Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Саймаитинин өлүмү боюнча депутаттык комиссия түзүлдү

Жогорку Кеңеште уйгур тектүү кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу убактылуу депутаттык комиссия түзүлдү. Мындай чечим парламенттин 21-ноябрдагы жыйынында кабыл алынды.


Аталган депутаттык комиссияга КСДП фракциясынан Искендер Матраимов, Өмүрбек Бакиров, Сайдиломжон Жураев жана Аалы Карашев, «Республика - Ата Журт» фракциясынан Мирлан Жээнчороев, Талант Мамытов, Закир Шарапов кирди. «Кыргызстандан» Данияр Төлөнов, Алмазбек Эргешов, «Өнүгүү-Прогресстен» Тынчтык Шайназаров, «Бир Болдон» Алтынбек Сулайманов, «Ата Мекен» фракциясынан Алмамбет Шыкмаматов кирди.


Жогорку Кеңештин 21-ноябрдагы жыйынында депутат Алтынбек Сулайманов кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу убактылуу депутаттык комиссия түзүүнү сунуш кылып, аны бир катар депутаттар колдоп чыгышкан.  




Айеркен Саймаитини 10-ноябрда, Стамбулдагы мейманканалардын биринин кафесинде отурган жеринен атып кетишкен. Кытайлык ишкер оор жаракатынан улам ооруканада эсине келбей каза тапкан. Түркияда аны өлтүрүүгө байланышы бар деген төрт киши кармалган.


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Стамбулда Айеркен Саймаити өлтүрүлгөн жердеги «Рейнж Ровер» автоунаасынын номуру Стамбул шаарындагы кыргыз консулдугуна таандык экенин ырастаган. Ал эми жолтандабас бул окуядан кийин жумуштан алынган башкы консул Эркин Сопоковго таандык экени аныкталган.


«Азаттыктын» иликтөөсүндө 700 млн. доллардын тегерегиндеги каражат Айеркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөндүү жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон. (BTo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus