ӨКМ: «Беко» компаниясынын кампасында чыккан өрткө бөгөт коюлду (видео)
- Өрттүн айынан эки адам түтүнгө ууланып, «Тез жардам» кызматы аркылуу ооруканага жеткирилди. Алардын жынысы жана аты-жөнү такталууда, - деди ал.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, жабыркагандар Травматология жана ортопедия борборунун токсикология бөлүмүнө жаткырылды. Биринин абалы орточо оор, экинчисиники оор.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, өрт Москва жана Интергелпо көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан кампадан чыккан. (RK)