Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде белгилүү тарыхчы Кыяс Молдокасымовдун 60 жылдыгына арналган симпозиум өттү. Иш-чаранын алкагында тарыхчынын илимдеги эмгегине арналган "Изгилик" аттуу даректүү тасманын жана"Кыяс: алтымыштын белесиндеги белек" аттуу китептин бет ачары да болду. Илимпоз учурда байыркы кытай жазма булактарынан табылган кыргыз тарыхы тууралуу жаңы маалыматтардын үстүнөн иштеп жатат.