Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Азаттыкка" курган маегинде Баткен облусунун Лейлек районунда жер бөлүштүрүүдөн чыккан талаш-тартыш, камоолор тууралуу комментарий берди. Анда бул окуяларды мамлекеттик мүлктөрдү инвентаризациялоо жараяны менен байланыштырды. "Бул инвентаризация аягына чыгып калганынын негизинде чыга баштады. Биз ар бир атуулдун жана өкмөткө таандык жерлердин кимдики экенин тактап чыгабыз. Ушул жылдын аягына чейин инвентаризация аягына чыгат. Бул ошондон чыгып жаткан ызы-чуулар. Читать дальше...
Кыргызигдромет борбору күн ысыганына байланыштуу 12-апрелге чейин тоолуу райондордо, тоолуу автоунаа жолдорунда кар көчкү коркунучу бар экенин эскертти. 9-апрелде түнкүсүн Баткен, Жалал-Абад облустарынын айрым райондорунда жамгыр жаайт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Түштүк-батыштан жел согуп турат. Абанын температурасы: Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12...17... Читать дальше...
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 8-апрелде "Азаттыкка" курган маегинде Кумтөрдөн түшкөн кирише башка кендерди иштетүүгө жумшаларын, арасында Жетим-Тоо темир кени да бар экенин билдирди. Учурда буга байланыштуу Кыргызстанга чет өлкөдөн адистер келгенин маалымдады. "Жетим-Тоо эки миллиард долларга чейин киреше берчү кен. Биз чийки затты сатпай, метал чыгарган завод да куралы деп жатабыз. Теңгиз Бөлтүрүктүн чакыруусу менен чет өлкөдөн 15-20 жакын адис келди, алар бизнес долбоорлорду даярдап жатат", -деди Жапаров. Читать дальше...
Жогорку Кеңеш мамлекеттик сатып алуулардын ыкмаларын өзгөрткөн мыйзам долбоорун кабыл алды. Өкмөт мамлекеттик же муниципалдык ишканаларга бир булактан сатып алууга жол берип, тендер өткөрүүдөн бошото турган болду. Жөнөкөйлөшкөн эрежелер Жогорку Кеңеш "Мамлекеттик сатып алуулар тууралуу" мыйзамга он экинчи жолу өзгөртүүлөрдү киргизип, анын жаңы редакциясында мамлекеттик сатып алуулардын жаңы тартиби менен ыкмалары боюнча ченемдерди бекитти. Ага ылайык, ыкчам жана сапаттуу алды-сатты жүргүзүү үчүн эрежелер жөнөкөйлөштүрүлдү. Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров 8-апрелде Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефондон сүйлөштү. Президенттин басма сөз кызматы анда эки тараптуу кызматташуу, аймактагы маселелер талкууланганын билдирди. "Садыр Жапаров Баткенде эки орто мектепти куруу, ошондой эле Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театрын реконструкциялоо маселесин чечкени үчүн өзбек тарапка ыраазычылык билдирди. Ошондой эле, Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга пландалган иш сапары эки мамлекеттин... Читать дальше...
Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысынын жарандык коопсуздук, демократия жана адам укуктары боюнча жардамчысы Узра Зея менен майыптардын эл аралык укуктары боюнча атайын кеңешчиси Сара Минкара 11-16-апрель күндөрү Казакстан менен Кыргызстанда болот. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги билдирди. "Узра Зея Бишкекте эки тараптуу жана глобалдык маселелер боюнча кызматташууну бекемдөө, демократиялык институттардын маанилүүлүгүн талкуулоо үчүн жогорку бийлик өкүлдөрү менен жолугат. Ал ошондой... Читать дальше...
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев ден соолугуна байланыштуу соттук отурумдарга катыша албай турганын айтып, аны сот залына алып келбөөнү талап кылды. 8-апрелде 2020-жылдагы Октябрь окуялары боюнча кылмыш ишин караган соттук жараян учурунда үч грыжасы бар экенин, отура албай турганын айтып айнек тосмону тепкиледи. "Мени судья сотко катыштырбайт деп ишенем, анда ушундай укук бар. Өмүр бою кескиле мени, бирок мени кыйнап, шылдыңдоону токтоткула", - деди Атамбаев. Мындан кийин аны сот залынан алып кетишти. Читать дальше...
Бишкектин Биринчи май райондук сотунун алдында 8-апрелде Октябрь окуяларында жабаркагандар, жарадар болгондор жана алардын жакындары митингге чыгышты. Алар ошол кездеги президент Сооробай Жээнбековду, Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Орозбек Опумбаевди жана ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин жоопко тартылышын талап кылышты. Буга байланыштуу Башкы прокуратурага кайрылып, жооп ала албай жатканын айтышты. Мындай дооматка башкы көзөмөлдөөчү орган азырынча комментарий бере элек. Нааразылык... Читать дальше...
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 8-апрелден 10-апрелге чейин температуранын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында суу кириши мүмкүн экенин билдирди. Министрлик тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү коркунучун эскертти. Абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун айрым участокторунда (Төө-Ашуу, (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун Долон ашуусу... Читать дальше...
Мас абалында "Субару Форестер" үлгүсүндөгү автоунаасын айдап баратып жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен айдоочу кармалып, убактылуу тергөө абагына камалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде Бишкек милициясы кабарлады. Окуя 7-апрелде эртең менен болгон. Айдоочу бир нече жолу жол эрежесин бузуп, качып бараткан учурда Киев жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинен 26 жаштагы кызды сүзүп кеткен. Кыз оор абалда ооруканага жеткирилип, алган жараатынан улам каза болгон. Айдоочуну текшерүү учурунда Бишкек шаарынын... Читать дальше...
Башкы прокуратура электр энергиясына болгон дебитордук карыздын мыйзамсыз жоюлганына байланыштуу "Жалалабатэлектронун" жооптуу кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду. Башкы көзөмөлдөөчү орган 2015-2021-жылдар аралыгында аталган ишкана жалпы көлөмү 114 миллион сомго жакын карызды негизсиз жойгонун билдирди. "Бул кылмышка шек саналып ишкананын мурдагы жетекчиси М.К.А Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө абагына киргизилди. Тергеп-иликтөө уланып жатат", деп айтылат маалыматта. Бул... Читать дальше...
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 8-апрелге карата өлкөдө оору жуккандардын саны 200 969 адамга жетти. Коронавирустан 2991 бейтап каза болду. Өткөн аптанын аягында ооругандар жана көз жумгандар катталган эмес. Ушул тушта ооруканаларда 90дой адам жатат, алардын ичинен алты бейтаптын абалы өтө оор, дагы 29 бейтап орточо оор абалда. Үйлөрүндө 15 киши дарыланууда. Мунун алдында Казакстан коронавирус пандемиясынан улам 2020-жылдын март айынан бери жабык турган Кыргызстан менен чек арасын 11-апрелден тартып ачарын билдирген. Читать дальше...
Беларуста "Белсаттын" журналисти Екатерина Андреева мамлекетке чыккынчылык кылган (Кылмыш-жаза кодексинин 356-беренесинин 1-бөлүгү) деп айыпталып жатканын анын күйөөсү Игорь Ильяш Facebook баракчасына жазды. Журналист 2021-жылдын февраль айында Роман Бондаренконун элесине арналган тынчтык митингин эфирге чыгарганы үчүн эки жылга эркинен ажыратылган. Бул мөөнөттүн бүтөрүнө 5 ай калган. Иляштын айтымында, "мамлекетке чыккынчылык кылуу" беренеси менен ачылган иш боюнча тергөө аяктап, прокуратурага өткөрүлөт. Читать дальше...