Саламаттык сактоо министринин орун басары Жапаркул Ташиев Кыргызстанда “кызыл зонада” иштеген медициналык кызматкерлерге төлөнгөн кенемте тууралуу маалымат берди. Анын сөзүнө караганда, 2020-жылы коронавирус жуккан 925 дарыгерге 200 миң сомдон баш-аягы 185 миллион сом каражат төлөндү. Андан тышкары вирус жугуп каза болгон 32 кишинин жакындарына бир миллион сомдон берилди. 2021-жылы 289 миллион кенемте төлөндү. Бул тууралуу ал 14-мартта парламенттин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында айтты. Читать дальше...
Экстремисттик жана террористтик мүнөздөгү видео материалдарды жайылткан деген шек менен 27 жаштагы Ош шаарынын тургуну кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдирди. Маалыматка ылайык, Р.Ж аттуу шектүү өзүнүн YouТube каналына экстремисттик, террористтик мазмундагы видеоматериалдарды жүктөп турган. Алгачкы иликтөө учурунда анын агасы жана карындашы Сирияда жүргөнү белгилүү болгон. Учурда бул факт боюнча Жазык кодексинин 332-беренеси (экстремисттик... Читать дальше...
Бишкектин Биринчи май райондук соту Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында 11-марттан 11-апрелге чейин митинг, акцияларды өткөрүүгө тыюу салуу боюнча райондук ички иштер бөлүмүнүн чечимин мыйзамдуу деп тапты. Ошондой эле Ала-Тоо аянтында, Жогорку Кеңештин жана президенттик администрациянын имаратынын алдында да акцияларды өткөрүүгө убактылуу тыюу салынды. Мындай иш-чараларды Бишкектин Максим Горький атындагы скверде уюштурса болот. Орусия 24-февралда Украинада согуш баштагандан кийин... Читать дальше...
Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев Анталия шаарындагы эл аралык форумга учуп барган учак кайра Казакстанга кайта элек. Бул тууралуу Аба каттамдарынын кыймылын көзөмөлдөө кызматы билдирди. Radarbox веб-сайтынын маалыматына ылайык, Казакстандагы "борт №1" деген ат менен белгилүү Airbus 330-243 учагынын соңку конгон жери Анталия шаары болгон. Түркиянын бул шаарынын эл аралык аэропортуна аталган учак дээрлик беш күн мурда келип конгон. Анталиядагы дипломатиялык форум 11-мартта башталып... Читать дальше...
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жалал-Абаддагы Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борборунун башчысы, профессор Калдарбек Абдрамановду кызматтан алганын "Азаттыкка" ырастады. Министрдин айтымында, Абдраманов каржылык мыйзам бузууларга байланыштуу иштен алынды. Борборго жаңы жетекчи дайындала турганын кошумчалады. Кардиолог, профессор буга чейин министр баштаган реформаларга баасын берип, "азыркы кадамдарды системалуу эмес, локалдуу реформа деп атаса" боло турганын айткан. Читать дальше...
Польшанын Украина менен чектеш Перемышл шаары согуштан качкан украиналык качкындарга толгон.
Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев өткөн апта соңундагы Анталия дипломатиялык саммитинин алкагында Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель менен жолукту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынын кабарлашты. Жолугушуу жүрүшүндө Кыргызстан менен Евробиримдиктин кызматташтыгы боюнча сүйлөшүүлөр болгон. Мындан сырткары эки тарап эл аралык күн тартиптеги башкы маселе - Украинадагы кырдаал боюнча да пикир алмашты. Анда... Читать дальше...
Киевдин түндүгүндөгү Оболон районунда, жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, тогуз кабат турак жай артиллериялык аткылоого алынды. Анын натыйжасында, кеминде эки адам өлүп, жараат алгандар бар экени кабарланды. Көп кабаттуу үйдүн ылдыйкы кабаттары дагы жарым-жартылай талкаланган. Житомир облусундагы айылдарын биринде аба соккуларынан бир нече турак жай талкаланганы кабарланууда. Ровно шаарында орусиялык аскердик учактын бомбалоосунан телемунара кыйрады. Донецк облусунун түштүгүндө, анын... Читать дальше...
Орус-украин согушунда карапайым эл башынан өткөрүп жаткан азап-тозокту көрүп жатып, тээ токсонунчу жылдардагы Тажикстандагы жарандык уруш эсиме түштү. Үй-жайынан, мал-мүлкүнөн кечип, эптеп жаным аман калса экен деп Жерге-Талга жөө-жалаңдан качып келген элдин абалы киши ыйлагыдай аянычтуу эле. Алардын арып-азган, коркуп-үрккөн, жүдөгөн түрүн көрүп, согуштун чыныгы жүзү ушундай болот турбайбы деген болчумун үрөйүм учуп. Калың эл кор болгондо... Айрым эркектер аба-ырайынын суугуна, жаан-чачынга карабай... Читать дальше...
Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 14-15-март күндөрү Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Мындай туруксуз аба-ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 4…9; Талас жергесинде түнкүсүн 1…6, күндүз 3…8; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 5…10, күндүз 6…11; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4... Читать дальше...
Казакстан Украинага гуманитардык жардам катары 28 тонна дары-дармек жөнөттү. Бул Украинага Казакстандын өкмөтү расмий түрдө жиберген биринчи гуманитардык жардам. Буга чейин Казакстандагы коомдук уюмдар, ыктыярчылар жана жеке демилгелүү жарандар украин элчилиги аркылуу Киевге гуманитардык жардам жибере баштаган. Алматы эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдиргендей, гуманитардык жардам жүктөлгөн учак 14-март күнү эртең менен Украинага учуп кетти. Гуманитардык жардамдын жалпы салмагы 28,2 тоннаны түзөт. Читать дальше...
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Эрнст Акрамов жетектеген Чүй облустук ооруканасындагы калыбына келтирүүчү хирургия илимий институту жабылганын "Азаттыкка" ырастады. Ал институт толугу менен жабылганын, аны жетектеп келген 85 жаштагы Акрамов кызматтан алынганын, мекемеге жаңы башкы дарыгер дайындалганын билдирди. Министр Тез жардам ооруканасындагы (мурдагы Травматология жана ортопедия илимий борбору - ред.) травматология бөлүмү жабылып, 350 орундуу жаңы бөлүм Улуттук госпиталда ачыла турганын билдирди. Читать дальше...
Жашообуздагы эң маанилүү окуялардын 80% 20-30 жаш аралыгында болорун билчү белеңиз? Дал ушундай пикирин клиникалык психолог Мэг Жей "Маанилүү жылдар" китебинде айтат. Жаштар бул куракта эмнелерди эске алышы керек, жеке капиталды кандай жөндөмдөр менен чогултуп, жеке жашоосунда өнөктөш тандоодо эмнелерге көңүл бурушу зарыл? Эмне үчүн 20 жаштан 30 жашка чейинки аралык эң маанилүү жылдар болушу мүмкүн? "Ачык Time" подкастында ушул суроолорду талкуулайбыз.
Жез тыйындарды жергиликтүү тургундар Сурхандарыя облусунун Сариоси районунун аймагынан агып өткөн Топаланг дарыясынын жээгинен табышты. Бул уникалдуу табылга калк арасында жана жергиликтүү басма сөздө "Улугбектин казынасы" деп аталат. Маданий мурастар агенттигинин, Өзбекстандын мамлекеттик искусство музейинин жана Термез археологиялык музейинин өкүлдөрү жергиликтүү элден 512 даана жез тыйынды сатып алып, музейдин фондуна өткөрүп беришти. Прокуратура өкүлдөрү биргелешкен изилдөөнүн жүрүшүндө... Читать дальше...
Ысык-Көл облустук прокуратурасы “Чыгышэлектр” ишканасынын Ысык-Көл райондук электр тармагынын кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Алар райондун аймагындагы абоненттерге эсептегичтерди орнотпой, электр энергия берүүчү тутумдарга мыйзамсыз кошкон деп шек саналып жатат. Карызы көп тургундардан акчаны өндүрбөй, аларга жаңы эсептегичтерди орнотуп беришкени аныкталганы кабарланды. Мындай мыйзамсыз иштерден мамлекетке 2 млн. 547 миң сом зыян келген. Читать дальше...
Чечен Республикасынын башчысы Разман Кадыров Телеграм-каналына Украинадагы согуш жүрүп жаткан аймакка келип, Киевге жакын жерде экенин жазып чыкты. "Киевдин бир тарабынан биз кирип баратабыз, экинчи жагынан менин урматтуу агам Адам Делимханов баштаган эки жолку аскердик өнөктүктү басып өткөн тажрыйбалуу жоокерлер күжүрмөн жөндөмүн жана духун кайра-кайра көрсөтүп келе жатышат", - деп жазды Кадыров. Анын Украинада жүргөнү тууралуу бир күн мурда тараган тасма Гостомелде тартылган. "Видеодо биз Гостомелде турабыз. Читать дальше...
Орусиянын бийлиги Кытайдан Украинадагы аскерий операцияларды колдоо үчүн аскердик техника берүүнү суранганы белгилүү болду. Бул тууралуу Financial Times, The New York Times жана The Washington Post гезиттери америкалык аткаминерлерге шилтеме берип, жазып чыгышты. Алардын айтымында, Москва Украинага чабуулдарын баштагандан бери эле Бээжинден улам заманбап аскердик техника жана башка жардамдарды сурап келет. Financial Times басылмасынын маалыматына караганда, үчүнчү жумага караган согушта Орусиянын кээ бир куралдарынын жетишсиздиги байкалып... Читать дальше...
Орусиянын “Аэрофлот” авиакомпаниясы 14-марттан тарта Кыргызстанга каттамдарын жандантты. Москва (Шереметьево) – Бишкек багыты боюнча каттам “Манас” аэропортуна бүгүн саат 16:10до учуп келет. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кабарлады. “Аэрофлот” 8-марттан баштап эл аралык каттамдарынын баарын убактылуу токтоткон. Орусия 24-февралда Украинада согуш баштагандан кийин бир катар өлкөлөрдүн, эл аралык уюмдардын санкцияларына жана чектөөлөрүнө кабылды. Ушундан улам билеттин баасы кымбаттап... Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин дипломун жана жарандыгын тактоо иштери уланып жатканын билдирди. Мекеменин бүгүн, 14-марттагы маалыматына караганда, учурда Жогорку Кеңештин төрт депутаты, ЖК аппаратынын бир кызматкери, шаардык кеңештин үч депутаты, эки судья жасалма дипломго шек саналууда. Шек саналгандардын арасында: Эсеп палатасынын бир аудитору, Ички иштер органдарынын 10 кызматкери, УКМК Чек ара кызматынын бир кызматкери... Читать дальше...
Равшанбек Сабиров Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп дайындалганына байланыштуу депутаттык ыйгарым укуктары токтотулду. Мындай чечим 14-мартта Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жыйынында кабыл алынды. Ушул эле күнү Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров аны агенттиктин жамаатына тааныштырды. Жапаров анда Кыргызстанга чет элдик түз инвестициянын агымы дээрлик 30%га көбөйгөнүн айтты. Жаңы түзүлгөн президентке караштуу Инвестициялар боюнча агенттикке улуттук деген макам берилди. Читать дальше...
Дүйнө жүзү боюнча кеңири тараган үстөл үстүндө ойнолчу оюндарды Адилет Аскаров кыргыз маданиятына ылайыкташтырып чыккан. Анын максаты оюндар аркылуу балдарды билим алууга кызыктырып, патриоттуулук сезимин күчөткүсү келет.
Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети укук бузуулардын жана кылмыштардын алдын алуу, мектептеги рекетчиликти жок кылуу, алдын алуу маселесин талкуулап жатат. Жыйында ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов мектептеги рекетчилик кескин кыскарганын билдирди. Анын айтымында, 2021-жылы 19, 2020-жылы 21, 2018-жылы 106, 2015-жылы 146 учур катталган. Өткөн жылы катталган учурлардын 18и мектеп ичинде болгон. Үч факты сотко өткөн. Комитет жыйынында билим берүү жана илим министринин... Читать дальше...
Кыргызстанда аялдар үй жумуштарына эркектерге караганда үч эсе көп убакыт сарптайт. Үй кожойкелеринин көрүнбөгөн эмгеги жана "үйдө отуруу" деген сөздүн артындагы мээнет тууралуу "Эже-сиңдилер" кеп салды.
Министрлер кабинети "Кыргыз Петролеум Компани" жабык акционердик коомуна тогуз гектер жер тилкесин 49 жылга акысыз пайдаланууга берүү мүмкүндүгү тууралуу түшүндүрмө берди. Буга тийиштүү токтомдун долбоору өкмөттүн сайтына 10-мартта жарыяланган. Сөз Жалал-Абад шаарындагы жер тилкеси тууралуу болуп жатат. Президенттин 2021-жылдын 18-19-декабрында аталган облуска болгон жумушчу сапарынын жыйынтыгы боюнча атайын иш планы түзүлгөн. Өкмөттүн түшүндүрмөсүндө аталган жер участкасы мамлекеттин менчигиндеги... Читать дальше...
Украинанын аймагынан чыгып кеткен кыргызстандыктарга Европа өлкөлөрү өз мекенине кайтуу үчүн 15 күндүк "жашыл коридор" берди. Бул тууралуу Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды. "Европанын аймагында биздин жарандар үчүн 15 күндүк "жашыл коридор" берилген. Кимде-ким ал жакта мыйзамсыз калып калууну көздөп же мыйзамдаштыруу жолу аркылуу калууга аракетин көрүп жатса, жоопкерчилик өзүңөрдө экенин эскертебиз жана чет өлкөлөрдө мыйзамды сактоого чакырабыз", - деп жазды элчи. Читать дальше...