Былтыркы жылдын тогуз айында коронавирус 59 мамлекетте 600дөн көп журналистин өмүрүн алды. Бул тууралуу 7-январда Женевада жайгашкан "Press Emblem Campaign" уюму билдирди.
Каза болгон журналистердин жарымынан көбү Латын Америкасында катталган, андан кийин Азия турат.
Уюм журналисттер коронавируска каршы вакцина алууда алдыңкы катарда болушу керек деп эсептейт.
«Өз кесибине байланыштуу журналисттердин ар кандай окуяларды чагылдырганы үчүн вирус жуктуруп алуу тобокелчилиги жогору. Алардын айрымдарынын үйдөн чыкпай иштөөгө мүмкүнчүлүгү жок»,- деди "Press Emblem Campaign" уюмунун баш катчысы Блез Лемпен.
Аталган уюм коронавирустан өлгөн журналисттердин саны мындан дагы көп болушу мүмкүн экенин болжолдоп жатат. Анткени, айрым мамлекеттерде өлүмдүн себеби жашырылган болушу ыктымал.
Баарынан көп илдеттен Перудагы журналисттер жабыр тартышкан. Ал жакта вирустан 93 медиа кызматкери көз жумган.