“Азаттык” радиосу коронавирустан көз жумган кыргызстандыктарды эскерүүсүн улантат. Бул жолку өпкөсү кагынып каза болгон “Түндүк электро” ишканасынын кызматкери Жайлообай Орозалиев жөнүндө сөз болот. Маркум тирүү болгондо 3-августта 54 жашка чыкмак. Анын артында жубайы, үч кызы жана бир уулу калды.