АКШнын шайланган президенти Жо Байден 7-январда Меррик Гарлендди Кошмо Штаттардын кийинки башкы прокурорлугуна дайындарын билдирди.
Вашингтондогу федералдык сотунун судьясы Гарлендди 2016-жылы президент Барак Обама Жогорку соттогу бошогон орунган көрсөткөн. Бирок Сенаттагы республикачылар буга каршы чыгышкан. 68 жаштагы Гарленд бир да саясий партия менен байланышта эмес.
1993-жылы Юстиция министрлигинде башкы прокурордун жардамчысы болгон. Бул кызматта ал улуттук коопсуздук боюнча бир катар иштерди, анын ичинде Атланта менен Оклахома-Ситидеги Олимпиада оюндарындагы жардырууларды да иликтеген.
1997-жылы президент Билл Клинтон Гарлендди АКШнын баш калаасындагы Федералдык апелляциалык сотко жиберген. Ал 2013-жылы бул соттун төрагасы болгон.
Жо Байдендин 3-ноябрдагы шайлоодо жеңип чыкканы Конгресстин жыйынында 7-январда бектилди. Эми Байден 20-январдан тартып президенттикке расмий киришет.