«Мекен Ынтымагы», «Ордо», «Бирик» жана «Бийлик элге» саясий партиялары күзүндө өтүүчү парламенттик шайлоого катышуу максатын билдирип, Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) кайрылышты. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы «Азаттыкка» кабарлады.
Анын маалыматында айтылгандай, парламенттик шайлоо дайындалгандан соңку беш календардык күн ичинде ага катышууну каалаган саясий партиялар БШКга бул тууралуу маалымдама жиберүүгө тийиш. Маалымдама жазуу түрүндө, партия уставынын жана мөөрүнүн көчүрмөсү менен кошо жиберилиши керек.
Шайлоого катышуучу партиялар БШК менен кошо партиянын добуш берүүчү документтерде колдонулуучу кыскача аталышын жана эн белгисин макулдашууга тийиш. Андан кийин эн белгилер шайлоого чейин өзгөртүлбөйт.
Саясий партиялар БШКга тапшыруучу тизмелер Кыргызстандын шайлоо мыйзамдарына ылайык, 21 жаштан өйдө, шайлоого жана шайланууга укуктуу жарандарын камтууга тийиш. Талапкерлердин тизмесин каттоо добуш берүүгө 45 календардык күн калганда, тагыраак айтканда 20-августта аяктайт.
Тизме түзүүдө саясий партиялар төмөнкүлөрдү эске алууга тийиш:
-Тизмедеги талапкерлердин 70% гана бир жыныстуу болушу керек. Ошондой эле тизмеде аял-эркек талапкерлер бул талапка ылайык жайгаштырылууга тийиш.
-Тизмеде 35 жашка чейинки талапкерлер 15% кем эмес болушу керек. Алардын ичинен беш талапкер алдыңкы 65 талапкердин ичине камтылышы талап кылынат.
- Тизмедеги талапкерлердин 15% кем эмеси түрдүү улуттардан болууга тийиш. Мунун ичинен беш талапкер алдыңкы 65 талапкердин катарында болушу зарыл.
- Ошондой эле экиден кем эмес талапкер мүмкүнчүлүгү чектелүү жаран болуушу зарыл. Алардын бири алдыңкы 50 орунга камтылышы керек.
Талапкерлердин тизмесин каттоо шайлоого 30 күн калганда, тагыраак айтканда 4-сентябрда аяктайт.
Буга чейин парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип, 3-июлда БШКга «Мекенчил» партиясы кайрылган.
Кыргызстанда парламенттик шайлоо президенттин буйругу менен 4-октябрга дайындалды. (ZKo)