Мы в Telegram
Добавить новость

Яхтсмен из Московской области стал победителем этапа Кубка России

Холодный атмосферный фронт подходит к Москве

Аналитик рассказал о плюсах и минусах системы «умный дом»

Девушка сбила 13-летнего ребенка на улице Фестивальной



World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Бийлик "караларды" кантип ооздуктайт?

Коомдун үрөйүн учуруп, өлүм менен аяктаган Оштогу криминалдык таасир талаштан кийин Ички иштер министрлиги Бишкекте атайын маалымат жыйынын өткөрүп, кылмыш дүйнөсүнө каршы күрөш күчөп жатканын билдирди. ИИМ жакын арада жаңы мыйзам долбоору талкууга коюларын да жарыялады.

"Күч жетиштүү. Күрөштү күчөтөбүз"

16-январда ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев ​Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдиргендей, бүгүнкү күндө 1199 адам уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары милициянын каттоосунда турат. Алар кримтөбөлдөр Камчы Көлбаев, Азиз Батукаев жана Алмаз Бокушевдин тобуна киргендер. Министрдин орун басары кылмыштуу топторго каршы күрөш күчөгөнүн айтты.

“Биздин күч жетиштүү. Криминал көбөйүп кетти деген туура эмес. Акыркы убакта ИИМ, УКМК аткарып аткан иштерден улам кылмышкерлердин саны өсүп аткандай көрүнөт. Бирок андай эмес. Биз бардык уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн көзөмөлдөп, майда, мурдагы иштер болсо да кылмыш жообуна тартып атабыз. Күрөш буга чейин да болуп келген. Бирок акыркы убактарда талап күчөп атат”.

Абдиев былтыр уюшкан кылмыштуу топтун 153 мүчөсү кармалганын, алардын 17инин криминалдык чөйрөдө өзгөчө макамы бардыгын кошумчалады. Арасында адам өлтүрүү, карактоо, баңгизат сактоо сыяктуу оор кылмышка баргандары көп. Кармалгандардан алты "Макаров" тапанчасы, эки Калашников автоматы жана башка курал-жарак алынган.

Министрдин орун басары криминал менен күрөштү күчөтүү үчүн жаңы мыйзам долбоору даярдалып жатканына да токтолду.

“Жакында коомдук талкууга чыгарабыз. Ушул болуп аткан окуялар эске алынат. Жоопкерчилик күчөтүлөт. Мисалы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү мунапыска илинбейт. Уюшкан кылмыштуу топтун катарына кошулгандардын ар биринин жоопкерчилиги болот”.

ИИМ жетекчилигинин журналисттерди чогултуп, өлкөдөгү криминогендик абал боюнча маалымат берип жатышына Ош шаарындагы окуя себеп болду.

12-январда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү бири-бирине кол салып, бир адам каза таап, экинчиси оор абалда ооруканага түшкөн. Алардын баары уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары милициянын "кара тизмесинде" турганы маалым болду.

"Саясий эрк керек"

Кыргызстанда криминалдын таасири күч алып, алар саясий окуяларга чейин аралаша баштаганы жашыруун эмес. Муну Абдиев да жокко чыгарган жок. "Айрым ишкерлер, саясатчылар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен мамиледе болуп, аларды каржылап, чогуу ишкердик жүргүзүп жатканы боюнча маалыматтар бар” деди ал. 

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, милицияда 30 жылдай эмгектенген Туратбек Мадылбеков өлкө эгемендикке ээ болгондон кийин уюшкан кылмыштуу топтордун таасири кантип күч алганын, ага мисал деп өз башынан өткөргөн бир окуяны эске салды:

“2010-жылы шаардык милицияны жетектеп турганда Алмамбет Анапияевди кармап келгенбиз. Анткени анын балдары Бакиевдин учурундагы шайлоо учурунда "Ата Мекен" партиясындагыларды кармап, машинелерин талкалаган эле. Ошондо Алмамбет Анапияев “Туратбек Мадылбекович, бизге да жашоо керек. Ошон үчүн бийлик менен кызматташабыз. Өзүбүздүн ишти да кылабыз. Берген буйруктарын аткарабыз. Азыр бийликке силер келдиңер, эми силер менен иштейбиз” деп айтып берген. Ошол жылдары уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү сыртка чыгып кеткен. Калганын камаган болчубуз. Бирок эки-үч жылдан кийин эле кайтып келишти”.

Уюшкан кылмыштуу топ менен күч органдарынын байланышын жакында эле Кочкор менен Сузакта болуп өткөн окуя далилдеп тургансыйт. Анда "криминал менен кызматташты" деген айып менен бир нече милиция кызматкери кармалган.

Кыргызстанда кримтөбөлдөрдүн кылмыш жоопкерчилигинен кутулуп кеткен учурлары көп эле кездешет. Ошол эле Оштогу кандуу окуяны уюштурду делген “Женго” аты менен таанымал Кадыр Досонов 2010-жылдан бери 10 жолу соттолуп, бирок абакта узак мөөнөткө отурган эмес. Ага “адам өлтүрүү”, "адам уурдоо", “карактоо”, “маңзат соодасы” сыяктуу оор айыптар тагылганы менен дайыма мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгып кетип турган. Акыркы жолу 2021-жылы кармалып, бир жылдан соң акталган эле.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев криминалга каршы күрөш бийликтин саясий эркинен көз каранды экенин белгиледи:

“Бүгүнкү күндө Кыргызстанда криминалдын таасири бар. Анткени бийлик өзүнүн атаандаштарын коркутуу, жок кылуу үчүн уюшкан кылмыштуу топторду колдонуп келген. Ушундан улам аларга милдеткер болуп калышкан. Алардын тамырын кыркып, түп тамыры менен жоготуп коюу үчүн бир эле нерсе керек. Бул – саясий эрк. Эгерде жогорку жактагыларда, күч органдарынын башчыларында саясий эрк болсо, бир аптанын ичинде тартипке салса болот. Ошондо жетишкени сыртка качып, калганы болсо камалат. Буга саясий эрк гана жетиштүү”.

Буга чейин УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев уюшкан кылмыштуу топтор боюнча бир нече жолу билдирүү жасап, бийлик криминалды баш көтөргүс кыларын айткан эле.

Бир кишинин өлүмү менен аяктаган Оштогу таасир талаш боюнча Досонов баш болуп, анын кылмыштуу тобундагы беш адам кармалды. "Женго" соттун чечими менен эки айга камалса, калгандарынын баш коргоо чарасы аныктала элек.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

ТЁРН: Музыкальные контрасты и гармония времён

Мостовой: «Спартаку» по силам выиграть Кубок России»

В России после переизбрания Путина началась широкомасштабная зачистка чиновников. Аресты идут один за другим

Воробьев: строители пообещали благоустроить парк в Черноголовке к середине июля

Музыкальные новости

ЦСКА проиграл «Балтике» в гостевом матче 26-го тура РПЛ

Google закрыл дыру в системе безопасности Android TV

6 городов России, где можно увидеть белые ночи кроме Санкт-Петербурга

Лавров позвонил главе МИД Таджикистана. Москва и Душанбе по-разному пересказали их диалог

Новости России

Вседозволенность азербайджанской диаспоры в России или как пантюркистские националисты 29 апреля перекрыли улицу в центре Москвы

Александр Савченков и Константин Власов покидают «Динамо»

Истории развития дорожной сети Архангельской области посвятят новую выставку в краеведческом музее

Сыгравший Фиму в «Сто лет тому вперед» узнал о кастинге на свидании

Экология в России и мире

6 городов России, где можно увидеть белые ночи кроме Санкт-Петербурга

Куда поехать на майские праздники в России: топ-7 направлений

В российских регионах в 2024 году начнут работу магазины «Петербургского дизайна»

В День Медика пройдет премия в области здоровья The Medical Stars & Beauty Awards

Спорт в России и мире

Рублёв: быстрая победа над Грикспором связана с тем, что хотел быстрее уйти с корта

Андреева обыграла Паолини и вышла в 1/4 финала турнира WTA в Мадриде

Теннисист Надаль навестил в больнице 16-летнюю российскую теннисистку Корнееву

16-летняя теннисистка Андреева обновила рекорд турниров WTA-1000

Moscow.media

Франция выкупит ключевые активы IT-гиганта Atos из-за долгов

Героическое участие армян в СВО. Часть третья

Автомобили Kaiyi — с комфортом в любое путешествие

Актерское агентство Киноактер. Актерское агентство в Москве.











Топ новостей на этот час

Rss.plus






В Москве попрощались с народной артисткой РСФСР Зоей Зелинской

Сын Юрия Куклачева рассказал о состоянии отца

Истории развития дорожной сети Архангельской области посвятят новую выставку в краеведческом музее

Вседозволенность азербайджанской диаспоры в России или как пантюркистские националисты 29 апреля перекрыли улицу в центре Москвы