11-апрелде 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо өттү. Ушул эле күнү президенттик башкарууга ыктаган Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлду. "Эксперттер талдайт" берүүсүнүн бүгүнкү чыгарылышында бул эки жараяндын жүрүшү жана кыргыз коому үчүн маанисин талкуулайбыз.