Добуш берүү башталгандан бери Борбордук шайлоо комиссиясынын ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобуна отузга чукул маалымат түштү. Бул тууралуу Боршайкомдун мүчөсү, жумушчу топтун мүчөсү Тынчтык Шайназаров билдирди. 12 маалымат текшерилди, калганы боюнча иш жүрүп жатат жана анын жыйынтыгында кошумча чара көрүлөт.