Мы в Telegram
Добавить новость

Собянин перечислил самые популярные виды туризма в Москве

Путин проведёт последнюю встречу с уходящим в отставку кабмином

Костюмы конца XIX века покажут на выставке в Балашихе 15 мая

К 100-летию Рахимжана Кошкарбаева

World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Грузиядагы чыңалуу коштогон шайлоо

Грузиядагы чыңалуу коштогон шайлоо

Грузияда саясий чыңалуу менен коштолгон жергиликтүү шайлоолордо бийликтеги "Грузин кыялы" партиясы алдыга чыкты. Оппозициядагы "Бириккен улуттук кыймыл" марага экинчи келди. Мурдагы президент Михаил Саакашвилинин Грузияга кайтып келиши оппозиция менен бийликтин тирешин ого бетер күчөттү.

Грузияда бийликтеги партия үчүн референдум катары мүнөздөлгөн 2-октябрдагы жергиликтүү шайлоолордун жыйынтыгы эки негизги атаандаш партиянын карама-каршылыктуу билдирүүлөрү коштолуп жатат. Бул күнү Грузиянын ондогон шаардык жана райондук кеңештерине депутаттарды шайлоо болуп өттү. Ошондой эле баш калаа Тбилиси баштаган 64 шаардын мэрлери да шайланды.

Бийликтеги партия алдыга чыкты

Борбордук шайлоо комиссиясы 3-октябрда жарыялаган алдын ала жыйынтыкка ылайык, миллиардер Бидзина Иванишвили негиздеген бийликтеги "Грузин кыялы" партиясы республика боюнча добуштардын 46,68% алып, алдыга чыкты. Ал эми мурдагы президент Михаил Саакашвили түптөгөн "Бириккен улуттук кыймыл" 30,7% добуш менен марага экинчи келди. Мурдагы премьер-министр Георгий Гахариянын "Грузия үчүн" партиясы 7,8% добушка ээ болду. Мындан тышкары дагы 47 партия нөлдөн үч пайызга чейин добуш топтошту.

Кантсе да баш калаа Тбилиси, Батуми, Кутаиси сыяктуу негизги беш шаардагы мэр шайлоонун бирөөндө да бийликтеги партиянын талапкерлери 50 пайыздан жогору добуш топтой алган жок. Тескерисинче үч калаада оппозициянын талапкерлери алдыга чыкты. Эми бул шаарларда шайлоонун экинчи туру уюштурулат.

"Грузин кыялы" партиясынын Тбилисидеги талапкери, учурдагы мэр Каха Каладзе добуштардын 45 пайызын, "Бириккен улуттук кыймылдын" талапкери Ника Мелия 34 пайызын алды.

Каладзе мэр шайлоону бир тур менен бүткөрө албаганын мойнуна алып, шайлоочулардын чечимин сыйлай турганын, мындай жыйынтыкка грузин саясатындагы чыңалуу себеп болгонун айтты.

"Грузин кыялы" партиясынын төрагасы Ираклий Кобахидзе баш калаанын мэрин тандоо экинчи турга калганына өкүнүп турганын, бирок бийликтеги партия жергиликтүү шайлоодо "ишенимдүү түрдө жеңишке жеткенин" белгиледи. Ал ошондой эле партиянын талапкерлери мэр шайлоонун экинчи айлампаларында жеңип чыгарын кошумчалады.

Бирок Тбилиси мэрин шайлоодо экинчи келген оппозициянын талапкери Ника Мелия ишембидеги шайлоодо добуш сатып алуу, шайлоочуларды коркутуп-үркүтүү сыяктуу көрүнүштөр катталганын айтып, бул шайлоонун жыйынтыгы Грузияда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоого жол ачарын билдирди.

"Бул убакыттын иши. Грузияда чукул парламенттик шайлоо болот жана бул жеңиш менен мурдагы грузин президенти Михаил Саакашвили абактан бошотулат", - деди Мелия.

"Бириккен улуттук кыймылдын" дагы бир лидери Георгий Барамидзе да добуштар бурмаланганын, шайлоо алдында добуштар сатылганын айтты. Шайлоого байкоо салган бир катар бейөкмөт уюмдардын маалыматына ылайык, ишембидеги шайлоо маалында добуш сатып алуу, бюллетендин купуялуугуна шек келтирүү, элдин ташып келүү сыяктуу ондогон эреже бузуулар катталды.

Борбордук шайлоо комиссиясы баш-аягы 366 арыз келип түшкөнүн, бирок алардын баары майда процедуралык маселелерге байланыштуу экенин билдирди. Ички иштер министрлиги маалымдагандай, шайлоо күнү болгон инциденттерге, анын ичинде добушканадагы зомбулук фактысына байланыштуу 16 кылмыш иши ачылды.

Бийликтеги "Грузин кыялы" партиясы шайлоо "эң жогорку демократиялык стандарттарга" шайкеш келгенин белгилеп жатат.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун байкоочулары Грузияда шайлоо жалпысынан тынч өткөнүн, бирок айрым жерлерде күч колдонуу фактылары катталганын айтышты. Эл аралык байкоочулардын алдын ала тыянагына ылайык, Грузиядагы шайлоо узакка созулган саясий кризис жана курч жаатташуу шартында өттү.

Саакашвилинин жүрүшү, күчөгөн тиреш

Грузияда өткөн жылдагы парламенттик шайлоодон бери бийликтеги "Грузин кыялы" партиясы менен Саакашвили колдоо көрсөткөн оппозициянын ортосунда тиреш токтобой жатат. Оппозиция былтыркы шайлоо бурмаланганын билдирсе, бийлик мындай айыптоолорду четке кагып келет.

Бул ирет "Бириккен улуттук кыймыл" башында турган оппозиция эгер бийликтеги "Грузин кыялы" партиясы жергиликтүү шайлоолордо 43 пайыздан аз добуш топтосо, чукул парламенттик шайлоо өткөрүүнү талап кылаарын жарыялаган эле.

Грузин саясатындагы мындай чыңалууну өлкөнү 2004-2013-жылдары башкарган мурдагы президент Михаил Саакашвилинин чет өлкөдө дээрлик сегиз жыл бозгунда жүргөндөн кийин кайра мекенине кайтып келиши да ого бетер күчөттү. Саакашвили 1-октябрда Украинадан Грузияга келгенден көп өтпөй кармалып, Рустави абагына жеткирилген. Бул тууралуу Грузиянын өкмөт башчысы Ираклий Гарибашвили маалымат жыйында жарыялап, бирок мурдагы президент кантип жана каяктан кармалганын так айткан эмес.

"Биздин тартип коргоо кызматкерлерибиз Михаил Саакашвилини кармоо операциясын жогорку деңгээлде өткөрдү. Аларда Саакашвилинин Украинадан Грузияга чейинки сапары тууралуу алдын ала маалымат бар болчу. Бул процесс толук көзөмөлдө турган", - деп билдирген Ираклий Гарибашвили.

Украин жарандыгын алып жүргөн Саакашвили мекенине кайтып келгенден көп өтпөй жарыялаган видео кайрылуусунда элди жергиликтүү шайлоолордо "Бириккен улуттук кыймылга" добуш берүүгө чакырган болчу. Ал кармалгандан кийин ачкачылык жарыялап, Украин консулу менен жолугушууну талап кылып жатканы белгилүү болду.

Муну улай Украинанын мамлекет башчысы Владимир Зеленский Саакашвилинин камалганына тынчсызданды. Бул тууралуу анын маалымат катчысы Сергей Никифоров маалымдап, расмий Киев украин жаранына карата мындай мамилеси үчүн Тбилисиден түшүндүрмө сурап кайрыларын айтты.

Саакашвили мекенинде президент болуп турган кезиндеги бир нече ишке байланыштуу "коррупция жана кызмат абалынан кыянат пайдалануу" беренелери боюнча айыпталып, сыртынан жалпысынан 9 жылга абакка кесилген. Мурдагы грузин президенти бул айыптарды саясий куугунтук катары мүнөздөп келет.

Быйыл 53 жашка толгон Михаил Саакашвили 2003-жылы Грузиядагы "Роза ыңкылабынан" кийин бийликке келген. Ал 2013-жылы грузин президенттигинен кетип, "Евромайдан" окуяларынан кийин Украинага келген жана 2015-жылы грузин жарандыгынан баш тартып, Украинанын Одесса облусунун губернатору болуп иштеген.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

К 100-летию Рахимжана Кошкарбаева

ФК “Пари НН” проведет свой первый домашний матч под руководством Саши Илича

Туристы из Москвы потерялись на горе Эльбрус: чем закончились поиски

Еще трое сирот в Красногорске получили жилищные сертификаты

Музыкальные новости

Путин посетил пасхальную службу в храме Христа Спасителя в Москве

Работники СЛД «Узловая» филиала «Московский» ООО «ЛокоТех-Сервис» приняли участие региональном этапе «Время молодых. Работники»

Анонсирована Batman: Arkham Shadow для VR-гарнитуры Meta* Quest 3

На Улан-Удэнском ЛВРЗ завершился весенний этап акции «Неделя без турникетов»

Новости России

Композитор Классической музыки Сергей Брановицкий представляет произведения классической музыки.

Костюмы конца XIX века покажут на выставке в Балашихе 15 мая

Еще трое сирот в Красногорске получили жилищные сертификаты

Станут символом подвига: В Москве высадили сибирские кедры в память о погибших военкорах

Экология в России и мире

Форум Доноров представил результаты первой лаборатории проекта «Музеи и меценаты»

Доля свободных площадей в ТЦ Москвы к лету может сократиться до 6 процентов

Travel-эксперт Тариел Гажиенко: какую страну выбрать для семейного отпуска

Около 200 учащихся школ и ссузов, а также дошкольников стали участниками Всероссийской акции «Неделя без турникетов» на предприятиях филиала «Северный» ООО «ЛокоТех-Сервис».

Спорт в России и мире

Павлюченкова и Потапова не смогли выйти в финал турнира WTA в Мадриде в парном разряде

Свентек переиграла Соболенко и выиграла титул WTA в Мадриде

ATP представила новые правила парного тенниса

Российский бизнесмен обвинил Алькараса в договорных матчах. Он направил письмо в ATP

Moscow.media

"Остановись, я уйду!"

Еще на одном участке трассы А-121 Сортавала в Карелии стало светлее

Столичные росгвардейцы оказали помощь подросткам, врезавшимся на самокате в уличный фонарь

Компания BelkaCar нарастила выручку до 5,3 млрд по результатам 2023 года











Топ новостей на этот час

Rss.plus






Собянин перечислил самые популярные виды туризма в Москве

Путин проведёт последнюю встречу с уходящим в отставку кабмином

Туристы из Москвы потерялись на горе Эльбрус: чем закончились поиски

К 100-летию Рахимжана Кошкарбаева