Араван районунда жыйырма күндөн бери "Пекин" капустасынын түшүмү жыйналып жатат. Бул жер жемиш быйыл Өзбекстанга, Орусияга, Казакстанга жүз тоннага жакын экспорттолду. Дыйкандар андан түшкөн киреше жапырт кымбатчылыктан улам жылдагыдай болбой жатканын айтышат. Оштогу кабарчыбыз Арген Нуров Аравандын күнөсканаларындагы дыйканчылык менен таанышып келди.
Камактагы блогер Батмакан Жолболдуеванын ишин Ош облустук милициясы тергемей болду. Бул тууралуу 21-апрелде “Азаттыкка” Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Нурпери Абдуллаева билдирди. Анын айтымында, Жолболдуеванын иши 15-апрелде Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан Ошко которулган. Батмакан Жолболдуеванын бөгөт чарасы бүгүн Ош шаардык сотунда каралат. 49 миңден ашуун катталуучусу бар ”Батма-бат” YouTube каналынын автору Жолболдуева Баткендеги ашкана-дүкөндөрдүн тазалыгын... Читать дальше...
Кумтөр алтын кенинде бүгүнкү күндө жүрүп жаткан иштер абдан жакшы абалда экенин 21-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев билдирди. Ал 19-апрелде Кумтөрдө парламенттин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин көчмө жыйыны өткөнүн маалымдады. Ал депутаттар карьердин өзүнө чыгып, тоо-кен техникасын оңдоочу цехтин, алтын иштетүүчү фабриканын иши менен таанышканын жана жардыруу, казуу иштерине күбө болушканын айтты: “Абдан жакшы абалда экен иштөө процесси. Читать дальше...
Кыргызстанда билим берүү тармагы оор мезгилди баштан кечирүүдө. Өзгөчө мектептеги билим берүүдө көйгөй көп - мугалимдердин, окутуунун сапаты, билим берүүнүн бардык баскычтарында жетекчилердин дараметинин төмөндүгү, мектептеги билим берүүнү башкаруунун жана каржылоонун заманбап ыкмаларынын жоктугу. Бул макалада "KG Аналитика" коомдук фондунун эксперттери мектептеги билим берүүнүн көйгөйлөрү тууралуу сөз кылып, ошондой эле заманбап, дүйнөлүк алкакта атаандаштыкка жөндөмдүү кыргызстандыкты тарбиялоо... Читать дальше...
Дүйнөлүк банк Кыргызстанга климатка туруктуу суу кызматын жакшыртуу долбооруна 100 миллион доллар бөлө турганын билдирди. Банктын расмий сайтына жазылгандай, 19-апрелде Кыргызстандын финансы министри Алмаз Бакетаев менен Дүйнөлүк банктын Борбордук Азия боюнча аймактык директору Татьяна Проскурякова макулдашууга кол койгон. "Бул долбоорду каржылоо Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы аркылуу өтө жеңилдетилген шарттарда берилет. Каржылоонун жарымы кайтарымсыз грант түрүндө, калганы 0,75% административдик төлөм менен кредит... Читать дальше...
Кыргызстандык балбан кыздар Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатынын финалына чыгышты. Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтындагы маалыматка таянсак, бүгүн, 21-апрелде кыз-келиндер күрөшүнөн 50, 55, 59, 68 жана 76 килограмм салмактагы таймаштар айлампа тартибинде өтүп жатат. Кыргызстандан эки балбан күч сынашты. 68 килограмм салмакта Мээрим Жуманазарова жарым финалда монголиялык Дэлгэрмаа Энхсайханды 7:2 эсебинде жеңди. Жарым финалга чейин Жуманазарова эки атаандашын уткан. Читать дальше...
Тemirov LIVE компаниясынын негиздөөчүсү, иликтөөчү журналист Болот Темиров Бишкек шаардык милициясына бүгүн 21-апрелде да суракка кирди. Кечээ ал суракка эки жолу чакырылган. 20-апрелде Темировго карата Жазык кодексинин 379-беренеси ("Документ жасалмалоо"), 378-беренеси ("Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү") боюнча дагы эки кылмыш иши козголгону белгилүү болгон. 18-апрелде Temirov LIVE Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурастын компаниясы... Читать дальше...
Талас облусундагы кыргыз-казак чек арасында жарандардын жана жүк ташуучу унаалардын өтүүсүндө көйгөйлөр жаралууда. Бул тууралуу депутат Дастанбек Жумабеков парламент отурумунда билдирди. Депутаттын айтымында, ушул күндөрү жарандар чек арадан төрт-беш саатта өтүп жатса, кезек күткөн жүк ташуучу унаалар жүздөн ашып, жумалап туруп калууда. "Чоң-Капка өткөрүү пункту менен эл дагы жүк ташуучу унаалар дагы өтүп, кезек көп болуп жатат. Анын жанында Кичи-Капка деген бекет бар. Бул бекет ачылса, эл коңшу мамлекетке каттап... Читать дальше...
Баткен облусун өнүктүрүү боюнча өкмөттүн иш-пландары жана программалары тууралуу ачык маалымат берилбей жатканы боюнча маселе Жогорку Кеңештин 21-апрелдеги жыйынында көтөрүлдү. Депутат Чыңгыз Ажибаев иш-пландары тууралуу Министрлер кабинетинен 1,5 ай мурда сураганын, жооп азыркыга чейин жок болуп жатканын айтты: “Январь айында Акылбек Жапаров “Депутаттар, бюджетти бекитип бердиңер, эми 500 миллион сом Баткен облусуна бөлөбүз” деген. Мындан бир да кабар жок. Эл күтүп жатат”. Министрлер кабинети... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев парламенттин 21-апрелдеги отурумунда, Бишкек шаарынын түштүк тарабындагы көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу борбор калаанын экологиялык абалын коркунучка кептеп жатканын билдирди. "Кышында Бишкектеги экология көйгөйү дайыма көтөрүлөт. Жогорку Кеңеш бир катар токтомдорду кабыл алган. Президент экологиялык коопсуздукту камсыздоо жөнүндө жарлыкка кол коюп, бийик кабаттуу үйлөрдү долбоорлоону карап чыгууну тапшырган. Азыр жаңы Ак үйдү салып бергендерге Бишкектин түштүгүнөн 16 гектар жер берилип жатат. Читать дальше...
Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын тургунунун үйүнөн ири өлчөмдөгү баңгизат табылды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди. Кылмышка шектүү жарандын үйүндө тинтүү жүрүп, сарайынан жалпы салмагы 25 килограммдан ашык жапайы кендирдин жыты бар кургатылган өсүмдүк жана желим идишке куюлган суюктук табылып алынган. 49 жаштагы Каракол шаарынын тургуну кылмышка шектелип кармалган. 2020-жылы баңгизаттарына байланыштуу 795 кылмыш иш катталып, күч органдары 4 тонна 943 килограмм баңгизатын алган. Читать дальше...
Мектептерди 12 жылдык окуу системасына өткөрүү маселесин Жогорку Кеңеш “парламенттик угуу” форматында талкууламай болду. Мындай сунушун “Ынтымак” фракциясы 21-апрелдеги отурумда билдирди. Депутат Аида Исатбек кызы маселени бардык тараптардын катышуусу менен талкуулоо керектигин айтты: “Биздин өлкө ошол системага өтүүгө даярбы? Анын оң жана терс жактары кандай болот? Аймактарга барганда шайлоочулар бул маселени көтөрөт. Ошондуктан депутаттар, министрлер, ата-энелер жана мугалимдер менен талкуулашыбыз керек”. Читать дальше...