Кыргызстандын аймагында 10-июндан 12-июнга чейин туруксуз аба ырайы сакталып турат. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Тоолуу райондорго кар жаайт. Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарбасынын, энергетикалык жана коммуналдык кызматтардын ишин, жол каттамын жана жайыттарда мал багууну кыйынчылыкка учуратат. 10-12-июнда күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн.
Кыргызстанда 11-июнда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Тоолорго кар түшөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда, Ысык-Көл облусунда жаан-чачын катуу болот. Жайлоо- жайыттарда жаан карга айланышы ыктымал. Бир катар райондордо мөндүр жаашы күтүлүп мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 20…25;
Суусамырда түнкүсүн 1…6, күндүз 10…15;
Таласта түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25;
Баткенде түнкүсүн 12…17, күндүз 24…29;
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11…16, күндүз 24…29;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 6…11, күндүз 20…25;
Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 17…22;
Бийик тоолордо түнкүсүн -1…-6, күндүз 2…7 градус болот.
Бишкекте 11-июнда нөшөрлөгөн жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15, күндүз 23…25 градуска чейин жогору болот.