Өзбекстанда «Улуттук кайра жаралуу» («Миллий Тикланиш») партиясынын лидери “Өлбөс полктун” маршын өткөрүүгө каршы чыкты. Алишер Кадыровдун айтымында, ал акция “жумшак күчтүн” жана пропаганданын куралы. Саясатчы “Биз андай демонстрацияларга каршыбыз” деп 3-апрелде Телеграмына жазды. Муну менен катар парламенттин мыйзам чыгаруу палатасынын спикеринин орун басары Өзбекстандын фашизмди жеңүүгө кошкон салымын белгиледи. Орусиянын Ташкенттеги элчилиги жана «Россотрудничество» сүрөөнгө алган жүрүш пандемияга... Читать дальше...
Алайдагы алыскы айылдардын бири - Талды-Суу. Деңиз деңгээлинен 3100 метр бийиктикте турган айылдын кышы узак, жашоо шарты катаал. Эки жыл мурун кыргыз бийлиги бул айылга Улуу жана Кичи Памирден келген 80ден ашуун кыргызды жайгаштырып, үй салып берген. "Данисте" Талды-Суу айылындагы памирлик кыргыздардын турмуш-турмушу менен таанышып келди.
Президент Садыр Жапаров 4-апрелдин кечинде кайрылуу жасап, “Центерра” компаниясы менен доо-арыздардан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге коюлганын жарыялады. Ага ылайык, Кумтөр кени толугу менен мамлекетке өткөнү, рекультивациялык фонддогу каражат Кыргызстанга берилери айтылды. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эркингүл Иманкожоева "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди. - Президент Кумтөр кени толугу менен мамлекетке кайтканын айтып, өз ара доолордон баш тартуу боюнча... Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров 4-апрелдин кечинде элге кайрылуу жасап, “Центерра” менен келишимге кол коюлганын, “Кумтөр” кени толугу менен мамлекетке өткөнүн жарыялады. Ага ылайык, эки тарап тең доо арыздарынан баш тарта турган болгон. “Центерра” кыргыз тарапка 50 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү бир жолку төлөмдү да төлөп берери айтылды. “Кумтөр” кенин рекультивациялоо фондундагы 53 млн. доллар Кыргызстанга которулары да белгилүү болду. “Центерра” менен кыргыз өкмөтүнүн жетишилген келишими тууралуу... Читать дальше...
Октябрь окуясы боюнча 4-апрелдеги соттук отурумга айыпталуучулардын бири, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев алып келинди. Жараяндын соңунда ал өзүн начар сезип жатканын билдирип, "Тез жардам" алып кетти. Буга чейин Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурумга Атамбаевди күч менен алып келүү аракети болуп, анын аягы чыр менен аяктаган. Биринчи май райондук сотунда Октябрь окуялары боюнча ишти кароо уланып, ага мурдагы президент Алмазбек Атамбаев мажбурлап алып келинди. Атамбаев бул ирет журналисттердин суроосуна жооп берип жатып... Читать дальше...
2022-жылы Кыргызстандын бийлиги Кумтөр алтын кенинен 500 миллион доллар киреше алууну пландоодо. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 4-апрелде кенге байланыштуу жасаган кайрылуусунда айтты. "Эгерде буга чейин биз жыл сайын дивиденддердин символикалуу көлөмүн гана алып келсек, тактап айтканда, 20 жылдын ичинде жалпысынан 85 млн. доллардын тегерегинде алып келсек, өткөн жылдын жети айында эле 323 млн доллар кирешеге ээ болдук. Быйыл буюрса, 500 млн. долларга чейин алабыз", - деди Жапаров. Президент... Читать дальше...
Архитектура, курулуш, турак жай, коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Бишкекте курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн дубалынын урап калышына байланыштуу комиссиянын ишинин жыйынтыгын жарыялады. Анда курулушта колдонулган арматура, тор жана башка темирлер өтө ичке, сапатсыз болгону аныкталганы жазылган. “Комиссия курулуш иштерин жүргүзгөн "КG Восток Сервис" жоопкерчилиги чектелген коомунун лицензиясын убактылуу токтотууну сунуштады. Мындан тышкары бул объектини текшерген кызматкердин жоопкерчилигин карайт. Читать дальше...
“Центерра” компаниясы менен Кыргызстандын ортосундагы талаш-тартышты чечүү жана жөнгө салуу тууралуу келишимге кол коюлду. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 4-апрелде түз эфирдеги кайрылуусунда айтып, Кумтөр толугу менен өлкө менчигине өткөнүн жарыялады. “Мындан ары Кумтөр кени толугу менен Кыргызстанга таандык, башкача айтканда, "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын 100% акциясы республикабызга тиешелүү. Биз кенди өткөн жылдын май айында ага тышкы башкарууну киргизген күндөн тартып эсептелишине жетиштик. Читать дальше...
Кыргыз Эл акыны Омор Султановдун талантынын күчү жана кыргыз адабиятына киргизген жаңылыгы эмнеде? Адабият таануучу жана жазуучу Абдыкерим Муратов “Азаттыктын” ушул жана башка суроолоруна жооп берди.
Улуттук статистика комитети 2-апрелде биринчи болуп Ысык-Көл, Нарын жана Чүй облустарында эл каттоо аяктаганын билдирди. Ош жана Бишкек шаарларында эл каттоо өнөктүгү 3-апрелде жыйынтыкталды. Статистика комитетинин сайтындагы маалыматка караганда, дагы үч күндүн ичинде, 4-6-апрелинде толуктоочу текшерүү жүргүзүлөт. Кошумча убакыт кайра жазылган тургундарды тактоо максатында берилген. Республиканын алыскы аймактарында эл каттоо 2022-жылдын 23-апрелинен 2-майына чейин өткөрүлөт. Кыргызстан боюнча 2 миңден ашык кабинет уюштурулган. Читать дальше...
Саламаттык сактоо министрлиги кабарлагандай, Кыргызстандагы айрым ири ооруканаларда “универсалдуу медайым” долбоору иштеп жатат. Эми министрлик бул тажрыйбаны башка ооруканаларда да жайылтууну көздөгөнүн кабарлады. Долбоордун алкагында бир медайым сегизден 15ке чейин бейтапты карап, аларга ийне сайып эле чектелбей, жалпы психологиялык абалын, саламаттыгын сурап, бейтаптын ден соолугундагы тобокел факторлорду аныктай алат. “Универсалдуу медайымдар” азыр Бишкектеги Улуттук госпиталда, Ош шаардык клиникалык ооруканасында... Читать дальше...
Жогорку Кеңешинин тармактык комитети бүгүн, 4-апрелде жазгы талаа иштеринин жүрүшүн талкуулап, “Айыл чарбасын каржылоо – 10” долбоорунун аткарылышы боюнча маалымат укту. Айыл чарба министринин орун басары Азамат Мукашев долбоордун алкагында дыйкан-фермерлерге “Айыл Банк”, “РСК Банк” аркылуу 6% жеңилдетилген насыялар берилип жатканын айтты. Ошондой эле эгиндердин үрөндөрү Орусиядан сатылып алынып, “Айыл Банк” аркылуу дыйкандарга 2 жылга 4,5% үстөк (жылдык) менен берилип жатканын кошумчалады. Талкуу... Читать дальше...
“Ихсан” турак жай кооперативинин мүчөлөрү 4-апрелде ишкананын Бишкектеги кеңсесине чогулду. Алар каражат берип, бирок кезеги келгенине карабай турак жай ала албай калганын билдирип жатат. Айрымдары “Ихсандан” акчасын кайтарып берүүнү талап кылышты. Кооперативдин өкүлдөрү нааразылык тууралуу комментарий бере элек. Буга чейин бир нече турак жай кооперативдерине да ушундай эле нааразылыктар айтылып, милицияга арыздангандар болгон. Бишкекте "Белый Дом Кейжи" ("Ак үй Кейжи"), Ошто S-LINE турак жай... Читать дальше...
Казакстандын Стратегиялык пландоо жана реформалар агенттигинин улуттук статистика бюросу былтыркы марттан бери азык-түлүк 15 пайызга кымбаттаганын маалымдады. Ага ылайык, кумшекердин баасы 51,5 пайызга, жашылча 44%, картөшкө 37,8 пайызга өскөн. Март айында күнүмдүк керектөө товарларынын жылдык инфляциясынын деңгээли 12 пайыз болду. Салыштыруу үчүн февралда 3,3%га азыраак эле. Баалар өсө баштаганда, 14-мартта казак өкмөтү экономикалык абалды көзөмөлдөп турганын, ар кандай сценарийлер каралып жатканын билдирген. Читать дальше...
Кыргызстан канадалык Centerra Gold компаниясы менен өз ара дооматтарды жөнгө салуу боюнча келишимге кол койгону жатат. Социалдык кызматкерлердин республикалык жыйынында сүйлөп жатып президент Садыр Жапаров "эч кандай соттошуусу жок ажырашып жатабыз" деп билдирди. "Тынч, эч кандай соттошуусу жок ажырашып жатабыз. Биздин пайдабызга чечилип жатат. Кумтөр жана андан башка 30дан ашуун алтын кен чыккан бош жаткан жерлерибиз бар. Бардыгын мамлекеттин менчиги катары өзүбүз иштетебиз деп, "Көчмөндөр мурасы" аттуу холдинг түзгөнбүз... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) уулу Азат Равшандын Кыргызстандан чыгышына тыюу салганын билдирди. Анын айтымында, атайын кызмат мындай чечимдин себебин түшүндүргөн эмес. УКМК бул маалыматка азырынча комментарий бере элек. 15 жылдай убакыттан бери АКШда жашап, иштеп жүргөн Азат Равшан атасы камакка алынганда Кыргызстанга келип, жумушун үйдөн улантып жүргөнүн маалымдады. Равшан Жээнбеков 2019-жылы Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, камакка алынган. Читать дальше...
Ирандын Тышкы иштер министрлиги "өзөктүк келишим боюнча сүйлөшүүлөрдү создукутуруп жатат" деп АКШны айыптады. Министрликтин басма сөз катчысы Саид Хатибзадех "Тегеран түбөлүккө күтүп отура бербесин" билдирди. Анын айтымында, 2015-жылкы келишимди жандандыруу багытындагы бир нече айлык аракеттер акыркы мүнөттө үзгүлтүккө учурап кала жаздады. АКШ Мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы Нед Прайс 22-марттагы брифингде "Тегеран татаал деп эсептеши мүмкүн болгон чечимдерди” кабыл алууга тийиш деп айткан. Читать дальше...
Жумгалдагы Чаек айылынын 12 жаштагы тургуну Нуражар Муслимова тайганчылык өнөргө кызыгат. Азыр анын төрт тайганы бар. Эки жылдан бери облуста өткөн салбуурун мелдештерине күлүк тайгандарын катыштырып, биринчиликти эч кимге бербей келүүдө.
Кыргызстандын аймагында 5-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши мүмкүн. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6…11°, күндүз 23…28° Таласта түнкүсүн 5…10°, күндүз 22…27° Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнү 8…13° күндүз 24…29° Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2…7°, күндүз 16…21° Нарын дубанында түнкүсүн -1…+4°, күндүз 16…21° Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -11…-16°, күндүз... Читать дальше...
Кыргыз эл акыны Омор Султанов жана Кыргыз эл артисти Марат Алышпаев Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүндө жерге берилет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады. Султановду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 5-апрелде саат 10:00дө Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында болот. Алышпаев менен коштошуу зыйнаты ушул күнү саат 13:00дө Улуттук филармонияда өтөт. Омор Султанов 3-апрелде, Марат Алышпаев 4-апрелде дүйнөдөн кайткан.
Бүгүн, 4-апрелде Кыргызстан канадалык Centerra Gold компаниясы менен өз ара дооматтарды жөнгө салуу боюнча келишимге кол коет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров социалдык кызматкерлердин республикалык жыйынында билдирди. Мамлекет башчынын айтымында, кол коюу кечки саат 18:30да түз эфирде көрсөтүлөт. "Тынч, эч кандай соттошуусу жок ажырашып жатабыз. Биздин пайдабызга чечилип жатат. Кумтөр жана андан башка 30дан ашуун алтын кен чыккан бош жаткан жерлерибиз бар. Бардыгын мамлекеттин менчиги катары өзүбүз иштетебиз деп... Читать дальше...
5-апрелде кыргыз-кытай чек арасы коңшу өлкөдөгү майрамга байланыштуу убактылуу жабылат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Кытай тараптын демилгеси менен Цинмин фестивалын (Эскерүү күнү) майрамдоого байланыштуу Торугарт жана Эркеч-Там өткөрмө бекеттери автоунааларды жана жүктөрдү өткөрүүнү убактылуу токтотот. Өткөрүү пункттары 6-апрелден тарта кадимкидей иштей баштайт. Нарындын “Торугарт” өткөрмө бекети аркылуу Кытайдан... Читать дальше...
Президенттин Чүй облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишев кызматтан бошотулушуна дипломунун тиешеси жоктугун "Азаттыкка" билдирди. Ал окуу жайды союз учурунда бүтүргөнүн, кызматтан кетиши ден соолугуна байланыштуу экенин айтты. Эркин Тентишев мамлекет башчы Садыр Жапаровдун буйругу менен бүгүн, 4-апрелде ээлеген кызматтан алынып, президенттин коомдук баштылыштагы кеңшчиси болуп дайындалды. Мунун алдында айрым басылмалар Тентишев дипломуна байланыштуу кызматтан алынганын жазып чыгышкан. Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Нурил Алымбаев президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Жаңы жетекчини жамаатка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тааныштырды. "Жаңы жетекчинин алдында президенттин жарлыктарын жана Министрлер кабинетинин чечимдерин мындан ары ишке ашыруу үчүн көп түйшүктүү иштер турат. Аймактын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүн жакшыртуу үчүн чечкиндүү жана натыйжалуу кадамдарга барып, инвестицияларды тартуу жана өндүрүштөрдү түзүү керек. Читать дальше...
Ошто 2-апрелге караган түнү мыйзамсыз баңги затын ташыган милиция кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) маалымат таратты. Ага ылайык, бир килограмм салмактагы өзгөчө жыты бар баңги затын бекитип таркатып жүргөн жеринен Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын (ИИБ) Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн (УККБ) башчысы, милициянын подполковниги 40 жаштагы А.У.К. жана ошол башкармалыгынын (ИИБ) Милициянын кайгуул кызматы бөлүмүнүн (МККБ) кенже... Читать дальше...