Бул тууралуу 14-сентябрда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өткөргөн жыйында айтылды. Өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалыматта Боронов аба ырайынын өзгөрүшүнөн жапа жеккен дыйкандарга бардык жардамдар көрсөтүлүп жатканын билдирген.
Жыйындын жүрүшүндө калың кардан улам жайлоодон түшө албай калган Чүйдөгү чабандарга, катуу шамалдан улам зыян келген Каракол шаарындагы турак жайларга мамлекеттик органдар тарабынан берилген жардамдар талкууланды.
Ошондой эле Кубатбек Боронов өкмөт жана жергиликтүү бийлик Суусамыр өрөөнүндө арпанын түшүмүн оруп-жыюуга жетишпей калган дыйкандарга көмөк көрсөтүлөрүн белгилеген.
10-сентябрда аба ырайынын кескин өзгөрүшөн улам Суусамыр өрөөнүндө бир нече гектар аянтка эгилген арпаны кар басып калганы кабарланган. (BkA)