Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев сот отурумдарын анын катышуусуз өткөрүүнү талап кылууда. Бирок, сот Атамбаевди мажбурлап алып келүү чечимин чыгарды. “Өмүр бою соттогула, бирок шылдыңдабагыла” Бир нече оор беренелер менен айыпталып жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев ден соолугуна байланыштуу соттук отурумдарга катыша албай турганын айтып, аны сот залына алып келбөөнү талап кылып жатат. Ал 8-апрелдеги сот отурумунда арка омурткасы ооруп, отура албай турганын айтып, айнек тосмону тепкилеп ачууланды. Читать дальше...
Бишкекте 26 жаштагы кызды сүзүп кеткен айдоочу камакка алынып, тергөө иштери жүрүүдө. Шаардын борбордук бөлүгүндөгү бул үрөй учурган кырсыктан кийин мас абалында машине айдагандарга жазаны күчөтүү демилгеси көтөрүлүп жатат. "Эки кесилиште тең кызылдан өтүп кетти..." Патрулдук милициянын кызматкери Аскат Абдиев өлүм менен коштолгон жол кырсыгынын алгачкы күбөсү. Анын айтымында, 7-апрелде эртең менен "Субару Форестердин" айдоочусу Чүй жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинен бир машинени сүзүп, андан... Читать дальше...
Пакистандын парламенти 9-апрелдеги жыйынында премьер-министр Имран Ханга ишеним көрсөтпөө маселесин караганы жатат. Буга Пакистандын Жогорку Сотунун Имран Хандын парламентти таратуу аракетине бөгөт койгон өкүмү себеп болду. 7-апрелде Жогорку Соттун беш судьясынын баары мыйзам чыгаруу органын таркатуу чечими Конституцияга каршы келерин белгилеп, парламенттин ыйгарым укуктарын кайра калыбына келтирген. Аны улай оппозициянын лидери, Пакистандын Мусулман Лигасы-Наваз (PML-N) партиясынын башчысы... Читать дальше...
7-апрелде Кыргызстандын элчиси Кубанычбек Өмүралиев Иерусалим шаарында Израилдин президенти Ицхак Герцогго ишеним грамотасын тапшырды. Герцог Твиттерге жазгандай, Өмүралиев соңку 20 жыл ичинде Израилге дайындалган биринчи кыргыз элчиси болуп калды. Кыргызстандын Түркиядагы элчиги маалымдагандай, элчи Өмүралиев президент Герцог менен жолугушуусунда эки өлкөнүн айыл чарба, туризм, билим берүү, илим сыяктуу бир катар тармактардагы кызматташтыгына өзгөчө маани берилерин билдирди. Ошондой эле туризм... Читать дальше...
Ипотека, насыя, кооператив жаштардын өз алдынча үй сатып алышына чоң мүмкүнчүлүкпү? Шылуундардын тузагына түшүп калбоо үчүн эмнелерди билүү керек? "Азаттык плюстун" бул чыгарылышында турак жайлуу болуунун бир канча жолдору талкууланды.
Бир ай мурда, тагыраагы 24-февралда президент Садыр Жапаров тажияда мал союуга тыюу салган жарлык чыгарган. Өлкө башчы анда чектөөлөр ашыкча чыгымга жол бербөө максатында ишке кире турганын түшүндүргөн эле. Бул жарлык элетте кандай иштеп жатканын апамдан айрылганда өз көзүм менен көрдүм. Ооруканада үзүлгөн өмүр Узакка созулган операциядан кийин жандандыруу бөлүмүнө которулган апам эсине келбей жашоо менен кош айтышты. Апамдын акка моюн сунганын ошол жерде иштеген дарыгерден уктук. “Кайрат кылгыла” деди башын жерге салып. Читать дальше...
Ошто 7-апрель - Элдик революция күнү эскерилбеди деп 30га жакын адам нааразылыкка чыкты. Алар облустук администрация менен шаардык мэрия жайгашкан имараттын алдына чогулушту. Президенттин Ош обулусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат башчысы Мурадил Тешебаев 7-апрель окуясы үчүн облустук казынадан 50 миң сом бөлүнгөнүн билдирип, бирок расмий иш-чара эмнеге өтпөй калганынын чоо-жайын түшүндүргөн жок. Ош мэриясынын өкүлү Максуда Айдарбекова иш-чара уюштурууга мэр тарабынан тапшырма болбогонун билдирди. Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров 8-апрелде Муса Жаманбаевди Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси кызматына дайындады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Жаманбаев буга чейин президенттик администрациянын Протокол кызматынын жетекчиси болгон. Буга чейинки элчи Ибрагим Жунусов былтыр жыл аягында кызматтан бошотулган. Ал элчи болуп 2018-жылдан тарта иштеп жаткан жана соңку парламенттик шайлоого "Азаттык" партиясынын тизмеси менен катышкан. Ошол маалда Жунусовдун ордуна Фархат Иминов сунушталып... Читать дальше...
Бүгүн, 8-апрелде Бишкектеги Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) айрым кызматкерлери аларды башка, ыңгайсыз, тар жайларга көчүрүп жатканын айтып нааразылык акциясына чыгышты. Алардын билдиришинче, энергетика тармагындагы жетекчилер бошогон кеңсени менчик майнинг-фермага бергени жатат. Бул акцияга байланыштуу "Электр станциялары" ишканасы түшүндүрмө берип, ЖЭБдин кеңсеси майнинг-фирмага берилет деген сөздөрдү четке какты. Ишкана тараткан маалыматта чыгымдарды оптималдаштыруу жараянынын алкагында... Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы (УКМК) маңзаттарды сатууга мажбурлаган Талас шаардык милициясынын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы кызматынын улук тергөөчүсү, милициянын капитаны кармалганын билдирди. Маалыматка караганда, милиция кызматкери шаарынын тургунун баңги зат сатууга мажбурлап, баш тарта турган болсо кылмыш жоопкерчилигине тартарын айтып коркуткан. Факты Кылмыш-жаза кодексинин "Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун... Читать дальше...
Ысык-Көл облусунун аймагына күн электр станциясын куруу пландалууда. 8-апрелдеги расмий кабарга ылайык, 260 МВт күн электр станциясын жана ГЭС куруу үчүн Министрлер кабинети менен "EcoEner" испан энергетикалык компаниясынын ортосундагы меморандумга кол коюлду. Ошондой эле 1000 мВт күн электр станциясын куруу боюнча "China Power International Development Limited (CPID)" жана "China Railway 20 Bureau Group Corporation (CR20G)" кытай энергетика консорциуму менен да инвестициялык келишимге кол коюлду. Читать дальше...
2012-жылы кыргыз-өзбек чек арасында окко учкан Кадырбек Абдрасул уулунун жакындары мамлекеттен жардам берилбей жатканына нааразы болуп, "Укугум бар" программасына кайрылды. Чек ара кызматы акчалай көмөк көрсөтүлгөнүн, жергиликтүү кызматкерлер азыркыга чейин каралашып турганын айтууда. Кадырбек Абдрасул уулу 2012-жылы 17-июлда Ала-Бука районундагы чек арада келишимдик негизде иштеп жатып, ок атышуудан курман болгон. "Уулун жоготкондон кийин катуу ооруп калды" Жыйырма жаштагы жоокердин окко учканын жакындары телевизордогу жаңылыктардан угуп... Читать дальше...
Жогорку Кеңештеги "Ата-Журт-Кыргызстан" фракциясынан депутат Фархат Исмаилов анын диплому жасалма экенин жокко чыгарды. Ал "Азаттыкка" комментарий берип жатып "алар адашты го дейм, меники баары жайында. Мен өзүм түшүнбөй жатам. Бул жерде баары жайында", -деп айтты. Мунун алдында Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) эки депутаттын диплому жасалма экени тууралуу материалдарды бергенин билдирди. Анда "Ата-Журт - Кыргызстан" фракциясынан депутат Фархат Исмаилов менен... Читать дальше...
Британия орус президенти Владимир Путиндин кыздары Мария Воронцова менен Екатерина Тихонованы санкциялык тизмеге кошту. Расмий Лондондун 8-апрелде жарыялаган чечимине ылайык, Путиндин кыздарын Британияда кандайдыр бир мүлкү болсо, алар камакка алынат. Президенттин кыздары менен кошо Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун кызы Екатерина Винокурова да британ тараптын "кара тизмесине" киргизилди. 6-апрелде Кошмо Штаттар да Орусиянын бул үч жаранына санкция салган. "Биздин мурда болуп... Читать дальше...
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) эки депутаттын диплому жасалма экени тууралуу материалдарды бергенин билдирди. Анда "Ата-Журт - Кыргызстан" фракциясынан депутат Фархат Исмаилов менен "Альянстын" депутаты Фарходбек Алимжановдун жогорку билими тууралуу документтери жасалма болуп чыкканы айтылат. БШК атайын кызмат жөнөткөн материалдарды тиешелүү мекеме-органдар менен чогуу карап чыккандан кийин мыйзамга жараша чечим кабыл алынарын кабарлады. Жогорку Кеңештин сайтындагы маалыматка ылайык... Читать дальше...
Нарында 46 жаштагы эркекке сексуалдык зомбулук көрсөткөндөр жазаланбай жатат деп жабырлануучунун жакындары нааразы болуп жатышат. Алардын айтымында окуя болгондон беш айга жакын убакыт өтсө да милиция жыйынтык чыгара элек. "Былтыр, 16-ноябрда кечинде төрт кошунабыз келип, агамды сыртка чакырып кетишкен. Алар байкеме сексуалдык зомбулук көрсөткөн экен. Милицияга арыз жазганбыз. Бирок күнөөлүүлөр жазаланбай жатат", - дейт жабырлануучунун атын атагысы келбеген жакыны. Нарын облустук милициясынын басма сөз кызматынын билдиришинче... Читать дальше...
Прокуратуранын сунушу менен Чүйдүн Москва районундагы Предтеченка айыл өкмөтүнүн башчысы кызматынан алынды. Башкы прокуратуранын 8-апрелдеги маалыматына караганда, райондук прокуратура аталган айыл өкмөттө жер мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышын текшергенде, муниципалдык жер участокторун жеке менчикке тооруксуз (аукционсуз) сатып жибергендиги аныкталган. Ага айыл өкмөт башчынын тиешеси бар экени айтылып, акимчиликке аны ээлеген кызматынан бошотуу сунушу киргизилген. Райондук администрация бул сунуш менен айыл өкмөт башчыны иштен алган. Читать дальше...
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Талас облусундагы "Атлах" мамлекеттик тарыхый-маданий жана мемориалдык комплексин куруу үчүн долбоорду тандады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымдады. Сегиз долбоордун ичинен сынактык комиссиянын чечими менен, АСМАТ студиясы жеңүүчү болуп табылган. Долбоорду архитекторлор М. Абдылдаев, К.Турдакунов жана К.Бекбосун ишке ашырмай болду. Жеңүүчүлөргө министрлик тарабынан жүз миң сом ыйгарылат. 2021-жылы 27-майда Талас облусунун... Читать дальше...
Бишкектин Биринчи май райондук соту 8-апрелде Октябрь окуяларына байланыштуу ишти карады. Түшкө чейинки жараянда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев саламаттыгынан улам сот отурумдарына катыша албасын айтып, аны сот залына алып келбөөнү талап кылып, айнек тосмону тепкиледи. Мындан улам аны сот залынан алып кетишти. Сот отурумунун түштөн кийинки бөлүгүндө мамлекеттик айыптоочулар процесс кылмышка шектүүлөрдүн катышуусу менен өтүшү керектигин айтып, өтүнүч келтиришти. Натыйжада судья Атамбаевди мажбурлап алып келүү тууралуу чечим чыгарды. Читать дальше...
Үй салуу үчүн жер тилкесин алууга сегиз жылдан бери кезек күткөн Оштун тургуну. Соттордун ишине канааттанбаган юрист. Үйдүн түмөн түйшүгүн тарткан келиндерге жөлөк пул чегерилишин каалаган ардагер. Дагы башка сунуш-пикирлер “Эл үнү” берүүсүнүн кезектеги чыгарылышында. "Апам экөөбүз батирден-батирге көчүп..." Сегиз жылдан бери үй салуу үчүн жер тилкесин алууга кезекте турган Ош шаарынын тургуну Муратбек Төлөнбаев кайрылды. Ал оорукчан апасы экөө батирден батирге көчүп, тиричилик кылып жүргөнүн айтып берди. Читать дальше...
Казакстандын Өскемен шаарында январь айындагы ири нааразылыктан кийин кармалган 16 киши абакта ачкачылык жарыялады. Адвокаттардын айтымында, алар тергөө амалдарынын кечеңдешине жана өздөрүн камакта кармоо мөөнөтүнүн дагы бир айга узарышына нааразы болуп жатышат. "16 жаран 6-апрелден бери тамактан баш тартып жатышат. Алар жапырт башаламандыктарга катышты деген шек менен кармалган. Алар түзөтүү мекемеси аркылуу Чыгыш Казакстан облусунун прокуроруна арыз жолдошту", - деп билдирди адвокат Анара Кусаинова. Читать дальше...
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Башкы прокуратура саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев тууралуу өкмөткө эки жолу кайрылганын билдирди. Ал "Азаттыктын" суроосуна жооп берип жатып, министрге жакын арада чара көрүлөрүн маалымдады. "Ар бир атуул, ошонун ичинде өкмөткө жумушка кирген адам, министрлер кынтыксыз иштеши керек. Адам баласынын аброюна шек келтирбеши керек. Биз, мен дагы, президент дагы ал кишиден (Бейшеналиев - ред) "улуу киши экенсиз, жүрүм-турумуңузду оңдоп... Читать дальше...
Кыргызстан 12 жылдык билим берүүгө 2023-жылы өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу 8-апрелде билим берүү жана илим министрдин орун басары Надира Жусупбекова маалымат жыйынында билдирди. Анын алдында министрлик түшүндүрмө таратып, жаңы ыкма бардык зарыл окуу материалдары иштелип чыккандан кийин жүзөгө ашырыла турганын маалымдаган. 8-апрелде таратылган расмий билдирүүгө ылайык, мектептер 12 жылдык окутууга өткөндө, балдар 6 жашынан 1-класска барат, ал эми бала бакчалар жеткинчектерди азыркыдай үч жаштан эмес, эки жашынан кабыл алат. Читать дальше...
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ачык иштөө, жарандык коомдун сунушу угуу тууралуу "Азаттыктын" суроосуна жооп берди. Анда президент баш болуп социалдык тармактардагы суроо-талап, дооматтарга көңүл буруп жатканын айтты. "Мен түн ичинде келген билдирүүлөрдөн улам ойгоном. Анткени президент, Садыр Нуркожоевич социалдык тармактардын баарын карап турат. Биздин өкмөт азыр ушунчалык ылдамдык менен иштеп жатат. Кайсы социалдык тармакта эмне чыкпасын, биз баарына, коомдук пикирдин баарына жооп бергенге аракет кылып жатабыз. Читать дальше...
27-марттан бери Улуттук кыргыз драма театрында белгилүү драматург Жалил Садыковдун “Манастын уулу Семетей” драмасынын негизинде даярдалган “Төлгө” спектакли көрсөтүлүүдө. Жалил Садыковдун 40-ирет сахнага чыгарылып жаткан драмасынын жаңы өңүттөрү тууралуу спектаклдин режиссеру, театрдын көркөм жетекчиси, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Назым Мендебаиров сыябан-маек курду.