Демократ Жо Байден 20-январда Кошмо Штаттардын 46-президенти катары ант бермекчи. Конгресстин кош палатасы 7-январга караган түнү президенттик шайлоонун жыйынтыгын бекитти. Сессия президент Дональд Трамптын жаалданган тарапташтары Капитолийге кирип барганда үзгүлтүккө учураган.