Президент Садыр Жапаров саясат таануучу Марат Казакпаевдин жана "Айыл Банк" төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин өлүмүн изилдөө үчүн комиссия түздү. Президенттик администрациянын билдиришинче, комиссия эки окуяны ар тараптуу изилдемекчи. "Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен саясат таануучу Марат Казакпаевдин өлүмү, "Айыл Банк" ААК башкармасынын төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин УКМКнын убактылуу тергөө абагында өзүнө кол салуу фактыларын бейтарап жана объективдүү изилдөө үчүн жумушчу комиссия түзүлдү"... Читать дальше...
Өз "тилин" ойлоп тапкан жасалма интеллект. Окумуштууларга жардамга келген жөргөмүш желеси. Куурулбаган балыктын тери рагы менен байланышы. "Азаттыкта" илимдеги соңку жаңылыктардын топтому. Жөргөмүш желеси аба көрсөткүчү боло алабы? Ольденбург университетинин окумуштуулары микропластиктин абадагы курамын аныктоонун жаңы ыкмасын ойлоп табышты. Жардамга кадимки жөргөмүштүн желеси келди. Жөргөмүш желеси шаар абасынын оор бөлүкчөлөр менен канчалык булганганын аныктоодо укмуштуудай органикалык каражат экени анык болду. Читать дальше...
"Айыл Банк" ачык акционердик коомунун төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаев УКМК абагында каза болду. Аны 18-июнда түнкү саат бирге жакын абактын кызматкерлери асынып турган абалда тапкан. Маркумдун жакындары банк кызматкеринин өз жанын кыйганына ишенбейт.
19-июндан 26-июнга чейин Бишкекте 17 жашка чейинки жана 23 жашка чейинкилер арасында күрөш боюнча Азия чемпионаты өтөт. Мелдешке 21 мамлекеттен спортчулар келери күтүлүп жатат. Кыргызстандан 60 балбан мелдешке катышат.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында асынып турган жеринен табылган "Айыл Банктын" төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин соту жакынкы күндөргө белгиленген эмес. Бул тууралуу "Азаттыкка" маркумдун жактоочусу Нур Кылычбаева билдирди. "Иш сотко өтө элек болчу. Ушундан улам эч кандай комментарий бере албайм", - деди адвокат. Адвокат Асанбаев менен бир эле жолу сурак маалында жолукканын белгиледи. Буга чейин айрым укук коргоочулар, маркумдун жакындары "Аманбаев дүйшөмбү күнү абактан бошотулмак болгонун... Читать дальше...
Касым-Жомарт Токаевдин басма сөз кызматы казак президенти Орусиянын Александр Невский атындагы орденинен баш тартканын билдирди. Басма сөз катчы Руслан Желдибайдын "Власть" журналына билдиришинче, Токаев президенттик мөөнөтү аяктаганга чейин жергиликтүү дагы, чет элдик дагы сыйлыктарды алуудан баш тартууну чечкен. Невский ордени Токаевге Санкт-Петербургдагы экономикалык форумда тапшырылмак. 17-июнда бул жыйынга катышкан Токаев орусиячыл жикчилдер өзүң өзү көз карандысыз өлкө катары жарыялап... Читать дальше...
Бүгүн, 18-июнда Ооганстандын борбору Кабулдагы cикх храмына чабуул жасалып, эки киши каза болду. Теракттан бир нече адам жараат алганын сикх жамаатынын лидери Гурнам Синх "Азаттыктын" ооган кызматына кабарлады. "Кол салуу болгон маалда отуздай киши храмдын ичинде отурган, алардын баары тирүүбү же жокпу, билбейбиз", - деди Синх. "Талибандын" (Кыргызстанда тыюу салынган уюм) ички иштер министри Абдул Нафи Такур храмга жардыргыч зат толтурулган машине чабуул койгонун билдирди. Окуя болгон жерде тазалоо иштери жүрүп жатканы маалымдалды. Читать дальше...
"Айыл Банк" ачык акционердик коомунун төрагасынын орун басары Бакыт Асанбаев УКМК абагында каза болду. Аны 18-июнда түнкү саат бирге жакын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери асынып турган абалда тапкан. "2022-жылы 18-июнда түнкү саат 00:55 чамасында Бакыт Асанбаев камерасында асынып алган абалда табылган. Ага жабык жайдын кызматкерлери жана камералаштары биринчи медициналык жардам көрсөтүп, "Тез жардам" кызматы чакырылган. Бакыт Асанбаев жанындагы айыпталуучулар башка камерада намаз окуп жатканда өзүнө кол салган"... Читать дальше...
18-июндун түнүндө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин убактылуу тергөө абагында өз жанын кыйды делген "Айыл Банктын" мурдагы төрага орун басары Бакыт Асанбаевдин өлүмүн Аскер прокуратурасы текшере баштады. Бул тууралуу "Азаттыкка" Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады. Окуя электрондук маалымат каттоонун бирдиктүү реестрине киргизилди. Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы тергөө-изоляторундагы видео-байкоо жазууларды алып, кызматкерлер суралууда. Маркумдун соттук-медициналык экспертизасы дайындалды. Читать дальше...
Эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчысы Султан Раевдин Венгриядагы расмий сапары уланууда. 16-июнда Венгриянын Тышкы иштер жана тышкы соода министрлигинде мекеменин мамлекеттик катчысы Тамаш Менцер менен жолугушууда эки тараптуу кызматташтыктын негизги багыттары талкууланып, венгр өкмөтү маданий дипломатиялык ишмердүүлүгүн жүргүзүп келе жаткан бул эл аралык уюмдун ишине колдоо көрсөтүүсүн уланта берери белгиленди. Тамаш Менцер уюм венгриялык маданияттын жана искусствонун көрүнүктүү өкүлдөрүнүн... Читать дальше...
"Кыргызгидромет" кабарлагандай, 19-июнда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан жаабайт. Батыштан соккон... Читать дальше...
Депутат Шайлообек Атазовдун кыздарды миграцияга ата-энеcинин коштоосу менен же күйөөгө чыккандан кийин гана жиберүү демилгеси "аялдардын укугун чектөө" катары сынга кабылды. “Эже-сиңдилер” берүүсүңдө биз ушул темада сүйлөшөбүз.
18-июнда түнкү саат бирге жакын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин убактылуу тергөө абагында апрель айынан бери камакта жаткан "Айыл Банк" ачык акционердик коомунун төрагасынын орун басары Бакыт Асанбаев каза болду. Абак кызматкерлери аны асынып турган абалда тапкан. Бул тууралуу "Азаттыкка" УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады. "2022-жылы 18-июнда түнкү саат 00:55 чамасында Бакыт Асанбаев камерасында асынып алган абалда табылган. Ага жабык жайдын кызматкерлери жана камералаштары биринчи медициналык жардам көрсөтүп... Читать дальше...
“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы өлкө ичиндеги каттамдар үчүн жаңыланган эксперименталдык вагон жасады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы маалымдады. Жарактан чыккан вагонду жаңылап, ички жасалгасын заманбап талаптарга ылайык кайрадан жасап чыгышкан. Коопсуздук талаптарына да көңүл бурулган. Вагондун шыбына терезелер коюлуп, муздаткыч, таза суу, кол жууган чорго тагылган. Абаны муздатып турган система киргизилген. Жаңылоо иштерин “Кыргыз темир жолу” өз каражатына аткарганы кабарланды. Читать дальше...
Жогорку Кеңештеги эки фракция Мамлекеттик ипотекалык компаниядан турак жай үчүн насыя алуунун шарттарын талкуулады. Бул компания иштей баштаган 2016-жылдан бери алты миңден ашык киши үйлүү болду. Расмий эсепте Кыргызстанда 200 миңдей адам турак жайга муктаж. Мындай жүрүш менен маселе качан чечилери белгисиз. Ал эми мамлекеттен ипотекага батир алууну каалагандар бир жагынан документ топтоо татаал экенин, экинчи жагынан айлыктын көзүн карап иштегендердин акчасы жетпей жатканын айтышат. Ипотека... Читать дальше...
18-июнда кечки саат алтыда Бишкектеги “Ала-Тоо” кинотеатрынын алдында эл аралык йога күнү белгиленет. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады. Сегизинчи жолу өтүп жаткан иш-чараны Индиянын Кыргызстандагы элчилиги менен калаа башчылыгы бирге уюштурган. Йога күнүнүн алкагында Курманжан Датканын эстелигинин алдында йога сабактары уюштурулат. Йога - дене менен рухтун биримдигин камтыган байыркы индиялык салт. Дене менен жан дүйнө сергектигинин этикалык маданияты болуп саналат. Читать дальше...
17-июнда түнкүсүн катуу жааган жаандан улам Жалал-Абад облусундагы Гуруч участкасындагы дамбанын жээги жарылып, Чаңгыр-Таш жана Калинин айылындагы 50дөн ашуун турак жайдын короо жайын суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Сел эки мектеп, бир ооруканага караштуу аймакты да каптаган. Сузак-Кара-Дарыя жолунун алтынчы чакырымына кум аралаш шагыл түшүп, жол убактылуу жабылган. Сел каптаган айылдарга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери куткаруу иштери үчүн тартылды. Читать дальше...
Кыргызстанда 2017-жылдан бери Бириккен Улуттар Уюмунун туруктуу координатору болуп иштеген Озонния Ожиелонун өлкөдөгү миссиясы аяктады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. 17-июнда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Ожиело менен жолугуп, ага БУУ мекемелери менен Кыргызстандын бийлик органдарынын ортосундагы кызматташуу механизмдерин жөнгө салганы жана пандемия маалында өлкөгө берген жардамы үчүн ыраазычылык билдирди. БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору... Читать дальше...