Путин Бишкекке келди (видео)
Эл аралык «Манас» аэропортунда Путинди Кыргыз президент Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.
Жээнбеков Путинди Орусия күнү менен куттуктап, мамлекет башчыларынын ар бир жолугушуусу ортодогу өз ара пайдалуу өнөктөштүктү тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө өбөлгө болорун канааттануу менен белгиледи.
Путин ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Бишкектеги жыйыны эл аралык күн тартибиндеги маанилүү иш-чара экенин белгиледи.