Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын Кара-Козу айылында жайгашкан көмүр шахтасында 19-майда 34 жаштагы адам газга ууланып каза болду.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирип, маркум Ноокат районунун тургуну экенин кабарлады. Анын сөөгү жакындарына берилди.
Кара-Козу айылында шахтада газ чыгып, анда жумушчулар калып калганы тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигине маалымат түшүп, куткаруу иштерине беш кызматкер тартылган.
2021-жылдагы маалымат боюнча Баткен облусу боюнча көмүр казууга 215 лицензия берилген. Көмүр кендеринде уулануудан же шахта урап, басып калгандан каза болгон окуялар буга чейин бир нече жолу катталган. (BTo)