Кыргызстандагы бардык добушканалар саат 20.00дө жабылды.
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, саат 18:00гө карата 1 миллиондон ашык адам добуш берүүгө катышты. Жергиликтүү кеңештерге шайлоого 1 024 891, референдумга 1 061 591 киши келди.
Шаардык кеңештерге 3 03 176 шайлоочу добуш берип, жалпы шайлоочулардын 28,89% түздү.
Ал эми айылдык кеңештер үчүн 721 715 адам добуш берди. Бул - жалпы шайлоочулардын 31,81 пайызы.
Конституциянын жаңы редакциясына байланыштуу жалпы элдик референдумга добуш бергендер 29,44% жетти. Башкача айтканда, 1 061 591 киши добуш берүүгө келди.
Референдум үчүн 3 606 201 киши, жергиликтүү кеңештерге шайлоого 3 318 130 шайлоочу катталган.
11-апрелде 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо болду.
Ушул эле күнү президенттик башкарууга ыктаган Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлду.
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча жалпы элдик референдумда 3 606 201 жаран добуш берүүгө укуктуу.
Жалпы шайлоочулардын 30% катышса, референдум өттү деп эсептелет.
Референдумду өткөрүү үчүн 2483 шайлоо тилкеси ачылган. Анын 48и чет мамлекеттерде.