Момбеков: Бийликке эки Өмүрбектин кереги жок
- Биринчи май райондук соту деле кийин «негиз жок» деп коюшу мумкүн. Бул убактылуу элди алаксытуу катарында кабыл алынган, саясий чечим болду. Себеби Башкы прокуратура буга каршы болду. «Саясий кырдаал турукташып баратканда кайра козутуп албайлы» деген максатта кабыл алынды деп ойлойм. Азыр бийликке эки Өмүрбектин кереги жок. Биринин саясатка киришип (Өмүрбек Бабанов – ред.), экинчисинин түрмөдөн чыкканы кереги жок. Алар кошумча оор түйшүктү алып келет. Ошондуктан Текебаевдин бөгөт чарасын карап, түрмөдөн чыгарып коёт дегенге ишенгим келбей турат.
Бүгүн Жогорку сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, буга чейинки чечимдердин баарын жокко чыгарган чечим чыгарды. Иш Биринчи май райондук сотуна кайра кароого жөнөтүлдү.
Текебаев менен Чотонов орусиялык жарандан пара алды деген негизде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Экөө тең бул айыптоону ошол кездеги бийликтин саясий куугунтугу деп аташкан. (КЕ)