Мы в Telegram
Добавить новость

Священник указал на недопустимость для православных традиции оставлять еду на могилах и поминать усопших спиртным

«Яндекс» в 2023 году сократил площадь арендуемых в Москве офисов на 7%

Милош Бикович рассказал студентам Школы критики о фильме «Лесной царь»

Москвича с котом на поводке задержали на станции метро «ВДНХ»

World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Кыз-келиндердин дымагын колдогон Мектеп

Кыз-келиндердин дымагын колдогон Мектеп

25-январда Ысык-Көлдө «Аялдар жана жаштар үчүн жергиликтүү кеңештин болочок депутатынын» Мектеби өз ишин баштады. Бул Мектепте билим алганы өлкөнүн булуң-бурчунан келген кыз-келиндер 11-апрелде өтчү жергиликтүү шайлоодо багын сынап көрүшөт. 50 кыз-келин Мектепке катышуу үчүн өткөрүлгөн конкурста тандалып алынган.

Мектептин максаты – жигердүү аялдардын, анын ичинде кыз-келиндердин элеттик муниципалитеттердеги жергиликтүү кеңештерге депутат болуп шайлануу укугун ишке ашырууга көмөктөшүү.

27 жаштагы Касиет Абдималик кызы Жалал-Абад облусунда жашайт. Касиет апрелде өтө турган шайлоого катышып, "депутаттык мандатка ээ болсом, бир топ маселелерди колго алам" деп көздөп жатат.

«Жергиликтүү кеңешке барган депутаттардын ичинен аялдар социалдык маселелерге көбүрөөк көңүл бурат. Алар көз жаздымында калган маселерди көтөрүп чыга алат. Ал эми жергиликтүү кеңешке барган эркек депутаттар адатта мындай маселелерди унутта калтырат. Мисалы, аял саясатчы майыптардын укугу, эрте никеге туруу, зордук-зомбулук, үй-бүлөлүк чыр-чатактарды жөнгө салуу маселелерин, кыз-келиндердин көйгөйлөрүн чечип, аларга көмөк да көрсөтө алышат. Саясатта аялдар болушу керек. Мен сөзсүз шайлоого катышам жана башка аялдар да талапкерлигин коюшу керек деп эсептейм».

Статистикалык маалыматтарга караганда, соңку жылдары чечим чыгаруучу органдарда аялдар азайып, эркектерге артыкчылык берилүүдө.

Гендердик тең салмактуулук Жогорку Кеңеште да сакталбай жатат. «Депутаттардын үчтөн бири аялдар болушу керек» деген талапка карабастан, учурда парламенттин 120 мүчөсүнүн 19у гана аял-саясатчы.

«Аялдар жана жаштар үчүн жергиликтүү кеңештин болочок депутатынын» Мектебинин катышуучусу, Нарын районунун Учкун айыл өмөтүнүн адиси Рахат Калбаева депутаттыкка талапкерлердин билими, иш тажрыйбасы эске алынышы керек деп эсептейт.

«Жергиликтүү кеңештин депутаттары билимдүү болсо деп ойлойм. Себеби бул убакытка чейинки чакырылыштарда мандат алган депутаттардын билим деңгээли каралган эмес. Мисалы, Кыргызстандын көпчүлүк айыл өкмөттөрү дотацияда турат, аларга өкмөттөн акча бөлүнүп, анын негизинде жергиликтүү маселелер чечилиши керек деп каралган. Бирок, тилекке каршы, айрым депутаттардын сабатсыздыгы, жогорку билиминин жоктугу, ошол эле бюджет боюнча түшүнүгүнүн жоктугу көйгөйгө айланып, каражатты туура багытта колдонуу жагы аксап жатат. Мындан улам айыл өнүкпөйт, айыл өнүкпөсө мамлекет өнүкпөйт, өкмөттүн акчасына иштер толук аткарылбай калып, убакыт өтө берет. Аял-депутаттар көп болушу керек. Алар майда маселелерге көңүл бурат жана ар бир тыйындын туура сарпталышын көзөмөлгө алат. Себеби бардык эле маселелердин түбү майда көйгөйлөрдөн жаралат. Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын 30 пайызы аял болсун дегенден кийин коомдо катуу талкуу жаралып, өзгөчө айыл жергесинде «аялдар үйдө отурушу керек, алар бала баксын, аларга саясатта орун жок» деп айтышты. Бирок мен буга такыр кошулбайм, аялдын орду үй деген түшүнүктөн арылышыбыз керек, азыр таптакыр башка заман. Аял билимдүү болсо, лидерлик сапаттары жогору болсо, ал өз баласына мыкты тарбия да бере алат, ал үй-бүлө мүчөлөрүнө үлгү боло алат. Билимдүү аял билимдүү балдарды тарбиялайт».

Чүй облусунун Жайыл районундагы Ак-Башат айылдык кеңешинин депутаты Нургүл Садыкова жергиликтүү кеңештеги 21 мандаттын төртөө гана аял-депутаттарга таандык деди. Ал аялдар саясатка көбүрөөк тартылса ийгиликтер көп болот деп ишенет:

«Мен акыркы төрт жылдан бери жергиликтүү кеңештин депутаты жана төрайымы болуп иштеп келе жатамын. Башында айылдын көйгөйлөрүн көрүп, алардын чечилбей жатканын байкаганда талапкерлигимди көрсөтөйүн деп чечтим. Элдин көбү колдоп берди, бул мага чоң дем берип, мен да ийгилик жарата аларыма ишенип калдым. Биз айылдагы авариялык абалдагы бала бакча маселесин чечтик, ФАП, мектеп, ички жолдор, жарыктандыруу көйгөйлөрүнө көңүл бурдук. 2021-жылдын эсебинен эми эки айылдын таза суу маселесин чечүү үчүн 10 миллион сом караганы жатабыз. Эми апрелде жергиликтүү кеңешке шайлоо болот, анда аялдар активдешип, талапкерлигин көрсөтөт деп ишенем, алар менен бирге алдыда чоң ийгиликтерди жаратабыз деген максатым бар».

Кыз-келиндерди шайлоого даярдаган тренинг беш күнгө созулат. Окууну Швейцариянын өкмөтү каржылаган "Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс" Долбоору өткөрүүдө. Аталган долбоорду ишке ашырган Өнүктүрүү саясат институтунун коомдук байланыш боюнча адиси Нургүл Жаманкулованын маалыматы боюнча, аялдарга багыт берип, аларды жергиликтүү саясатта колдоо көрсөтүү иштери сентябрь айына чейин уланат.

«Өткөн жылдын этегинде конкурс жарыялап, анда келген 84 өтүнмөнүн арасынан 50 кыз-келинди тандап алганбыз. Алардын жаш курагы 18ден жогору болушу керек эле, бирок комиссиянын чечими менен 21 жаштан улуу талапкерлерди тандап алдык. Окууга катышып жаткан аялдар өз талапкерлигин коё турган айыл өкмөттө туруктуу жашашы керек, алар коомдо жигердүү болууга тийиш. Беш күндүк окуунун жыйынтыгында алар айылдык аймакты өнүктүрүү боюнча жеке иш планын даярдап, кийин депутат болгондо ошол планды ишке ашырат. Биз окууга жалаң гана айыл аймактардагы аялдарды жана кыздарды тартканбыз. Бирок социалдык тармактарда окууга кызыккандар абдан көп болду. Шаар жергесиндеги жергиликтүү кеңештин депутаты болом деген кыз-келиндер «биз да силерден билим алып, көп нерсеге үйрөнгүбүз келет» деп жатышат. Ысык-Көлдөгү бир кеңештин аял депутаты бизге кайрылып, өз жергесинде кыздар менен иштешип жатканын билдирди. Бирок менин билимим аздык кылат деп, биздин окууларга кызыкты. Азырынча биз шаардыктарды окутуу маселесин карай элекпиз, бирок долбоордун жетекчилиги алардын сунушун эске алып, бул маселени чечет деп ойлойм».

Бүгүн башталган окуунун катышуучуларын БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова куттуктап, өлкөдөгү шайлоо системасы, анын ар кайсы жылдардагы жыйынтыктары, андагы аялдардын катышуусу тууралуу маалыматы менен бөлүштү.

БУУнун сунушу менен Кыргызстандын мыйзамдарына «башкаруу органдарында гендердик тең салмактуулук сакталып, жалаң бир жыныстуу эмес, 30 пайыз аялдар же эркектер иштеши керек» деген норма кирген. Бирок бул талап дээрлик бардык органдарда аткарылбайт.

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык фондунун аткаруучу директору Догдургүл Кендирбаева саясатта баланс сакталышы керектигин айтты.

«Көтөрүлүп жаткан суроо бүгүнкү күндүн өтө олуттуу маселеси. Кыргызстанда кайсы гана тармакта болбосун, анын ичинде чечим кабыл алуучу тармактарда, өкүлчүлүктүү органдарда аял-эркектин балансы аябай зарыл.​ Өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасы аялдардын ролу коомдо аябагандай зор экенин көрсөттү. Кыргызстандагы абалга келсек, башкаруу жана чечим кабыл алуучу жерлерге аялдардын келишине мыйзамдык тоскоолдуктар бар. Мисалы, мыйзам боюнча мектеп директорлору, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчилери жергиликтүү кеңештерге шайлана албайт. Жергиликтүү көйгөйлөрдү алардан артык ким түшүнөт, алардан артык ким чечүүнүн жолун билет? Ошол мыйзамдан кийин жергиликтүү кеңештерде аялдардын карааны көрүнбөй калды».

Кыргызстандагы шайлоо жана референдум өткөрүү эрежелерин аныктаган мыйзамдар топтомуна ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков 13-августта кол койгон. Аны 27-июнда Жогорку Кеңеш кабыл алган.

Бул мыйзамдар топтомундагы эң башкы өзгөрүү катары «мындан ары жергиликтүү кеңештердеги депутаттардын 30 пайызы аялдар болсун» деген жобо айтылган.

Ошондон көп өтпөй Ысык-Көл облусунун Саруу аймагынын Алдашев айылдык кеңешине талапкерлер «Жергиликтүү кеңештерди шайлоо жөнүндө» мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө каршы экенин айтып, бийлик бутактарына кайрылышкан. 70тей талапкердин колу коюлган кат президентке, Жогорку Кеңешке жана Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүлгөн. Анда алар «жергиликтүү кеңештердеги депутаттардын 30 пайызы аялдар болсун» деген өзгөрүүгө макул эмес экенин билдиришкен.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Подмосковная «Единая Россия» поздравит фронтовиков с Днем Победы

Более 70 тыс тюльпанов, бегоний и гиацинтов высадят в городские клумбы Химок

Психолог рассказала, как справиться с выгоранием

Эхо "Крокуса": Как диаспоры влияют на власть в России и что известно о связи "дела Шахина" с терактом

Музыкальные новости

Работники СЛД «Узловая» филиала «Московский» ООО «ЛокоТех-Сервис» приняли участие региональном этапе «Время молодых. Работники»

В России после переизбрания Путина началась широкомасштабная зачистка чиновников. Аресты идут один за другим

Уполномоченный по защите прав предпринимателей в Челябинской области: Бизнес ожидает укрепление, рост и предсказуемые условия

На Улан-Удэнском ЛВРЗ завершился весенний этап акции «Неделя без турникетов»

Новости России

Министр Ашераденс: пакет санкций ЕС включит запрет на экспорт марганцевой руды

Человек упал на пути на Сокольнической линии метро

"Цена взлетит в небо": эксперт объяснил, что стоит заранее купить россиянам

Почта России представит военные телеграммы из фондов столичного музея

Экология в России и мире

Доля свободных площадей в ТЦ Москвы к лету может сократиться до 6 процентов

Три зубные щетки для полости рта по цене двух от бренда "Ревилайн" только до 13 мая

6 городов России, где можно увидеть белые ночи кроме Санкт-Петербурга

6 городов России, где можно увидеть белые ночи кроме Санкт-Петербурга

Спорт в России и мире

Соболенко вышла в полуфинал турнира WTA-1000 в Мадриде

Российский бизнесмен обвинил Алькараса в договорных матчах. Он направил письмо в ATP

Даниил Медведев снялся с четвертьфинала «Мастерса» в Мадриде из‑за травмы

"Я играю и зарабатываю хорошие деньги, но...". Рыбакина назвала главную проблему в женском теннисе

Moscow.media

Столичные росгвардейцы оказали помощь подросткам, врезавшимся на самокате в уличный фонарь

HRlink повысил надежность работы сервиса кадрового ЭДО

В преддверии Дня Победы в Великой Отечественной войне росгвардеец рассказал о поисковой деятельности

В преддверии празднования Дня победы сотрудники Росгвардии приняли участие в патриотических акциях.











Топ новостей на этот час

Rss.plus






Милош Бикович рассказал студентам Школы критики о фильме «Лесной царь»

Астраханские собаки разъезжаются по городам России

МИД Германии вызвал поверенного в делах посольства РФ

Сотрудники военных следственных органов Следственного комитета Российской Федерации продолжают посещать участников СВО в медицинских учреждениях