Кыргыз маданий коомчулугу, журналистикасы жана «Азаттык» радиосунун жамааты орду толгус оор жоготууга учурады. 5-июлда жылаажын үндүү журналист Бүбүкан Досалиева капысынан келген илдеттен улам дүйнөдөн кайтты. Чыгаан журналисттин чыгармачыл өмүрүнүн 60 жылдыгына арналган тасманы "Азаттык" радиосу эки жыл мурун даярдаган.