Акыркы эки аптада УКМКнын тергөө абагында кармалып турган экинчи шектүү жаран каза болду. Үч күн мурун банкир Бакыт Асанбаевдин асынган абалда сөөгү тергөө абагында табылды. УКМК Асанбаев өз жанын кыйганын билдирүүдө.
Ирандын Исфахан провинциясындагы Махмудабад өндүрүштүк шаарчасындагы миңдеген жумушчулар үчүнчү жолу катары менен нааразылык акциясын улантууда. Шаарчадагы таш иштетүүчү фабриканын 300 миңден ашуун жумушчусу бийликтин коркутканына карабай, дүйшөмбү күнү да жумушка чыккан жок. Айрым булактар ырастагандай, фабриканын жумушчулары жергиликтүү кесиптик кошуундун лидеринин өткөн аптадагы билдирүүсүнөн кийин иш таштай турганын жарыялашкан. Көп өтпөй коопсуздук кызматкерлери кармап кеткен ал активист... Читать дальше...
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Конституцияга өзгөртүү киргизүү үчүн референдум өткөрүүнү сунуш кылды. Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, Мирзиёев бул сунушун 20-июнда Баш мыйзамга киргизиле турган түзөтүүлөр боюнча сунуштарды кабыл алуучу комиссиянын жыйынында айтты. "Азыркы кооптуу мезгил жана биздин айланабыздагы татаал абал мекенибиздин тагдырына дагы жоопкерчиликтүү мамиле кылууну жана артка калтырылгыс стратегиялык чечимдерди кабыл алууну талап кылып жатат", - деп билдирди өзбек президенти. Читать дальше...
Кыргызстанда көп аялдуулукка мыйзам жол бербегени үчүн бул боюнча расмий маалыматтар жок. Мындай тагдырга кабылгандар да турмушу тууралуу дээрлик үн катпай келет. “Данисте” бул берүүдө көп аялдуулукка туш болгондордун жашырынган жашоосун көрсөтөт.
Cаясат талдоочу Марат Казакпаев менен “Айыл банктын” төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин өлүмүн иликтеген комиссиянын алгачкы жыйыны жабык өттү. Ага атайын кызматтын төрагасы катышып, маалымат берди. Эми комиссия 22-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына барат. Комиссияга маркумдардын жакындары дагы мүчө болгон. Алгачкы отурумда ал туугандарынын жүйөсү айтылып, атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат берди. Казакпаевдин аялы Анар Казакпаева... Читать дальше...
Саясат таануучу Марат Казакпаевдин жана "Айыл Банктын" төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин өлүмүн иликтөө үчүн түзүлгөн комиссияны Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жетектей турган болду. Маалыматка караганда, комиссиянын курамына акыйкатчы Атыр Абдрахматова, Жогорку Кеңештин, мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү, Казакпаев менен Асанбаевдин жакындары кирген. Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) тергөө абагында бир аптада эки кишинин каза табышы атайын кызматтын дарегине сынды күчөттү. Читать дальше...
Ооганстандын Нангархар провинциясындагы базарда болгон жарылуудан кеминде эки киши мерт болду. Дагы 28 киши жараат алды. "Талибан" өкмөтүнүн Маалымат жана маданият департаментинин расмий өкүлдөрү "Азаттык" радиосунун ооган кызматына ырасташкандай, 20-июндагы жарылууда жарадар болгондордун арасында талибдердин беш өкүлү бар. Базардагы жарылууга эмне себеп болгону ачык айтыла элек. Жергиликтүү маалымат каражаттары бомба коюлган автоууна жарылышы мүмкүндүгүн, бул чабуул "Талибандын" аймактагы... Читать дальше...
Саясат таануучу Марат Казакпаевдин жана "Айыл Банктын" төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин өлүмүн иликтөө үчүн түзүлгөн комиссияны Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жетектейт. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты. Маалыматка караганда, комиссиянын курамына акыйкатчы Атыр Абдрахматова, Жогорку Кеңештин, мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү, Казакпаев менен Асанбаевдин жакындары кирген. 56 жаштагы саясат таануучу, профессор Марат Казакпаев 9-июнда Улуттук коопсуздук... Читать дальше...
Кыргызстанда жалпы 3409 этникалык кыргызга "кайрылман" макамы берилген. Бул тууралуу 20-июнда парламенттин тармактык комитетинин жыйынында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев билдирди. "Кайрылман" макамын алгандардын көбү Өзбекстандан келгендер. Өзбекстандан келген - 1753 киши. Тажикстандан келген - 1463 киши; Башка өлкөлөрдөн келген - 193 киши Булардын ичинен 1500гө жакыны Кыргызстандын жарандыгын алуу үчүн документтерин тапшырган. Садыр... Читать дальше...
Франциянын премьер-министри Элизабет Борн жекшембидеги парламенттик шайлоонун жыйынтыктарынан кийин өлкөдө "мурда болуп көрбөгөн кырдаал" түзүлгөнүн айтты. Ал добуш берүүчүлөрдүн чечимин сыйлоо зарылдыгын, дүйшөмбүдөн тарта француз бийлиги баалардын кымбатташы сыяктуу маселелерди чечүүнүн үстүндө иштей баштай турганын белгиледи. "Бешинчи республиканын тушунда Улуттук ассамблея эч качан мындай конфигурацияны башынан өткөргөн эмес. Улуттук жана эл аралык деңгээлдеги биздин алдыбыздагы маселелерди... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында миграция маселеси талкууланып жатканда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен айрым депутаттар кайым айтышты. Эл өкүлдөрү Байсаловдун "суроого түз жооп берүүдөн качып, башка маселелер боюнча сүйлөп жатканын" сынга алышты. Депутат Айбек Осмонов президенттин парламенттеги өкүлүнө кайрылып, Эдил Байсаловду тартипке чакырууну сунуштады. "Эдил Байсалов боюнча президенттин өкүлүнө кайрылам... Читать дальше...
Иран апрель айында Имам Реза мавзолейинде эки шиит диниятчысын өлтүрүүгө жана дагы бир адамды жарадар кылууга шектелген 21 жаштагы өзбек тектүү Абдолатиф Морадини өлүм жазасына тартты. Ал Ирандын түндүк-чыгышындагы Мешхед шаарында Вакилабад түрмөсүндө дарга асылганын аталган аймактын башкы судьясы Голамали Садехи билдирди. 5-апрелде Мешхед шаарындагы мавзолейде диний кызматкерлер Хаятолислам Мохаммад Аслани жана Мохаммад Садех Дараейи бычакталып өлтүрүлгөн. Чабуул Рамазан айында мавзолейде зыяратчылардын жоон тобу жүргөн учурда болгон. Читать дальше...
Орусияда 1834 кыргызстандык ар кандай кылмыштарга айыпталып абакта отурат. Бул тууралуу бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында маалымат берип жатып Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев билдирди. Анын айтымында, кылмыш жоопкерчилигине тартылгандардын көбү "уурулук" беренеси менен камалган. Арасында "киши өлтүрүү", "баңгизат ташуу" беренелери менен абакка түшкөндөр бар. "Өтө оор кылмыштар менен 859, экономикалык кылмыштар менен 109, баңгизатка байланыштуу 327 адам абакта отурат", - деди Абдиев. Читать дальше...
Айдай Максатбекова бир канча ай мурун англис тилиндеги китептер сатылган алгачкы китеп дүкөнүн ачкан. Ал жакында эле Бириккен Араб Эмиратындагы Шаржа шаарында өткөн "Китеп сатуучулардын эл аралык конференциясына" Борбор Азиядан чакыруу алган жалгыз катышуучу болду. - Бул иш-чарага Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн, Азия жана Африка мамлекеттеринен 200дөн ашуун китеп сатып иштегендер, дистрибюторлор, басма үйлөрүнүн ээлери катышыптыр. Конференцияга чакыруу менен гана катышышат экен. Сиз бул иш-чарага кандайча барып калдыңыз? Читать дальше...
Быйыл беш айда Кыргызстанга 258 мигранттын сөөгү алып келинди. Бул тууралуу бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров билдирди. Өткөн жылы "Жүк-200" алып келүүгө бюджеттен 45 млн. 270 миң сом жумшалган. Быйыл жыл башынан бери сөөк алып келүүгө 25 млн. сом каражат бөлүнгөн. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Тышкы миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аткарылышы, эмгек мигранттарынын... Читать дальше...
Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев 19-июнда Алматы шаарындагы Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетте өткөн лекциядан соң "Азаттыктын" кабарчысынын Казакстандагы Январь окуялары тууралуу суроосуна жооп берди. Ал ондогон адамдын өмүрүн алган бул окуяларды "калктын өнүгүүнүн жаңы деңгээлине көтөрүлүү аракети" катары сыпаттады. "Менимче, ар бир калк, ар бир улут маал-маалы менен өнүгүүнүн жаңы деңгээлине көтөрүлүүгө аракет кылат. Бул табигый процесс. Эгер лидерлер алдыны көрө билсе, бул социалдык нааразылыгы жок эле ишке ашат.
Быйыл "Алтын Тамга" сынагына катышкан 2232 талапкердин ичинен 80 бүтүрүүчү артыкчылык аттестатын алмай болду. Бул тууралуу маалымат Билим берүү жана илим министрлигинин сайтына жарыяланды. Артыкчылык аттестатын алгандардын көбү Бишкек шаарындагы мектептердин бүтүрүүчүлөрү. Алардын саны - 37. Баткен облусу - 3 окуучу Бишкек шаары - 37 окуучу Жалал-Абад облусу - 11 окуучу Нарын облусу - 1 окуучу Ош шаары - 3 окуучу Ош облусу - 15 окуучу Талас облусу - 3 окуучу Чүй облусу - 1 окуучу Ысык-Көл... Читать дальше...
Армениянын Коргоо министрлиги 18-19-июнь күндөрү Азербайжан күчтөрү менен чек арасында бир аскери мерт болгонун билдирди. Бирок окуянын чоо-жайы тууралуу маалымат берген жок. Азербайжан армиясынын өкүлдөрү чек ара аймагында ок атылганын ырастады. Армян тарап өз күчтөрү "түрдүү калибрдеги куралдан" Азербайжандын армиясын көздөй ок атканын мойнуна алышты. Тоолуу Карабак аймагына жана анын айланасындагы райондорго байланыштуу 2020-жылдын күзүндө чыккан алты апталык согуштан бери Кавказдагы бул... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин тармактык комитети Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) Баткен облусундагы “Региондук экономикалык өнүктүрүү” экинчи долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоорун дароо үч окууда карап, аны жактырды. Анда экономика жана коммерция министринин орун басары Чоро Сейитов Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин жыйынында баяндама жасап, жалпысынан 50 миллион доллар алуу каралганын, акчанын теңи грант, калган жарымы насыя болорун билдирди. Читать дальше...
"Билим берүү мекемелеринин кенеши", балдардын билим берүү уюмдарынын бирликтери, KG Analytics коомдук фонду жана Мамлекеттик саясатты анализдөө борбору баштаган уюмдар “Билим берүү жөнүндө” мыйзам долбооруна байланыштуу өлкө бийлигине кайрылуу жолдоду. Жарандык коом мүчөлөрү даярдаган сунуштарынын 95% мыйзам долбооруна кошулбай калганын белгилешкен. Сунуштар бир катар тегерек столдор, вебинарлардын жана эксперттик талкуулардын өтүшү менен, башка мамлекеттердин мыйзамдары изилдөөдөн кийин даярдалганы айтылат. Читать дальше...
Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри Азат Узаковдун абактагы мөөнөтү дагы эки айга узартылды. Соттун чечими менен ал 18-августка чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин убактылуу тергөө абагында болот. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди. Узаков социалдык объектилерди курууда акча каражатын уурдоого шектелип 19-февралда кармалган. Атайын кызматтын буга чейин тараткан маалыматына ылайык, Азат Узаков өкмөттүн аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар... Читать дальше...
"Кыргызгидромет" кабарлагандай, 21-июнда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13...18, күндүз 24...29, Талас облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 20...25, Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 14...19, күндүз 24...29, Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн 10...15... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты комитетинин соңку көчмө жыйыны Таластагы Жерүй алтын кенинде өттү. Парламенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, анда депутаттар алтын иргеген фабриканын иши менен таанышты. Экологиялык жана салык мыйзамдарын сакталышына, өндүрүштүк коопсуздукту жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелерине көңүл бурулду. "Кадр саясаты тууралуу да сөз болуп, жумушчулардын маянасын жакшыртуу маселеси көтөрүлдү. Ошондой... Читать дальше...
Акыркы бир аптанын ичинде (13-19-июнь) Кыргызстанда жолдо жүрүүнүн эрежесин бузган 19 миңден ашуун учур катталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди. Алардын ичинен мас абалында машине айдаган 237 айдоочу аныкталган. Катуу ылдамдыкта машине айдагандар 3,7 миңден ашкан. 900 автоунаа айып короого токтотулуп, 200дөй айдоочу документи жок унааны башкарганы аныкталды. Соңку учурда кан жолдо кырсыктагандар көбөйдү. 10-июнда таңга жуук Ысык-Көл облусунун Балыкчы ... Читать дальше...
19-июнда Бишкекте күрөш боюнча 17 жана 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионаты башталды. Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмундагы маалыматка таянсак, мелдештин алгачкы күнү 17 жашка чейинкилер арасында грек-рим күрөшүнөн жети салмакта байгелер ойнотулду. Кыргызстандык балбандар бул күнү эки алтын, бир күмүш жана бир коло байге алды. Алтын медалды Жантөрө Мирзалиев (60 кг), Нурболот Сыргабай уулу (92 кг) жеңди. Ал эми күмүш медалга Кубаныч Аринов (51 кг), коло байгеге Абдулходжа Абдулходжаев (55 кг) ээ болду. Читать дальше...