Купер: Украина АКШнын жардамы кечиккенде тынчсызданган
Республикачылар Трамп Зеленскийди өзүнүн саясий атаандашы Жо Байден менен анын уулу Хантер Байдендин Украинадагы иштерин кылдат иликтөөгө ынандырууга аракет кылган, аскердик жардамды атайылап кечиктирип, соодалашкысы келген деген дооматтарды четке кагып келет. Демократтар болсо президентти «ыйгарым укуктарынан аша чапты» деп айыптап, ага импичмент жарыялоо жараянын башташкан.
Ушул күндөрү Өкүлдөр палатасында импичмент маселеси боюнча коомдук талкуу өтүп, күбөлөр көрсөтмө берип жатат.