Мы в Telegram
Добавить новость

Подмосковье стало участником форума «Здоровье нации — основа процветания России»

Современный дом бизнес-класса в Раменском на стадии 45% готовности

Напавший в столичном магазине на ребенка отправится на принудительное лечение

Школы Мытищ подготовят к итоговой аттестации выпускников в мае

World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Шайлоонун эртеңине шек келтирген «экинчи форма»

Шайлоонун эртеңине шек келтирген «экинчи форма»

Парламенттик шайлоодо добуш берүү үчүн дарегин өзгөртүп, №2 форма менен катталган шайлоочулардын саны 445 миңден ашканы белгилүү болду. 

Коомчулукта №2 форма добуш сатып алууга шарт түзгөн документ катары сыпатталып, шайлоонун легитимдүүлүгүнө шек жаратат деген пикирлерлер күчөдү.

Көчмөн шайлоочулар көбөйдү

Жогорку Кеңештин депутаты, «Бир Бол» партиясы менен шайлоого катышып жаткан Алмамбет Шыкмаматов №2 форма менен каттоодон өткөндөрдү жокко чыгарууну талап кылып, Борбордук шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылды. Саясатчы бул кадамын мындайча түшүндүргөн:

«№2 форма добушун сатып алган адамдарды көзөмөлдөй турган механизм болуп калды. Азыркы маалда 450 миңден ашык шайлоочу өзүнүн шайлоо тилкелеринен башка жерден добуш бере турганы белгилүү. Эми аларды массалык түрдө ташып, добушун көзөмөлдөшөт. Бул көрүнүштү коррупциялашкан саясий күчтөрдүн Кыргызстандын тарыхындагы массалык түрдө добуш сатып алуусу катары эсептесек болот».

Бийликке оппозиция экенин айткан башка партиялар да шайлоочулар менен жолугушуу учурунда №2 формасы «добуш сатып алууда» кеңири колдонулуп жатканын билдирип жатышат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов №2 форма менен катталгандарды шайлоодон четтетүү мүмкүн эместигин айтууда.

«Азыркы маалда чет өлкөдө жүргөн жарандарыбыздын 30 миңден ашууну №2 форма менен добуш берет. Кыргызстанда бул сан 445 миңден ашканы айтылып жатат. №2 формасы жарандардын конституциялык укугун камсыздап жатат. Бул документти жокко чыгаруу сунушун популисттик кадам катары санасак болот».

БШКнын дагы бир мүчөсү Гүлнара Журабаева №2 форма менен добуш бере тургандардын бир бөлүгүн ак ниет шайлоочулар деп эсептейт. Ошентсе да добуш берүү күнү №2 форма менен жарандар көп катталган шайлоо тилкелерине мониторинг жүргүзүү керек деген пикирде. Эгерде добуш берүү купуялуулугу сакталбай, добуш сатып алуу фактылары аныкталса, ошол шайлоо тилкелериндеги шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылышы мүмкүн.

Талдоочулар быйылкы шайлоодо №2 форма толтургандардын санынын көп болушу жалпы добуш берүүнүн жыйынтыгына чоң таасир тийгизиши жана шайлоонун легитимдүүлүгү тууралуу суроо жаратышы мүмкүн экенин айтышат.

Саясат талдоочу Чолпонбек Сыдыкбаев №2 форма бийликтин дарегине сынды күчөтүп жатканын белгиледи:

«Шайлоонун жыйынтыгы таанылбай чыр чыга турган болсо, анда ага №2 формасы негизги себептердин бири болуп берет. Бул боюнча президент Сооронбай Жээнбековдун да аты аталат. Анткени саясий чыр-чатактарда президенттин дарегине дайыма сөз айтылып келет. «Президент Борбордук шайлоо комиссиясына, тиешелүү органдарга тапшырма берген жок» деген сын айтылары турган иш. Жээнбеков шайлоонун таза өтөрүн айтып келген. Бирок иш жүзүндө чара көрбөгөндөй сезилип жатат».

№2 форма менен добуш бергиси келген 445 миң адам катоодон өткөн жалпы шайлоочулардын 12 пайызын түзүп жатат. Кыргызстанда 13-сентябрга карата шайлоочулардын саны 3 миллион 465 миң адамды түзгөн. Бирок шайлоочулардын акыркы тизмеси добуш берүүгө бир жума калганда толук белгилүү болот.

Көкөтөйдүн ашы – көп чырдын башы

№2 форма - жарандардын шайлоо дарегин өзгөртүү тууралуу арызы. Бул 2011-жылдагы президенттик шайлоодон баштап ички миграцияны эске алып, шайлоочунун укугун камсыздоо максатында колдонула баштаган.

Аналитик Мүсүр Кабылбеков №2 форма баштапкы максатын жоготуп, биометрикалык шайлоо системасына чейин колдонулуп келген «карусель» ыкмасынын аналогуна айланганын билдирди.

«Мурдагыдай бир шайлоочу бир нече жолу добуш бере албай калды. Андыктан жаңы ыкма пайда болду. Бизде партиялык система болгону менен шайлоо башка жол менен жүрүүдө. Саясий партиялар аймактарды талапкерлерине бөлүп берип жатат. Алар өзүнө бөлүнгөн региондон болушунча көп добуш алганга аракет кылып, ар кандай жол менен шайлоочуларды алып келүүдө. Албетте мындай иштер менен бийликке жакын, акчасы көп партиялар алек болууда. Ар бир райондон 3-4 миң добуш алуу талапкер үчүн жетиштүү. №2 форма менен 445 миңден ашык адамдын катталышы шайлоонун жыйынтыгы белгилүү дегенди билдирет».

Шайлоого катышып жаткан партиялардын үгүтчүлөрү, негизинен бийликке жакын делген партиялар 2-3 миң сомдон сунуштап, №2 форма менен алар айткан шайлоо тилкелерине каттоого туруу керектигин айтып жатышат. Бул сөздөрдү тастыктаган видео, аудилор коомчулукка жарыяланган. Бирок партиялар андай дооматтарды четке кагып келет.

Президент Сооронбай Жээнбеков 19-сентябрда Коомдук телерадио корпорациясынын (КТРК) «Биринчи радиосунун» кезектеги суроолоруна жооп берип, шайлоодо кандай гана мыйзам бузуу болбосун, баарына, анын ичинде добуш сатып алуу фактыларына чара көрүлөрүн айтты. Бирок андай мыйзамсыз иштер боюнча реалдуу фактылар жок экенин билдирди:

«Тилекке каршы, биздин шайлоочуларыбыз имиш-имиш сөздү талкуулап, укук коргоо органдарына «мага «добушуңду сат» деди» деп кайрылган учурлар болбой жатат. Эл арасында «ушул партия ушинтип жатыптыр, бул партия сатып атыптыр» деп айтышат, ал сөздөрдү мен угуп жатам. Органдар иштеп жатат, бирок ушул боюнча кайрылган факт жок».

Башкы прокуратуранын 11-сентябрдагы маалыматы боюнча, шайлоо алдындагы мыйзам бузуу фактыларына байланыштуу 43 материал текшерилген. Алардын көбү шайлоо документтерин бурмалоо, административдик ресурс колдонуу, добуш сатып алуу жана добуш сатуу сыяктуу мыйзам бузуу фактылары.

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга дайындалган. Үгүт иштери 4-сентябрдан тартып башталган.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Спецталон для сладкой жизни

Суд в Москве отклонил иск к блогеру Ивлеевой о компенсации за «голую» вечеринку

Сотрудники учреждений здравоохранения г. Чебоксары ознакомлены с актуальными темами региона

Как русские города выглядели бы в параллельной вселенной (фото)

Музыкальные новости

Полезные приложения для поклонников спортивной ходьбы

Благодаря акции МТС Банка реабилитационная помощь в России станет доступнее

Инсайты, стратегии и нетворкинг для профессионалов: 21 июня пройдет ежегодный форум «Спорт и Бизнес»

Яндекс.Недвижимость: за месяц однушки в новостройках Москвы подешевели на 4,5%

Новости России

Инновации для МТК «Север-Юг»

Как русские города выглядели бы в параллельной вселенной (фото)

«Ночь в музее»-2024 в Москве. Куда сходить и что посмотреть

Сотрудники учреждений здравоохранения г. Чебоксары ознакомлены с актуальными темами региона

Экология в России и мире

Делаем образ стильным при помощи одной яркой детали

Дети из Узбекского землячества Бурятии увидели театр кукол «Ульгэр»: Россия и Культура

Lamoda запустила бренд мужской одежды и обуви Mademan

Новая попытка азербайджанских вандалов исламизировать армянское культурное наследие в оккупированном Шуши

Спорт в России и мире

Соболенко вышла в полуфинал турнира WTA в Риме

Теннисист Медведев не смог выйти в четвертьфинал турнира серии «Мастерс» в Риме

Виктория Азаренко пробилась в четвертьфинал турнира WTA в Риме

Медведев с трудом одолел 121-ю ракетку мира на турнире в Риме

Moscow.media

«Биржа грузоперевозок ATI.SU» запустила сервис «Выгодные направления»

Из-за паводка на севере Омской области ограничено движение на участках трассы Тевриз – Александровка

Завершена надвижка моста в Нагатинском затоне

Роботы-курьеры «Яндекса» будут доставлять заказы в ещё нескольких районах Москвы











Топ новостей на этот час

Rss.plus






Новая уличная камера видеонаблюдения Xiaomi CW300

Книгу о Новороссийской военно-морской базе представят в Музее Победы

Почти 140 км дорог отремонтировали в Подмосковье с начала сезона

Субсидии ЖКХ станут одинаковыми по всей стране