Жээнбеков: диний лидерлер да өлкөнү өнүктүрүүгө салым кошууга тийиш
Жээнбеков учурда көп жаңы агымдар, секталар, мазхабдар жана тарикаттар пайда болгонун, ушундан улам мамлекеттин ролун күчөтүү зарыл экени белгиледи.
- Биз баарыбыз дин коом турмушунун маанилүү бөлүгү экенин так түшүнүшүбүз керек. Ошондуктан мамлекет бул чөйрөдөн четтеп кете албайт. Мамлекет мамлекеттик-конфессиялык өнөктөштүк үчүн, ар кандай конфессиялардын карым-катнашта жашоосу үчүн шарт түзөт. Өз кезегинде диний лидерлер да мыйзам алкагында өлкөнү өнүктүрүүгө көмөктөш болуп, коомубуздагы тынчтык жана туруктуулук үчүн жоопкер болушу керек, — деди Жээнбеков.
Президент азыркы реалдуулуктарды эске алып мамлекет менен диндин конструктивдүү кызматташтыгын камсыз кылуу керек экенин айтты. (BTo)