Катардагы Футбол боюнча дүйнө чемпионаты өтүп жатат. Дүйнө биринчилиги бул жолу алгачкы ирет күз-кыш мезгилинде, Жакынкы Чыгышта, мусулман мамлекетинде уюштурулду. Ал жактагы шарттар, чектөөлөр жана футбол тууралуу Катарда учурда эмгектенип жүргөн футбол күйөрманы Азамат Баатай менен маек курдук. Ал өз сөзүн Дохадагы атмосфераны сүрөттөдөн баштады: - Катар өзү чакан, бирок бай мамлекет. Футбол боюнча дүйнө биринчилигин өткөрүүгө катуу даярданышыптыр. Дүйнөнүн ар кайсы бурчунан футбол күйөрмандарын тосуп алуу иш-чаралары баары жолго коюлган.
Баткен шаарында оюн-зоок жана майрам иш-чараларына бир жылга убактылуу чектөө киргизилгенин 28-ноябра “Азаттыкка” мэриядан тастыкташты. Маалыматта айтылгандай, чектөө Баткен шаарында облустук, райондук, шаардык деңгээлдеги мамлекеттик маданий оюн-зоок иш-чараларын өткөрүүгө карата киргизилди. Мындай чечим быйыл сентябрь айындагы кандуу окуяга байланыштуу кабыл алынганын белгилеген мекеме “Кыргызстанга тажик аскерлеринин куралдуу кол салуусунан шейит кеткен 63, жарадар болгон 200гө жакын жараныбыздын... Читать дальше...
“Роза Отунбаеванын демилгелери” эл аралык фонду ЮНИСЕФ уюму менен биргеликте так илимдерге кызыккан кыздарды колдоо боюнча ишке ашырып жаткан долбоорунун насаатчылык программасы жыйынтыкталды. Программанын жыйынтыгы Бишкекте өткөн жыйында чыгарылганын фонддун басма сөз кызматынан 28-ноябрда кабарлашты. “Илимдеги кыздар” долбоору алкагында уюштурулган менторлук (насаатчылык) программа тууралуу маалымат берип жатып фонддун аткаруучу директору Догдургүл Кендирбаева дүйнөдө азыр илимий ачылыштарга... Читать дальше...
28-ноябрга караган түнү коңшу Кытайда жана Казакстанда жер силкинип, жердин титиреши Ош жана Талас облустарынын аймагында да сезилди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, саат 01:58де Кытайдын аймагында очогунда күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталып, Кыргызстандын Ош облусунун Алай районунун Эркеч-Там, Нура айылдарында 4,5 балл, Терек, Кан-Коргон айылдарында 4 балл, Көлдүк айылында 3 баллга чейин сезилди. Саат 02:34тө Казакстандын аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө болуп... Читать дальше...
Кемпир-Абад маселесине байланыштуу кармалган активист Чыңгыз Капаров Бишкектеги №1 тергөө абагынан медициналык текшерүүдөн өтүү үчүн Чүйдүн Молдовановка айылындагы колонияга которулду. Бул тууралуу “Клооп” басылмасы Жаза аткаруу кызматынын 26-ноябрдагы маалыматына таянып жазды. Маалыматта айтылгандай, 11-ноябрда Капаровду дарыгерлер текшергенде кулагынын өнөкөт оорусу кармаганын, көрүүсү да начарлаганын айтып, Молдовановкадагы №31 колониянын борбордук ооруканасына которушкан. Активисттин абалы канааттандырарлык болуп калганы... Читать дальше...