7-сентябрь күнү Аксы районунун Үч-Коргон айылынын тургуну Б.Ш. милицияга кайрылып, айылдашы Т. Э. үстүнөн арызданган. Арызында аны «Мекеним Кыргызстан» партиясына үгүт жүргүзүүгө мажбурлашканын билдирген. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) басма сөз катчысы Шеркул Турганбаев «Азаттыкка» маалымдады:
«Үч-Коргон айылынын тургуну Б.Ш. 7-сентябрь күнү айылдашы Т.Э. телефон аркылуу үйүнөн чакырып алып, «Биримдик» саясий партиясына үгүт кылбай, «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясына үгүт жүргүз» деп уят сөздөр менен тилдеп, коркутуп зомбулук жасоого аракет кылышты» деп көрсөткөн. Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилигинин көзөмөлү астында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында бул окуяга шектүүлөрдүн тек-жайы аныкталды. Аксы районунун тургундары 1985-ж.т. Э.У. жана 1987-ж.т. Т.Э. Аксы райондук сотунун чечими менен бир айга камакка алынды».
Шеркул Турганбаевдин маалыматына караганда, бул арыз боюнча иш Жазык кодексинин 266-беренеси («Ээнбаштык») менен сотко чейинки териштирүүгө алынды. Жабырлануучуга соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Бул маалымат боюнча «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынан комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Мурдараак партиянын коомчулук менен байланышуу бөлүмү «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын үстүнөн түшүп жаткан түрдүү дооматтар суу кечпей турганын, бул шайлоо өнөктүгүндө атайын партияны жаманатты кылуу максатында жүргүзүлүп жаткан иш экенин «Азаттыкка» билдирген.
Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга дайындалган. Шайлоого үгүт иштери 4-сентябрда башталган.
Жогорку Кеңештеги 120 орунга 16 саясий партия ат салышууда. (ZKo/TB)