Бүгүн, 10-майда Бишкектеги “Манас” кинотеатрында Кыргыз Эл акыны, Токтогул сыйлыгынын лауреаты Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгына арналган эл аралык айтыштын тандоо туру өттү.
Ага жалпысынан өлкө боюнча 42 акын катышып, 12 акын кийинки баскычка жолдомо алышты.
Алар: Абдылда Нуралиев, Сапарбек Зулпуев, Чыңгызхан Кожошев, Турат Жумаев, Акматбек Султан уулу, Асылбек Маратов, Болот Назаров, Арген Биймырза уулу, Шайлообек Отунчиев, Кутман Садыбакасов, Нурсултан Малдыбаев, Темирбек Матыбаев.
42 акындын арасындагы беш акын кыз тандоодон өтпөй калды.
Бул ирет тандоо турунда төкмө акындардын баары алым-сабак айтышты.
Анда төкмө акын эки саптан гана ыр төгүп, жанындагы жубу айткан уйкаштан чыкпай, улап ырдашы керек деген талап коюлду.
Акын Байдылда Сарноговдин 90 жылдыгына карата уюштурулуп жаткан айтыш 15-16-майда Талас шаарындагы Капар Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрында өтүп, коңшу Казакстандын да төкмө акындары катышат.
Байдылда Сарногоев 1932-жылы 14-январда Талас районунда туулган. 1951-жылы Фрунзе шаарындагы №5 орто мектепти, 1956-жылы Москва шаарында М.Горький атындагы Адабият институтун бүтүргөн. Анын биринчи ыр жыйнагы «Шумкар» деген ат менен 1952-жылы жарык көргөн.
1996-жылы казак жана кыргыз элдеринин салттарын бекемдөөгө кошкон салымы үчүн Сарногоевге Казакстан Республикасынын эл аралык «Алтын көпүрө» сыйлыгы ыйгарылып, 2000-жылы «Байдылда» аттуу жыйнагы Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгына татыган. Акын 2004-жылы 20-ноябрда 72 жашында каза болуп, сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган. (MZh)