Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 9-июнда 19 киши тамактан ууланды. Анын 12си ооруканада жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» облустук бейтапкананын башкы дарыгери Эркин Урманаев билдирди.
Маалыматка караганда, уулангандардын баары жугуштуу илдеттер бөлүмүндө дарыланууда. Алардын абалы турукташып калды.
Ал эми калган жети киши амбулатордук жардам алгандан кийин үйлөрүнө жиберилген.
Жабыркагандар - Боз-Учук айылынын тургундары. Алар жекшембиде коңшусу конокко чакыргандан кийин өздөрүн начар сезе баштаган.