Түркмөн бийлиги кыз-келиндердин сырткы келбетине көзөмөлдү күчөтүүдө. Көчөлөрдө, сулуулук салондорунда жана жогорку окуу жайларында гана эмес, мамлекеттик мекемелерде да түркмөн аялынын "туура образы" тыкыр текшерилип жатканы айтылууда. “Азаттык” радиосунун түркмөн кызматынын кабарчысынын айтымында, өткөн аптадагы текшерүүдө мугалимдер, билим берүү кызматкерлери жана медик аялдар жеңи узун көйнөк кийип, жоолук салынып жүрүүгө милдеттендирилди. "Мугалим, тарбиячы жана медицина кызматкерлери сары чачын карага боёшу керек. Читать дальше...
Активист Роза Маманова журналисттин өлүмүнө байланыштуу 26-апрелде Ош облустук ички иштер башкармалыгына күбө катары суракка кирип чыкканын билдирди. Маманованын "Азаттык" радиосуна кабарлашынча ал журналист Арзыгүл Галымбетова каза болгондон бери тынбай суракка барып жатат. Активист журналисттин өлүмүнө тиешеси жок экенин, соттук-медициналык экспертизанын корутундусу чыга электигин белгиледи. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз өкүлү Нурпери Абдуллаева "Азаттыкка" Роза Маманова... Читать дальше...
Президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкулов Жогорку Кеңештин депутаты Жалолидин Нурбаевдин Аравандагы Алля-Анаров айыл өкмөтүн жетектеп тургандагы мыйзам бузуулар тууралуу президентке, өкмөт башчыга жана прокуратурага кайрылуу даярдалып жатканын "Азаттыкка" билдирди. Мунун алдында парламенттин жыйынында депутат Акылбек Түмөнбаев баштаган бир катар эл өкүлдөрү "Жаныкулов депутат Нурбаевди каралап жатат" деп айтып чыгышкан. Мындан улам ага карата чара көрүү тууралуу протоколдук... Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров дагы июнь коогасына байланыштуу күбө катары 27-апрелде Башкы прокуратурага сурак берип чыкты. Бул тууралуу башкы көзөмөлдөөчү органдын басма сөз кызматы билдирди. Садыр Жапаров 2010-жылы Апрель ыңкылабына чейин Мамлекеттик кадр кызматына караштуу Коррупциянын алдын алуу боюнча агенттиктин директору болуп турган. Башкы көзөмөлдөөчү орган 26-апрелде 2010-жылдагы июнь коогасына байланыштуу козголгон кылмыш ишин тергөө уланып жатканын билдирген. Ага ылайык, кылмыш иши Жалал-Абаддагы... Читать дальше...
Өкмөт быйыл Ош-Баткен-Раззаков жолунун Ноокат районундагы бөлүгүндө 47 км жолду оңдоого киришти. Ноокаттын ичин аралап өткөн жолдун эки тарабында кызыл сызыкка чыгып кеткен 132 курулуш объектилери бузулуп жатат.
Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Temirov LIVE каналынын негиздөөчүсү, иликтөөчү журналист Болот Темировго козголгон иштерде кылмыштын мөөнөтүнө байланыштуу жагдай эске алынбаганын билдирди. Ал бул тууралуу 27-апрелдеги Фейсбуктагы баракчасына жазды. "Ачык булактардагы маалыматтарды талдап чыккандан кийин, Болот Темировдун өзү менен сүйлөшкөн соң укук коргоо органдары кылмыш ишин мөөнөтү өтүп кеткенинен улам кыскарткан норманы колдонбой койгону түшүнүксүз. Мага белгилүү болгондой, Темировдун адвокаттары дагы буга байланыштуу кайрылган экен. Читать дальше...
Жогорку Кеңеш 27-апрелдеги жыйынында тышкы иштер министри кызматына Жээнбек Кулубаевдин талапкерлигин бир добуштан колдоду. Талкуу маалында депутаттар чек ара, "кара тизмедеги" мигранттар, Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчилери жана кадр тандоого байланыштуу маселелерди көтөрүштү. Кулубаев 23-апрелден тартып тышкы иштер министринин милдетин аткарып жатат. 22-апрелде мурдагы тышкы иштер министри "башка ишке өткөнүнө байланыштуу" деген негизде Руслан Казакбаев кызматынан кеткен. 59 жаштагы Жээнбек... Читать дальше...
Жогорку Кеңеште тышкы иштер министри кызматына Жээнбек Кулубаевдин талапкерлиги каралып жатканда депутат Жанар Акаев Кытай жана араб өлкөлөрү менен дагы өнүктүрүү фонддорун түзүүнү сунуштады. Кулубаев буга байланыштуу иштер жүрүп жатканын айтты. "Буга чейин кесиптешим Руслан Казакбаев көп иштерди жүргүзгөн. Өткөндө расмий сапар менен Кытайга барганда бул тууралуу сүйлөшүүлөр болгон. Жакын арада Кытай менен инвестициялык фонд түзүү боюнча өкмөт аралык жолугушуу болот. Биз Кытайга бардык сунуштарыбызды бергенбиз. Читать дальше...
Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги токтомуна ылайык, көзөмөл-кассалык аппараттарды колдонуу боюнча бир катар ченемдер кабыл алынды. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди. Токтомго ылайык, ККМди каттоо жана аны колдонуу жана аны пайдалануунун эрежелери, ККМсиз иш жүргүзө алган субъектилердин тизмеси, фискалдык маалыматтардын операторуна жана техникалык тейлөө борборлоруна талаптар иштелип чыккан. Маалыматта Салык кызматынын системасында катталган көзөмөл-кассалык аппараттар техникалык кароодон өткөрүлбөйт... Читать дальше...
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 27-апрелдеги жыйынында тышкы иштер министри кызматына талапкерлиги каралып жаткан Жээнбек Кулубаев билдирди. "Мунапыс 2019-жылы берилиптир. Биз буга байланыштуу дагы эки жолу кайрылып иштеп жатабыз. Жакында эле Орусиядан чоң делегация келип кетти, анда дагы биз бул маселени көтөрдүк. Президент Садыр Жапаров дагы жакында эле Владимир Путинге кайрылган. Биз өтө олуттуу эмес мыйзам бузгандарга мунапыс бергиле деп кайрылганбыз, бул боюнча иштер жүрүп жатат", -деди Кулубаев. Читать дальше...
Жогорку Кеңештин 27-апрелдеги жыйынында депутат Акылбек Түмөнбаев баштаган бир катар эл өкүлдөрү президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкулов "депутат Жалолидин Нурбаевди каралап жатат" деп айтып чыгышты. Мындан улам ага карата чара көрүү тууралуу протоколдук тапшырма берүү сунушу менен спикер Талант Мамытовго кайрылышты. "Жалолидин Нурбаев инвестиция алып келип, элдерди жумуш менен камсыз кылып жатса ошону көрө албай инвесторлорду качырып жатат. Ал (Жаныкулов-ред) кызматын таштап Ютуб жылдызы болуп иштесин... Читать дальше...
АКШ президентинин майыптыгы бар адамдардын эл аралык укугу боюнча атайын кеңешчиси Сара Минкара инклюзивдик чөйрөнү коом өзү гана жарата алат деген пикирде. Ал шайлоого майыптыгы барлардын катышуусу, аларга түзүлгөн шарттар, инклюзияны баштоонун оңой жолдору тууралуу "Азаттыкка" маек курду.
“Азаттыктын” "Арай көз чарай" талкуусунда күрөш боюнча Азия чемпионатынын жыйынтыгын талкууладык. Талкууга эркин күрөш боюнча СССРдин жана Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу Жеңиш Дөңбаев, Олимпиадалык спорт түрлөрү боюнча дирекциянын жетекчиси Нурланбек Исмаилов, Кыргызстандын күрөш федерациясынын мүчөсү Талант Жекшенов жана Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын улук машыктыруучусу Улукбек Карачолоков катышты.
Санариптик өнүгүү министри Талант Иманов Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинде паспорт мафиясы күчөгөнүн билдирип чыкты. Министрдин айтмында, паспорт мафиясы улуттук коопсуздукка коркунуч келтирүүдө. Анын кол алдындагы мекемелердеги мафия тууралуу айтуусуна эмне негиз болду? Министр Талант Иманов Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинде паспорт мафиясы күчөгөнүн айтып, ага карата каралоо дагы жүрүшү мүмкүн экенин эскертти. "Санариптик өнүгүү министри... Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров 27-апрелде “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койду. Документке ылайык, эмдиги жылдан тартып Ысык-Көл облусундагы пансионаттарды инженердик коммуникация жана курулмалар менен камсыздабай иштетүүгө тыюу салынат. "Азыркы учурда Ысык-Көлдүн курорттук-рекреациялык зонасынын аймагында жагымсыз экологиялык кырдаал түзүлүүдө. Көлдү жана бул аймакты булгоонун негизги булактарынын бири Ысык-Көлгө куюучу дарыялардын жээгиндеги зоналарда... Читать дальше...
Айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайынын негизги тармактарынын өкүлдөрү өлкөдөгү агроөнөр жай комплексинде реформалар сөз бойдон калып жатканын айтып чыгышты. "Айдоо иштери дээрлик аяктап, агроөнөр жай комплексин кластердик өнүктүрүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү убадалары сөз бойдон кала берүүдө", - деген арыз ээлери президентке кайрылган. Алар мамлекеттик колдоону жакшыртуу үчүн жер, суу жана кредит маселелерин чечүүнү суранды. Ассоциация мүчөлөрү бул боюнча ачык парламенттик угуу өткөрүү керектигин айтып... Читать дальше...
25-апрелде УКМКнын Чек ара кызматы аткезчилик жол менен Тажикстанга жүк алып кирүүгө аракет кылган үч кыргызстандык жаран кармалганын билдирди. Лейлектин 37 жаштагы тургуну автоунаасы менен 700 кг. кир самынды документи жок чек арадан өткөрүүнү көздөгөн. Баткен районундагы Ак-Таш тилкесинде болсо, жергиликтүү тургун Тажикстанга 1 тонна селитра алып өтүүгө аракет кылып, чек арачылар тарабынан кармалган. Лейлектин дагы бир тургуну 500 кг ашык таттууларды жана кир самын менен кармалган. Алдын ала... Читать дальше...
Мамбет Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборунан качып кеткен адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады. Буга чейин алдамчылыкка шек саналып 1997-жылы туулган Э.Н. аттуу жигит өзүн жаман сезип жатканын айткан. Аны 26-апрелде Бишкектин ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайынын коштоочулары ооруканага алып кеткен. Кечки саат 8дер чамасында жигит качып кетип, издөөгө алынган. Бир нече сааттан кийин шектүүАламүдүн-1... Читать дальше...