Бишкекте "Мага баары бир эмес" деген V жарандык форум болуп өттү. Анда мамлекет менен жарандардын мамилеси, адам укугу жана эркиндигинин мааниси, коомдогу окуяларга кайдыгерликтин кесепеттери сыяктуу маселелер талкууланды. Форумда "жарандуулуктун талаптары, симптомдор, диагноз жана эскертмелер" деген маселелердин үстүндө жарандар менен мамлекеттин мамилеси, илим-билим, эркиндик, укук жана демократия" деген темаларга карата сессиялардын алкагында панелдик талкуулар болуп өттү. Ага жарандык активисттер... Читать дальше...
Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) демократиялык институттар жана адам укугу бюросу менен Венеция комиссиясына кайрылып, бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзам долбооруна биргелешип укуктук баа берүүнү өтүндү. Акыйкатчынын кайрылуусунда президенттин администрациясы демилгелеген мыйзам долбоору Кыргызстандын Баш мыйзамына, Саясий жана жарандык укуктар тууралуу эл аралык пактка туура келбей турганы белгиленген. "Жаңы мыйзам долбоорунун авторлору азыркы мыйзамдардын... Читать дальше...
Орусиянын Сахалин облусундагы жарылуудан набыт болгондордун саны тогуз адамга жетти. Алардын төртөө балдар экени, он киши жараат алганы кабарланды. Бул тууралуу облустун губернатору Валерий Лимаренко Телеграмдагы каналына жазды. 19-ноябрда Сахалин облусунун Тымовск районундагы жарылуудан беш кабаттуу үйдүн подьезди кыйрады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин баштапкы маалыматына караганда, газ жарылган. "Интерфакс" агенттигине аталган министрликтен "Баштапкы маалыматтар боюнча беш кабаттуу үйдүн батирлеринин биринде газ баллону жарылган"... Читать дальше...
Эко-кыймыл жана эко-активизм деген эмне? Кыргызстанда таштандынын көлөмүн азайтууга ар бир жаран кандай салымын кошо алат? Пластикти кайра иштетүү деген эмне? "Эже-сиңдилер" бул жолу экология темасын талкуулайт.
Франциянын маданият министри Рима Абдул-Малак Кыргыз Республикасынын эл артисти Муратбек Бегалиевге Искусство жана көркөм адабият орденинин кавалери наамын ыйгарды. Сыйлыкты Франциянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Франсуа Делаус 18-ноябрда тапшырды. Наамды тапшыруу аземи Абдылас Малдыбаев атындагы Улуттук академиялык опера жана балет театрында өттү. Франциянын Искусство жана адабият ордени 1957-жылы искусство, адабият тармагындагы жетишкендиктери үчүн кошкон салымы үчүн өзгөчөлөнгөн инсандарга ыйгаруу максатында түзүлгөн. Читать дальше...
“Азаттыктын” каарманы, Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) медицина факультетинин 1-курсунун студенти - 85 жаштагы Мамат Кулматов окуу үчүн акы төлөөдөн бошотулганын "Азаттыкка" билдирди. Буга чейин айына 2500 сом төлөп, шарты жок батирде жашап жаткан аксакалга окуу жайдын жатаканасынан бөлмө да берилген. “Учурда шарты жакшы жатаканада жашап жатам. Мындай шартты окуу жай түзүп берди. Кубанып турам. Келишим боюнча жылына 45 миң сом төлөшүм керек эле. Эми акысыз окуйсуз дешти”, - деди Мамат Кулматов. Читать дальше...
20-ноябрда өлкөнүн көпчүлүк аймагында жаан, кар, тоо этектринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…5, күндүз 7…12; Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз 6…11; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 3…8, күндүз 7…12; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 3…8; Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз -1…+4; Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз жаан жаайт. Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев чек ара тактоода Тажикстандын бийлиги менен жемиштүү сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди. 18-ноябрда "Регион" телеканалына курган маегинде ал кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо тууралуу документтер, кыргыз-тажик чек арасы тууралуу эки тараптуу сүйлөшүүлөр жөнүндө маалымат берди. "Мен үч-төрт күн мурун өкмөттөр аралык комиссия менен чогуу барып, жолугушууга катышып келдим. Биз кайсы бир деңгээлде чечүүгө аракет кыла баштадык. Читать дальше...
Мурдагы президент Курманбек Бакиевге таандык турак жайдын ордуна салынып жаткан реабилитациялык борбордун курулушу аяктап калганы кабарланды. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков Фейсбукка жазды. "Үч кабаттуу жана жертөлөсү менен салынып жаткан реабилитациялык борбор заман талабына ылайык келет. 100 орундуу борбор балдардын ден соолугуна акысыз кызмат көрсөтөт. Курулуш башталган кезде такталбаган көп маалыматтар тарап, атайын каралоо, жалаалар айтылган. Читать дальше...
19-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан "Мага баары бир эмес" деген аталыштагы жарандык форумда мамлекет жана жарандуулук темасында сүрөт көргөзмөсү өттү. Ага "Азаттыктын" фотокабарчысы Гүлжан Турдубаева жана сүрөтчүлөр Данил Усманов, Гулиза Урустамбек кызы жана Илья Денбровдун эмгектери коюлган. Бүгүн Бишкекте "Мага баары бир эмес" деген аталышта V Жарандык форуму өтүп жатат. Анда "Бүгүнкү күндөгү жарандуулук, симптомдор, диагноз, эскертмелер", "Жарандуулук жана мамлекет", "Жарандуулук билими" жана "Эркиндик... Читать дальше...
Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы кыргыз-өзбек чек арасындагы "Бек-Абад" өткөрмө бекетинде оңдоо иштери жүрүүдө. 18-ноябрда президенттин Жалал-Абаддагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышканын өкүлчүлүктөн билдиришти. Буга чейин бекеттеги кишилер жана унаалар өтүүчү жолдорду оңдоо, тейлөө шарттарын жакшыртуу үчүн мамлекеттен каражат бөлүнгөн. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев эки тараптуу макулдашуунун негизинде кыргыз-өзбек... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Абдывахап Нурбаев Кыргызстандагы билим берүү системасы эскиргенин, бул система менен билимдүү коом курууга мүмкүн эместигин айтууда. Ал бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан "Мага баары бир эмес" жарандык форумунда сүйлөгөн сөзүндө айтты. "Биз бала бакчаларын ачууну жөнөкөйлөштүрүүнү сунуштап жатабыз. Жеке менчик бала бакча ачуу үчүн Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл кызматынан жана Өрткө каршы кызматтан уруксат алса жетишет. Райондук, облустук... Читать дальше...
Айрым ата-энелер балдары үчүн кыргыз тилинде билим берген мектептерди табуудан кыйналышканын айтышат. Алардын билдиришинче, буга кыргызча класстардын толбогону себеп. Ушундай эле пикирлерди социалдык тармактардан да табууга болот. “Азаттык+” бул ирет билим берүү мекемелериндеги кыргыз тилиндеги билим берүүнүн абалын талкуулады.
Сахалин облусунун Тымовск районундагы жарылуудан беш кабаттуу үйдүн подъезди кыйрады. Жарылуудан үч адам набыт болгонун облус губернатору Валерий Лимаренко Телеграм-каналына жазды. Дагы он адам жабыркады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин баштапкы маалыматына караганда, газ жарылган. Куткаруучулар уранды алдынан издөө иштерин улантып жатат. Аларга жергиликтүү тургундар көмөктөшүүдө. Сахалин облустук прокуратурасы жарылуунун себептерин иликтей баштаганы, окуя болгон жерде райондук прокурор жүргөнү кабарланды. Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) терактты алдын алуу чараларында жабыркагандарга кенемте төлөп берүү демилгесин көтөрүүдө. УКМКнын бул тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Документте айтылгандай, эгемендик жылдары бир нече жолу түрдүү теракттардын алдын алуу чаралары жүргүзүлгөндө УКМК кызматкерлеринин аракетинен улам карапайым жарандардын мүлкү жабыркаган учурлар катталган. Бирок мыйзамдарда алардын мүлкүн калыбына келтирүү нормасы бекитилген эмес. Мындан... Читать дальше...
Бишкекте "Мага баары бир эмес" деген аталышта V Жарандык форуму өтүп жатат. Анда "Бүгүнкү күндөгү жарандуулук, симптомдор, диагноз, эскертмелер", "Жарандуулук жана мамлекет", "Жарандуулук билими" жана "Эркиндик, укук, демократия" деген сессиялардын алкагында талкуулар болот. Иш-чарага саясат таануучулар, укук коргоочулар, жарандык активисттер жана башка жарандар катышууда. Форумду "Баштан башта" кыймылы уюштурду. Уюштуруучу Улан Үсөйүн жыйындын алдында Фейсбук баракчасына мындай деген билдирүү калтырган. Читать дальше...
18-ноябрда Бишкекте Honda HR-V автоунаасы уурдалганы тууралуу милицияга маалымат түшкөн. Ошол эле күнү Бишкек-Ош жолунда уурдалган автоунаанын айдоочусу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлерине (ЖКККК) баш бербей, токтобой кетип калган. 10-12 чакырым барган соң, башка автоунаа менен кагышып кеткен. Натыйжада үч адам жабыркады. Ал эми уурдалган автоунаанын рулундагы 29 жаштагы Ш.у.К, анын жанындагы 39 жаштагы М.М.Б., 29 жаштагы Ж.у.Р., 28 жаштагы А.К.Т. аттуу жарандар кармалды. ... Читать дальше...
Кыргыз-өзбек чек арасын тактоодо Ташкент суу ресурстарына, ал эми Бишкек талаштуу жер тилкелерге басым жасаганы эки тараптын келишимдерди бекитүү учурунда белгилүү болду. 17-ноябрда Жогорку Кеңеш кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун дароо үч окууда карап, кабыл алды. Ошондой эле чек арадагы Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө келишим да колдоо тапты. Кыргызстанга жазылган жерлер... Читать дальше...
Бишкекте "Мага баары бир эмес" деген аталышта V Жарандык форуму өтүп жатат. Анда "Бүгүнкү күндөгү жарандуулук, симптомдор, диагноз, эскертмелер", "Жарандуулук жана мамлекет", "Жарандуулук билими" жана "Эркиндик, укук, демократия" деген сессиялардын алкагында талкуулар болот. Иш-чарага саясат таануучулар, укук коргоочулар, жарандык активисттер жана башка жарандар катышууда. Форумду "Баштан башта" кыймылы уюштурду. Кыргызстандын саясий тагдыры талкууланган жарандык форумдар буга чейин төрт жолу түрдүү аталыштарда өткөн. Читать дальше...