Кыргызстандын аймагында коомдук абал туруктуу жана укук тартиби органдарынын толук көзөмөлүндө. Бул тууралуу 13-октябрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, Бишкекте милиция башка күч органдары менен биргеликте кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бетин ачуу иштерин жүргүзүп жатат.
12-октябрга карата бир күндө республика аймагында Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 303 материал катталды, алардын 151и кылмыш, калган 152си жорук.
Коомдук коопсуздукту камсыз кылууга элдик кошуунчулар да жардам берип жатышат.
Милиция Бишкек шаарынын тургундарына кайрылып, коменданттык саат талаптарын аткарууга чакырды.
4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин өлкөдө саясий абал курчуп, Бишкекте башаламандык катталган. Президент Сооронбай Жээнбеков калаа аймагында өзгөчө абал жарыялап, коменданттык саат эрежелерин киргизген. (RK)