Жер көчкү коркунучунан улам Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Учкун айылынын тургундары убактылуу жайга көчүрүлгөн. Бирок Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тиккен чатырларды суу каптап, тургундар ал жайда убактылуу жашоо дагы мүмкүн эмес экенин билдиришти. Мындан улам учкундуктар айласыз кайрадан кооптуу аймактагы үйлөрүнө кайтууга мажбур болушууда.
Нарын шаарында кан тамырына туура эмес дары сайылган аял жандандыруу бөлүмүндө жатат. Окуя Нарын шаардык төрөт үйүндө болгон. Буга байланыштуу милиция кылмыш ишин козгоду. Нарын шаардык төрөт үйүндө башка дары сайылып, үч күндөн бери эсине келе албай жаткан 27 жаштагы келиндин абалы турукташып калды. Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын башкы дарыгери Чыңгыз Нарынбековдун “Азаттыкка” билдиришинче, келин кычкылтек аппаратынын жардамы менен дем алып жатат. Бейтаптын кан басымы бир калыпта эмес. Читать дальше...
Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылындагы орто мектептин 10-классынын окуучусу Адил Эмилбек уулу түтүн менен сүрөт тартат. Ал өзүнүн эмгектери менен элди экологияны сактап, жаратылышка аяр мамиле кылууга үндөйт.
Өлкөбүздө эмгек укуктарын билбегендиктен көптөгөн жарандар жабыр тартат. Иш берүүчү жана кызматкерлердин укуктары жана милдеттери кандай? Алардын сакталышына ким жоопкер? "Эже-сиңдилер" берүүсү ушул теманы талкуулайт.
Кыргызстандык талантуу үй-бүлө мүчөлөрүнөн түзүлгөн Salt peanuts аттуу жаз тобунун “Ата-бала” аталышындагы музыкалык альбому жарык көрдү. Топтун негиздөөчүсү Бакыт Кыдыкбаев жана анын уулдары Эркин, Кубан Кыдыкбаевдердин эмгеги "Грэмми" сыйлыгынын лауреаты, дүйнөдөгү легендарлуу жаз музыкасынын өкүлү Жон Линин АКШдагы студиясында жазылган. Чыгармачыл үй-бүлө учурда жаз музыкасын өлкөгө кеңири жайылтуу аракетин көрүп келет.
24-мартта Башкы прокуратуранын алдында түзүлгөн Ишкерлердин жана инвесторлордун укугун коргоо боюнча Консультативдик кеңештин алгачкы отуруму өттү. Анда Башкы прокурор Курманкул Зулушев мамлекет ишкерлерге карата жазалоочу мамиледен коргоочу мүнөзгө өтүшү зарыл экенин айтты. Бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү ишкерлерди кыйнап жаткан түпкүлүктүү көйгөйлөрдү ортого салып, өлкөнүн инвестициялык климатын жакшыртуу боюнча сунуштарын беришти. Консультативдик кеңештин катышуучулары ишкердикте кеңири кездешкен төрт маселени талкуулады. Читать дальше...