти колдогон "Ислам улем жамааты" диний партиясынын жыйыны өтүп жаткан маалда жанкечти өзүн жардырып жиберген. Дал ошол маалда партиянын лидерлери сүйлөп жаткан. Алар жабыркаган эмес.
Бул аймакты ашынган динчил "Техрик-е-Талибан" кыймылы байырлап келген. Акыркы жылдары өкмөттүк күчтөр бул регионго көзөмөлдү күчөткөн.
Кол салуу жыл соңунда өтчү шайлоону утурлай коопсуздук боюнча тынчсызданууларды күчөттү.
Пакистанда саясий митингдер маалында "террактар" буга чейин деле болуп келген, бирок соңку окуяда адамдар көп набыт болуп, жараат алды.