Пентагон үстүбүздөгү айда Ирактагы америкалык аскерлерди 40 процентке азайтып, жалпы санды 3 миң жоокерге жеткире турганын 9-сентябрда билдирди.
Ушу маалда бул өлкөдө америкалык 5 миң 200 аскер жайгашкан. Аскерлерди чыгаруу күтүлгөн кадам болчу. Контингент “Ислам мамлекети” радикал тобуна каршы күрөшүү үчүн 2014-жылы жөнөтүлгөн.
АКШ баштаган коалиция ирактык аскерлер эми өз алдынча күрөшө алат деп эсептейт. Кошмо Штаттар Иракта туруктуу аскердик база орнотуу планы жок экенин айтып келет. Вашингтон жана Багдад июнда америкалык аскерлердин санын азайтуу ниетин билдиришкен.
Жыл башында Ирандын Революция сакчылары корпусунун тандалма бөлүгүнүн таасирдүү кол башчысы, генерал Касем Сулеймани жана ирактык согушкер кошуундун лидери Абу Махди ал-Мухандис Ирактын башкалаасынын жанындагы аэропортто америкалык дрондун соккусунан ажал тапкандан кийин Багдад менен Вашингтондун мамилесинде чыңалуу пайда болгон. Окуядан кийин Ирактын парламенти эл аралык контингенттин өлкөдөн кетишин караган аткарууга милдеттүү эмес резолюцияны кабыл алган.
АКШнын аскерлери Иракка 2003-жылы коалицияны баштап кирген, кийин 2011-жылы чыгып кетип, 2014-жылы кайра кайткан.